Кыргызстанда маалымат алууга чектөө киргизилди

217
0

Кыргызстанда маалымат алууга чектөө киргизилди

Кыргызстанда 2024-жылдын 18-апрелинен тарта “TikTok” социалдык тармагына кирүүгө бөгөт коюлду. Расмий түрдө мунун себеби катары жаш балдардын ден соолугуна келе турган зыяндын алдын алуу экени айтылды.

Бул өлкө бийлигинин “TikTok”ту жабуудагы алгачкы аракети эмес. Өткөн жылы август айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик өлкө ичинде “Tik Tok” тармагына тыюу салууну сунуштаган. Министрлик да УКМК учурда айтып жаткан шылтоолорду жүйө келтирип: «аталган тармактагы контенттер өспүрүмдөрдүн эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизүүдө», деген.

Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитет учурда “Tik Tok” тармагынын бөгөттөлүүсүнө «Жаш балдардын ден соолугуна, физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана ахлактык өнүгүүсүнө зыян жеткирүүнүн алдын алуу» боюнча мыйзамы сакталбаганы негиз болгонун билдирди. Расмий катта айтылышынча, “Tik Tok тармагында контенттерди системалуу түрдө иргеп алуу механизми жок. Айрыкча, жаш балдардын маалымат алуу майданына көзөмөл кылынбайт”.

Мына ушул катка негизделип, Санариптик өнүктүрүү министрлигине аталган социалдык тармакка 18-апрелге чейин бөгөт коюу боюнча тапшырма берилген. Ал эми, бөгөт коюу боюнча соттун чечими айтылган жок. О.э техникалык тарабына байланыштуу маселелер тууралуу түшүндүрмө берилген эмес.

Балдарга зыяндуу маалыматтарга чектөө киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр 2023-жылдын августунда кабыл алынган. Аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева демилгелеген. Ал мыйзамдын максаты – “жаш балдар жана өспүрүмдөр үчүн ахлактык, физикалык, психологиялык жана социалдык ден соолугун сактоо үчүн коопсуз маалымат алууну камсыздоо” экенин айткан. А бирок, «Медиа Полиси» институту аталган мыйзамды талдап көрүп буларга токтолгон: “Бул мыйзам жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө жана цензура коюуда бийликтин дагы бир рычагы болуп калат. Ал эми демилгечилердин балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо тууралуу айткандары популизмден башка нерсе эмес”.

Белгилүү болгондой, “Tik Tok” социалдык тармагы бүгүнкү күндө тездик менен өсүп жаткан интернет булагы болуп эсептелет. Анын алгоритми жана колдонуудагы жөнөкөйлүгү контентти аз убакытта миңдеген адам көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо маалыматтын тездик менен калкка таркап, коомдук пикирди өзгөртүүгө салым кошот. Мындай курал коомдун маанайын өзгөртүүдө, таасирин жаюуда оппозиционерлер же башка саясий күчтөр тарабынан бийликке каршы иштетилиши мүмкүн. Учурда эл аралык майданда да “Tik Tok”ко тыюу салуу аракеттерин эске алсак, мындай чектөөлөр менен Кытайдын таасиринин жайылышын алдын алуу көздөлүп жатканын байкоого болот.

Ал эми, Кыргызстандагы абалдын өзүн карай турган болсок, учурдагы бийлик авторитардык режимди орнотууда саясий атаандаштыкты жоюу үчүн күч менен админстративдик ресурстарын колдонууда. Өзгөчө, маалыматтык согушта атаандаштардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат. Бул жолдо салтка айланган Кремлдин көрсөтмөлөрүнө таянып жатат. Мында саясий элита өкүлдөрү жана ар кандай кландар бутага алынса да, негизги багыт Исламдын жайылуусуна бөгөт коюуну максат кылышууда. Анткени, Исламдын акыркы убакта кеңири жайылып жатышы, коомго тийгизген таасири идеологиялык жана саясий режимдин өзгөрүүсүнө алып келгендиктен, учурдагы режим үчүн негизги коркунуч болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, “Tik Tok” тармагынын жабылышы карапайым калк менен бирге, блогер, интернет аркылуу соода кылгандарды жана өндүрүшчүлөрдүн нааразылыгын күчөтүүдө. Түпкүлүгүндө, мындай чектөөлөр, айрыкча исламий маалыматтардын чектелиши өлкө бийлиги кабыл алган конституциялык мыйзамдарга каршы келет. Анткени, демократиялык мыйзамдар боюнча мамлекет жарандардын маалымат алуу эркиндигин кепилдеп бериши керек. Бийликтин бөгөт коюу аракети болсо өздөрү кабыл алган мыйзамдарга каршы келет. О.э саясий жана идеологиялык атаандаштык каршысында алсыз экендиктерин билдирет. Демек, учурдагы демократиялык системага карата калктын ишеними барган сайын жоголуп барууда. Бул болсо капитализм жар жакасына келип, кулоо астында турганынан кабар берет.

Хужжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here