Региондогу өлкө башчылардын Хоженттеги жолугушуусу

35
0

Региондогу өлкө башчылардын Хоженттеги жолугушуусу

Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Хожент декларациясына кол коюшту. Ошондой эле, мамлекеттер аралык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артышарын билдиришти.

Документке 31-мартта Тажикстандын Согдий облусунун административдик борбору – Хожентте өткөн үч мамлекет жетекчилеринин алгачкы саммитинде кол коюлду. Ошондой эле 2024-жылдын апрель айында кол коюлган Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы өнөктөштүк тууралуу келишим 31-мартта күчүнө кирди. Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда да дал ушундай келишим бар.

Садыр Жапаров билдирүүсүндө мамлекеттик чек араны бекемдөө саясий-укуктук процесс экенин, ошондой эле жакынчылык, туруктуулук, коопсуздук жана биргелешкен өнүгүүнү бекемдөө үчүн кадам экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды географиялык жайгашуусу гана эмес, жалпы тарыхы, руханий салттары жана, эң маанилүүсү, жалпы келечеги байланыштырып турганын айтты. Бирок, бул ынтымак, бул жалпы тарых жана руханий салттар түрдүү улуттар болгонуна карабастан, бир аймакта, бир идеологиянын – Исламдын көлөкөсү астында пайда болуп, кылымдар бою эриш аркак жашап келгендиги жөнүндө бир да сөз айтылган жок.

Союз ыдыргандан кийин орус бийлиги тарабынан чийилип берген чек араларда ондогон жылдар бою туруктуу түрдө жаңжалдар катталып, алар жергиликтүү согуштарга чейин айланып турган. Мындай жагдай өзгөчө Фергана өрөөнүндө, үч өлкөнүн жарандары жыш жайгашкан, араларын бир эле көчө бөлүп турган жерлерде көп байкалган. Ал эми өткөн жылдагы Баткен облусунда болуп өткөн окуялар чектеш аймактардагы көйгөйлөрдүн, эгер түтөп жаткан чок жалынга айланып кетсе өкүнүчтүү кесепеттерге, ички жана тышкы туруксуздукка, согушка алып келээрин анык көрсөттү.

Мындай жаңжалдар чагымчыл Орусия тарабынан даярдалып, аймактагы кайсыдыр бир өлкөгө басым көрсөтүү жана аймакты алсыратуу максатын көздөйт. Кремль өзүнүн таасирин күчөтүү үчүн, атайын кызматтарын колдонуп, аймакта улуттар аралык чагымчыл аракеттерди жасап, курал колдонуу менен абалды курчутуп турган. Мындай абал маселени саясий жол менен чечүүгө жол бербей келген. Региондо Орусиянын аскердик базаларынын жайгашуусу да бекеринен эмес. Мындай оор кырдаалдарда, жеке мүлккө, турак-жайларга жана адамдардын өлүмүнө байланыштуу кек алуунун тутануусу, аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн чоң сыноо болуп, алар элдин улутчул маанайынын бутасында калууга аргасыз болушкандыктан, дипломатиялык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик айрылышкан. Ушундай кырдаалда Орусия калыс болумуш болуп, көйгөйдү дипломатия аркылуу чечүүдө жападан-жалгыз жетекчи катары өзүн сунуштап, сүйлөшүү үчүн өз шарттарын ортого таштап келген. Албетте, Кремль абалды колдонуу менен өлкөлөрдүн жетекчилерине саясий, экономикалык жана аскерий таасирин күчөтүү үчүн түрдүү шарттар коюп турган.

Акыркы он жылда кыргыз-тажик чек арасында кеминде 150 жаңжал катталган, анда жүздөгөн адамдар жарадар болуп, ондогон жергиликтүү тургундар жана чек арачылар каза тапкан.

Акыйкатта, Халифалык мамлекетинин курамына кирген Түркстан аймагынын өлкөлөрү алгач Орусия падышачылыгы тарабынан басып алынган, андан соң Советтер Союзунун курамына кирип, жаңы чек аралар сызылып, жасалма  айырмачылыктар пайда кылынган. Бул аймак беш республикага бөлүнгөн жана аларды бөлүп турган чек аралар сызылган. Ошондой эле компартия мезгил-мезгили менен улуттар аралык карама-каршылыктарды жаратып, өзүнүн башкаруудагы рычагы катары пайдаланган. Кыскасы, Орусия чек-ара маселесин региондогу калктардын биригүүсүн алдын алуу үчүн жана аны бөлүп жарып, өз таасири астында кармап туруу үчүн колдонуп келген.

Союз ыдыргандан кийин Кремль чек ара маселесин жана улутчулдук факторун колдонууну улантып турду. Чек ара көйгөйүнүн назиктигин жана бул абалдын өтө кооптуу экенин түшүнгөн өлкө жетекчилери көптөн бери бул жагдайды чечүүгө аракет кылып келишкен. Ошондуктан Тажикстан жана Кыргызстан ортосундагы чек ара тууралуу келишим жана үч тараптуу макулдашуу аймак жетекчилеринин чечүүчү кадамы катары бааланууда. Анткени алардын пикиринде демаркациянын жоктугу калктар аралык жаңжалдарга себеп болуп келген.

Албетте, мындай формалдуу чечимдер – расмий деңгээлде чек араларды аныктап тактоо – конфликттерди жана талаш-тартыштарды түп тамырынан чечүү жана алдын алуу дегени эмес. Жергиликтүү тургундар үйлөрүнөн көчүп кетүүгө толук ыраазы болбойт. Күнүмдүк тиричиликке байланыштуу иштер, талаа жана сугат иштери, ошондой эле мал жаюу маселелери жаңы нааразычылыктарга жана көйгөйлөргө алып келиши ыктымал.

Хожентте өткөн сүйлөшүүлөрдө жана жетишилген келишимдерде мамлекет жетекчилеринин экинчи маанилүү пункту – Кремлдин кийлигишүүсү жок эле, мисалы, экономикалык маселелерди чечүү жөндөмдүүлүгү белгиленген. Бул жолугушуу аймак жетекчилеринин экономика, соода жана логистикадан тартып энергетика тармагына чейин кызматташуунун ар кандай түрлөрүн тыгыз өнүктүрсө болорун көрсөттү. Мында суроо туулат: мурун мындай кызматташууга эмне тоскоол болуп келген, эффективдүү товар айланууга, дегеле жалпы экономикалык байланыштарды орнотууга кандай тосуктар бар эле? Балким, орус бийлигинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган, Кремлдин толук башкаруусундагы ЕАЭБ сымал союздар тоскоолдук жараткандыр?

Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып: «Үч дарак жанаша өсүп, тамыры менен бир жерди көгөртүп, бекемдейт” деген накыл кепти айтып өттү. Ал дагы: “Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан бул дарактарга окшош, алардын күчү биримдикте, бутактары келечекке карай тартылып, тамыры болсо достуктун жана ынтымактын топурагын азыктандырат”,- деп кошумчалады. Албетте, бул эрежени жетекчилер карманышканда абал башкача болмок! Тилекке каршы, накыл кептер тил учунда калып кетип, иш жүзүндө иштери теңирден тескери кетип жатат. Ооба, теректер бир жерде тамырлаганы жакшы, бирок дарактардын ортосундагы тосмолор кайрадан эле ажырым, жаңжалдарга себеп болот. Чындыгында, бул тосмолор жок болгондо, бул дарактарды бакча деп атап, элдерди кубандырса болор эле! Бирок, баягы эле тосмолорду оңдоп түздөп, элдерди ажырымга алып келүүчү корукту кайрадан орнотуп, жалпы биримдикке жана жаркын келечекке бет алдык деп кубануу менен кол алышуу акылмандыкка жатабы?

Аймактын мусулмандары бул чек аралар бардык чек ара көйгөйлөрү жана конфликттердин булагы экенин түшүнүшү керек. Анткени ал чек аралар колонизаторлор тарабынан мусулмандарды бөлүп жарып, бир тууган элдер арасында талаш-тартыштар жаратуу жана өкмөттөргө басым көрсөтүү үчүн курал катары колдонуу максатында сызылган. Чек ара көйгөйлөрүн түп тамырынан чечүү үчүн колонизаторлор жана алардын малай акимдери тарабынан мусулмандар аң сезимине сиңирилип жаткан улутчулдук жана мекенчилдик идеяларынын зыянын түшүнүп жетип, андан баш тартышы зарыл.

Бир гана Ислам идеологиясы негизинде, Таухид желеги астында жана ыхластуу жетекчинин башкаруусу астында биригүү гана аймактык талаш-тартыштардын булагын жок кылууга кудуреттүү.

Аллах Таала Куранда айтат:

«Баарыңар Аллахтын жибин (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөктөрүңөрдүн аралыгын жакындаткан, Анын жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле!» («Аали Имран», 103).

Пайгамбар (с.а.в) айтты:

          “Арабдын ажамдан айырмасы Аллахтын алдындагы такыбалыгында” (Имам Ахмад).

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here