Тил маселеси кайрадан күндеминде

4102
0

Тил маселеси кайрадан күндеминде

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин парламенттеги тил маселеси боюнча пикиринен улам, социалдык тармактарда бул тема күндемине айланды. Шакиевдин айтымында, акыркы убакта балдардын тили орус, англис тилинде чыгып, жаңы төрөлгөн балдарга арабча ысым коюлуп жатат. Мындай абал сактала берсе, беш-он жылдан кийин мамлекеттик тилдин келечеги бүдөмүк болуп калат.

Шакиевдин билдирүүсүнөн көп өтпөй, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, бул төраганын жеке пикири экенин, өлкөдө орус тил мугалимдерине муктаждык бар экенин, англис тилдүү мектеп салам дегендерге да эшик ачыктыгын айтты.

Жапаров ымыркайларга арабча ысым коюу же койбоо ар кимдин жеке иши экенин, эң негизгиси жүрөгү, каны кыргыз деп соккону маанилүү экенин кошумчалады.

Тил маселесине байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да оюн айтып: “Кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу – адашкан пикир”, – деди.

Комментарий:

Жогорудан маалым болгондой, ЖК төрагасынын пикири популисттик негизде айтылган. Анткени, 2022-жылы ноябрь айында өткөн биринчи Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчалоо сунушу орус аткаминерлеринин катуу чабуулунун артынан токтогон эле.

Ал эми, Ташиев менен Жапаровдун пикири актануудан башка нерсе эмес. Тагыраагы, Орусиянын орой мамилесинен кооптонуп, актанышууда. Анткени, буга чейин мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алынган чакта орустун орой мамилесине кабылып, өлкө президенти бир катар актануучу пикирлери менен чыкканы маалым.

Булардан көрүнүп тургандай, Кыргызстан али Орусиянын сакафий таасиринен чыга элек. Чыгууга аракет кылуудан да коркот. Тескерисинче, башка кошуна республикалардан айырмаланып, орус тилине расмий тил макамын берген. Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттин сакафатын жаюуда алфавит жана тил маанилүү роль ойнойт. Мисалы, социалистик түзүм келген соң Борбор Азия мусулмандары миң жылдан ашуун убакыт пайдаланып келген араб алфавитин жокко чыгарып, өз сакафатын кириллица алфавити аркылуу жайып баштады. Баскынчы орус өкмөтү бул аркылуу “бир ок менен эки коён атты”. Биринчиден, араб алфавитин жокко чыгаруу менен региондогу мусулмандарды миңдеген жылдар бою үйрөнүп, өздөштүрүп келген Ислам сакафаты жана Ислам тарыхынан үзгөн болсо, экинчиден, жергиликтүү калк арасында “сабатсыздыкты жоюу” шылтоосу менен кудайсыз коммунисттик идеологияны жайды.

Бүгүнкү күндө капиталисттик түзүмдүн өкүлдөрү болгон Батыш мамлекеттери латын алфавитин колдонушат. Ошол себептен, алар үчүн бардык мамлекеттер ушул алфавиттен пайдаланышы өтө маанилүү. Алар ушул максатына жетүү үчүн “түрк элдер биримдиги” деген шылтоону пайдаланышат. О.э. билим берүү тармагына гранттарды ажыратуу аркылуу таасирин кеңейтип барат. Мисалы, Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагына 37,5 миллион евро бөлдү. Бул каражат өсүп келе жаткан жаш муунга батышча дүйнө карашты сиңирүү үчүн берилип жатканы сокурга да көрүнүп турат. Бул багыттагы “батышчыл” кадрлардын жана бейөкмөт уюмдардын аракети Шакиевдин демилгесин колдоосунан да ачык көрүнүп турат. Анткени, мамлекеттик тилди күчтөндүрүү орус сакофатынын өлкөдөн алысташын камсыздайт.

          Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, эл аралык саясат чыңалган учурда державалардын таасир талашуучу аймагына айланып барууда. Мунун каршысында өлкөдө жүздөгөн жылдар бою калыптанган Ислам сакофаты да жайылып барууда. Өлкөдөгү мусулмандардын өз ымыркайларына Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын жана сахабалардын атын кеңири коюп жатышы да мунун бир көрүнүшү. Андыктан, биз мусулмандар сырткы көрүнүш менен чектелбестен, өз динибизди жана Куран тилибизди үйрөнүүгө шашылышыбыз керек. Анткени, мусулмандар ушул тилди билүү менен өз диндерин тунук түшүнө алат жана жол көрсөтүүчү аалымдар өсүп чыгат. Ошондой эле, араб тили Ислам менен бириккен Исламий мамлекет тикеленгенде гана мусулмандар үстүбүздөгү колонизаторлордун басымы, зулумунан кутула алат. Андыктан, каапырлардын айла амалдарына каршы ушул жолдо мээнет кылуу зарыл!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here