Америка жана Европанын Украинага аскерий жардамдары

55
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка жана Европанын Украинага аскерий жардамдары

АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы 2024-жылы 20-апрелде Украинага 61 миллиард доллар көлөмүндө жардам көрсөтүлүшүн макулдады. Россия бир канча багыттарда чабуулдарды күчөтүп фронтто ийгиликтерге жетишкендиги Демократтар партиясы менен Республикачылар партиясынын келишүүсүн тездетти. Россия эки ай мурун Украинанын Авдеевка шаарын ээлеп алган. Жакында болсо Донецктен 30 км алыстыкта жайгашкан Новомихайловка айылын басып алды. Түштүк жана чыгыш фронтторунун кесилишинде жайгашкан Угледар шаарынан алыс болбогон бул айылды Россия эки айдан бери басып алууга аракет кылып келген эле. Ал Часов Ярдын түндүк-чыгышындагы Богдановкада да көзөмөл орнотту. Часов Яр Украинанын чыгышындагы бекем корголгон шаарларга көзөмөл орнотууга жол ачышы мүмкүн болгон бийик жердеги стратегиялык шаарча болуп эсептелет. Ошондуктан согушта Украинанын Россияга уттурушу жөнүндө эскертүүлөр башталды. Киев бул жаатта көптөгөн чакырыктарды жасады жана кабатыр билдирип, Россиянын чабуулдарын кайтаруу кыйындыгы жөнүндө арыздана баштады.

Бул жардамдар Американын Украинага гегемондук кылышына багытталган кредиттерден туруп, бул кредиттер Америка экономикасына пайда алып келет. Тагырак айтканда АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы тарабынан тастыкталган мыйзамга ылайык, бул жардамдын болжол менен 23 миллиарды АКШ арсеналдарын кайра тикелөө үчүн сарпталат. 11 миллиарды болсо АКШ куралдуу күчтөрүнүн региондогу аскерий опрерацияларын каржылоо үчүн иштетилет. 14 миллиарды Украина куралдуу күчтөрү үчүн курал жана аскерий техника сатып алууга сарпталат. Демек, 61 миллиард доллар абдан көп акча, бирок анын жарымынан көбүн америкалыктар өздөрүнө сарпташат. Ошол эле учурда Киев жардам пакети деп аталган каражаттын абдан аз бөлүгүн кредит түрүндө, тагырак айтканда убагында төлөбөсө пайызы менен төлөй турган сүткорлук түрүндө алат.

Бир изилдөөчү айткандай, «Украинага номиналду түрдө бөлүнгөн акчалардын дээрлик баары Американын экономикасында жана өнөр жайында калат. Америкадагы курал өндүргөн компаниялар Киевге аскерий жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунан пайда көрөт. Алардын баасы он миңдеген украиналыктарды геосаясий кыргынга жөнөтүү болот».

Ал эми украиналыктар аларды Америка өкүмдарлыгына туткун кыла турган бул карыздардан Украинанын Вашингтондогу элчиси Оксана Маркарова айткан ыктымалдар менен кутулууга үмүт кылышууда. Оксана Маркарова мындай дейт: «АКШ өкүлдөр палатасы тарабынан добушка коюлган документ долбоору 2024-жылы 15-ноябрдан кийин карыздын 50 пайызына чейинки бөлүгүн эсептен чыгарууну назарга алат. Ар кандай башка сумма да 2026-жылы 1-январдан кийин эсептен чыгарылышы мүмкүн. Дагы бир жакшы жагы бар, Америка тоңдурулган Россия активдерин Украинага өткөрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алышы да мүмкүн». Бирок эки ыктымал тең белгисиз. Андыктан, бул маселе Украина үчүн кооптуу боюнча калууда.

Эгер жардам деп аталган Европа кредиттерин да кошсок, Украина аман калбайт. Европа Союзунун жетекчилери 2024-жылы февраль айында Украинага 2024-2027-жылдар үчүн 50 миллиард евро көлөмүндө каражат бөлүүгө келишишти. Бөлүнө турган каражаттардын үчтөн эки бөлүгү аз пайыздуу кредиттер түрүндө болот. Каражаттардын 31 пайызы экономикалык, финансылык жана гуманитардык жардам, 27 пайызы аскерий жардам, 17 пайызы украиналык качкындар үчүн, болжол менен 5,9 пайызы кайрымдуулук жана кредиттер болот. Ошентип, Европанын жардамы өзү үчүн киреше болот. Европа Кеңешинин жетекчиси Шарль Мишель бул жөнүндө: «Европа Союзунун кызыкчылыгы, тынчтык жана туруктуулук үчүн капитал», – деп мүнөздөдү. Европа Союзунун жетекчиси Урсула фон дер Ляйен муну 2024-жылдагы «биринчи вазыйпа» деп эсептеди. Алар Украинаны Союз жана НАТО үчүн биринчи коргонуу сызыгы деп эсептешет. Украиналыктар алар үчүн согушуп, согушта набыт болууда, батыштыктар болсо тынч аман киреше көрүшүүдө.

Батыштагы жарандардын көпчүлүгү, өзгөчө, Германия калкынын 61 пайызы Украинадагы согуш кеңейип, алардын мамлекеттерине таасир кылышынан коркушууда. Ошондой эле, солчул жана Социалисттик партиялар 2024-жылы 15-апрелде өткөн жыйында согушту токтотууга жана Россия менен келишүүгө чакырышкан. Германия парламентиндеги Социал-Демократиялык партия блогунун жетекчиси Рольф Мутринич 2024-жылы 15-мартта «согушту токтотуу жана бүтүрүү үчүн аракет кылуу» идеясын сунуштады. Ал Германия канцлери Шольцтун Украинага алыска учкан Таурус ракеталарын берүүдөн баш тартуу чечимин коргоп, коалициянын башка мүчөлөрүнө, тагырак айтканда Украинага ушул ракеталарды жеткирүү зарылдыгын билдирген Жашылдар партиясы менен Либерал Демократиялык партияны сынга алды. Жашылдар партиясынын мүчөсү Германия тышкы иштер министри Алина Бербок бул идеяга жана парламенттин Украинаны ракеталар менен камсыздоодан баш тартканына каршылыгын билдирди. Ошондой эле, ал Христиан Демократиялык партиясынын жетекчиси Меретсти да сындады. Шольц ракеталардын берилиши Украинада немис аскерлери болушун талап кыларын жана бул туурасында сөз болушу да мүмкүн эместигин айтып, ракеталардын берилбестигин актады. Ушул ракеталар Россиянын ичиндеги буталарга, Москва жана Петербургга чейин жетет. Бул болсо жаңжалдын күчөшүнө алып келет.

Германияда Меретс жетектеген Жашылдар партиясы, Либерал Демократиялык партиясы жана Христиан Демократиялык партиясы Россияга каршы Американын саясатын ээрчүүнү колдойт. Белгилүү болгондой, Германия канцлери Шольц 2021-жылы Жашылдар жана Либералдар менен коалиция түзүүгө мажбур болгон. Россия 2022-жылы Украинага бастырып киргенде Шольц алар (Жашылдар жана Либералдар) менен бирге аракет кылууга мажбур болду. Анткени Путин текебердик кылганы жана ийкемдүү болбогону үчүн Германиядагы коомдук пикир Россияга каршы болуп калды. Шольц менен Россияга каршы согушка май тамызган Британия премьер-министри Сунак 2024-жылы 24-апрелде Берлинде «кандай гана болбосун» Украинаны колдоп-кубаттоого убада беришкенин тастыкташты.

Согушту күчөтүп, өрчүтүүгө аракет кылып жаткан Америка 2024-жылы 25-апрелде тышкы иштер министрлиги аркылуу алыска учкан «ATACMS» ракета системасын жашыруун жибергенин жарыялады. АКШ коргоо министри Остин 2024-жылы 26-апрелде мындай деди: «Путиндин ачык-айкын кол салуусу алдында Америка Украинаны колдоп-кубаттоодон таптакыр чегинбейт… Украина Путиндин бутуна куласа, Европа да анын көлөкөсүндө калат».

Россия Кремль басма сөз катчысы Песков аркылуу мындай жооп кылды: «Америка бул жаңжалга түздөн-түз аралашты жана өзүнүн курал-жарак системаларынын алкагын кеңейтүү жолун карманды. Бирок бул Украинадагы атайын операциянын натыйжасын таптакыр өзгөртпөйт». Россия тышкы иштер министри Лавров 2024-жылы 26-апрелде мындай деди: «Батышка көз каранды Украинанын келечеги көп жактан белгисиз. Тескерисинче, ал орус болгон жана орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү болууну каалаган, ошондой эле орус тилинде сүйлөөнү жана перзенттерин окутууну каалаган Украина болот. Бул жерде эч кандай альтернатива жөнүндө сүйлөөгө орун жок. Россия шайлоочуларды коркутуу үчүн Батыш айткандай НАТО мамлекеттерине чабуул кылууну каалабайт. Бирок эгер алар НАТО чегарасын биздин чегарабызга чейин кеңейтмекчи болушса, биз албетте Украинада буга кантип жол бербешибизди билебиз».

Эки тарап тең өз максаттарын жана позицияларын бекем карманышууда. Ошондуктан Украина кризиси созулуп, күчөйт жана согуш жакын арада токтобойт. Бул болсо, исламий региондо согуштарды чыгарышы жана ал жердеги кылмышкер режимдерди колдоп-кубатташы мүмкүн орустарды жана Батышты алдан тайдырат. Алар Газага каршы согушта яхудий вужудун толук колдоп-кубатташын жарыялашты. Аллах кудуреттүү, өч алуу ээси.

﴿وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّي بَعۡضَ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعۡضَۢا بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ﴾

«Ошондой эле кылып жүргөн күнөөлөрү себептүү залимдерди бири-бирине дос кылып коёбуз»

                                                                                                                                 [6:129]

Роя гезити, №493, 2024-жыл, 1-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here