Өкмөт светтин баасын кымбаттатуу токтомун кабыл алды

1334
0

Өкмөт светтин баасын кымбаттатуу токтомун кабыл алды

Министрлер кабинети 23-апрелде “Кыргызстандын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Токтом жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, светтин баасы 1-майдан тарта көтөрүлөт. Айына 700 кВт саатка чейин керектелген 1 кВт саат электр жарыгынын акысына 10,8 тыйын, андан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.
Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарыгын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн жылы электр энергиясынын баасы 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөп келишкен. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген. Өлкөдө электр энергиянын тарифи байма-бай кымбаттаган менен калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү деңгээлде берилбей келет. А түгүл, утуру менен светтин өчүрүлүүсүнө дуушар болуп келишет. Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда.

Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Белгилүү болгондой, расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыга албай жатышынын себеби тарифтин арзандыгы эмес, балким тармактагы жемкорлук жана капиталисттердин ар кандай алдоолору болуп эсептелет. Мындай коррупциялык аракеттер 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүнгөндөн кийин дагы да күчөгөн. Маселен, “Электр станциялар” ишканасы электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркын ар кандай алдоо жолу менен эсептейт да, айырманы тиешелүү чиновниктер сол чөнтөккө солошот. Экинчи тараптан капитализмдин табиятына ылайык, ГЭСтерди жеке менчик колуна карматуу үчүн, ишкананы банкрот кылуу максатында жыл сайын чыгашалар ашыра эсептелет. “Электр тармактар” акционердик коому ишканасы болсо өндүрүлгөн энергияны жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берүүдө пайданы өөнөп калат. Маселен, “табигый” жоготуу 5% дын айланасында деп эсептейт. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табигый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет.

Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табигый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Ал эми, жеке менчик компанияларда “табигый жоготуу” дээрлик болбойт. Анткени, алар энергияны сатып алгандыктан, мамлекеттик ишканалар сыяктуу «табигый жоготуу»ларга кызыктар эмес.

Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

Мындан тышкары, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып да акча жешет. Кайра кышкыга Казакстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт. Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Алардын шайлоо астындагы куру ураандары убактылуу гана алдоо экени ар сапар ачыкталса да, калк акыркы үмүт менен кийинки саткын саясатчыларга алданып калууда.

Ар бир келген президенттин электр энергиясынын тарифин кымбаттатууда дагы бир жүйөлүү себеби бар. Бул тармакка алынган үлкөн каражаттар жана алардын коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө иштетилиши. Кыргызстан 1992-жылдан ушул кезге чейин энергетика тармагына 2 млрд доллардан ашык каражат жумшаган. Алардын негизги бөлүгү чет элдик каржы уюмдарынан кредит, ссуда, грант катары алынган. Ар сапар кредит алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда тармакты «модернизациялоо» деген нерсе шылтоо катары айтылат. Бирок ушунча үлкөн көлөмдөгү кредиттерге карабастан өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда. Бул да электр энергия тармагы коррупциянын чордону экенин ырастап турат. Буга кошумча, ушул кредиттерди эл аралык каржы уюмдар өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

Түпкүлүгүндө, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Ушул Дүйнөлүк Банктын сунуштары негизинде өлкөбүздөгү мамлекеттик саналган электр энергия секторун жеке тараптарга өткөрүү башталган. Алар менчиктештирүү жана тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат.

Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда.

Электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш.

Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат. Кайрадан элди алдаган жетекчилерге үмүт артуу болсо бир ийинден чаянга эки жолу чактыруу болуп эсептелет. Бул болсо мусулмандарга жайиз эмес!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here