Байдын создуктуруусу зулум

2741
0

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

Байдын создуктуруусу зулум

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

أورد ابن ماجة رحمه الله تعالى أن النبي ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:” ‏ ‏مَطْلُ ‏ ‏الْغَنِيِّ ظُلْمٌ وَإِذَا ‏ ‏أُحِلْتَ ‏ ‏عَلَى ‏ ‏مَلِيءٍ ‏ ‏فَاتْبَعْهُ،

Ибн Маажа (Аллах Таала аны ырайымына алсын) риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “ Байдын (карызды төлөөнү) создуктуруусу зулум. Эгер сенин карызыңды төлөй ала турган адамга сенин карызыңды төлөө тапшырылса сен аны кабыл ал”.

وأورد رحمه الله تعالى أيضاً عن النبي ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ:” ‏لَيُّ ‏ ‏الْوَاجِدِ ‏ ‏يُحِلُّ عِرْضَهُ وَعُقُوبَتَهُ“.

Ал (Аллах Таала аны ырайымына алсын) дагы Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дан риваят кылган: “Карызды кечиктирген колунда бар адамдын абийири жана жазасы адал”.

Уламалар Пайгамбар (с.а.в)дын “Карызды кечиктирген колунда бар адамдын” деген сөзү  ага катуу сөз айтып намысына тийүүнү, ал эми анын жазасы – карызын төлөгөнгө  чейин камалуусун түшүндүрөт дешкен.

Ибн Аббас (радыяллаху анху): “Ага зулумдук кылгандарга дуба кылууга уруксат берилди жана анын дубасы: “ Оо, Кудайым, ага каршы мага жардам бер, андан менин акымды ал! Оо, Кудай, аны менен менин ортобузду ачык кыл”, – деген.

Имамдар Айша (радыяллаху анха)дан риваят кылган хадисте, уурулук кылган бир ууру үчүн дуба кылып жатканын угуп, Айша энебиз ага айтты: “(Андан уялба), Эгер ууру кылган адам мусулман болсо ага дуба кылууда жеңилчилик кылба. Ал эми каапыр болсо, анда тилиңди колдон жана кыйратууну тиле.

Учурда бардык акимдер биздин акыбызды жегендер, аларды ким камайт? Бизге зулум кылышты, алардан бизге ким өч алып берет? Биздин мал-мүлкүбүздү уурдады, аларды ким жазалайт? Акимдерди камап, алардан өч алуу, жазалоо, аларга карата Аллахтын өкүмүн ишке ашырып, үммөттүн жүрөгүнө шыпаа боло турган, Аллахтын жардамы менен  келе жаткан Халифалык мамлекетинин колунан келет. Ал эми, акимдерди жасаган кылмыштары жана кыянатчылыктары үчүн жазалоону каалаган ар бир адам Халифалык мамлекети аркылуу Аллахтын башкаруусун тикелөө үчүн аларды өзгөртүүнү жана түп тамырынан жок кылууну көздөгөн жакшылык кербенине кошулушу керек. Анан аларды шарияттын жоболоруна ылайык өзгөртүү үчүн талыкпай аракет кылуу менен бирге, алар үчүн дуба кылабыз. Мисалы: Оо, Аллахым, алардын санын бириндетип азайт, аларды бытыранды чачыранды кылып  жок кыл, эч кимисин артта калтырба. Оо Аллахым, алардын башкаруусун туруктуу кылба, алардын туусун жайылтып көтөрбө жана аларды адамдарга үлгү кылба. Оо Аллахым, бизге аларды өзүңө тездеткенге жардам бер. Анткени, Сен күчтүү өч алуучусуң.

Урматтуу бир туугандар Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин Аллахтын камкордугу, коргоосу жана коопсуздугу сиздер менен болсун. Силерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1445-х 28-Зул Каада.

2024-ж 5-Июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here