Зомбулук демократия мыйзамдары менен эмес, Ислам өкүмдөрү менен токтойт
Кыргызстанда бир күндө эки келин үй-бүлөлүк зомбулуктан улам курман болгону кабарланды. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, аялдардын укугу корголбой жатканы тууралуу пикирлер арбын айтылууда.
Маалымат каражаттары таркаткан кабарда келишинче, Бишкек шаарынын четиндеги айылдардын биринде үч баланын энеси, 34 жаштагы келин 4-апрелде мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Милиция кылмышка шектүүнү кармап, экспертиза дайындады. Ушул эле күнү милиция Ысык-Көлдө 57 жаштагы киши чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалганын кабарлады.
Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүн бейөкмөт уюмдар аялдардын укугу жетиштүү корголбогону менен байланыштырууда. Мындан улам, Батышта тажрыйбадан өткөн мыйзамдарды сунуштап жатышат. Ал эми, мамлекет муну жоюуга милдеттүү болсо да, бирок, зомбулукту токтотууга алсыздык кылып жатат.
Түпкүлүгүндө, Батыштын өзү бул көйгөйдүн чордонунда жана андан кутулуунун аргасын таппай келет. Анткени, Кыргызстандагыдай эле, Батыш өлкөлөрү да адам акылынан чыккан демократиялык мыйзамдар менен башкарылат. Ошондуктан, аялдарга карата зомбулуктар азайгандын ордуна көбөйүп келет. Маселен, дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны зомбулуктун сексуалдык жана башка түрлөрүнө кабыларын “The Diplomat” басылмасы жазган. Бул санга сексуалдык асылуулардын статистикасы камтылган эмес. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. 2017-жылы ар үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. “USA Today” басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94 пайызы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. Францияга келсек, 4 миллион француз аял б.а аялдардын 12 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эми, ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт. Ар үч күндө зомбулуктан улам бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Айрыкча, пандемия учурунда бул сандар дагы да өскөн.
Мындан белгилүү болгондой, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Тагыраагы, Батыш бизге таңуулап жаткан “эркиндик” беткабы менен кирип келген “баалуулуктар” аялдардын кордолушуна себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, жогорудан белгилүү болгондой, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж. Муну Батыштын аткаминерлеринин билдирүүлөрү да тастыктап турат. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, “аялдар жалпы жумушчу күчтүн 40 пайызын, айыл чарбадагы жумушчу күчтүн 43 пайызын, дүйнөдөгү студенттердин жарымын түзөт. Ушундай болгон соң, аялдардын экономикалык потенциалын кысуу ар бир өлкө үчүн даяр акчаны четке кагууга барабар”. Клинтондун бул сөздөрү капитализмдин акыйкатын ачык чагылдырып турат. Башкача айтканда, капитализмдин дүйнө карашы аялдарга үй бекеси эмес, жумушчу күч катары карайт.
Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс катары берилген аялдар менен келечек урпак катары берилген балдарга карата зомбулук кылуу кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:
وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ
“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:
لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ
“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).
Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыякту табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет. Маселен, аял мамлекет башкаруу менен үйдө кожойкелик милдетин алып баруусу мүмкүн эмес. Анткени, ар бир иштин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Буга байланыштуу Алланын элчиси ушундай деген:
كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤول عَنْ رَعِيَّتِهِ الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْؤولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا
“Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал үй-бүлөсүнөн жоопкер. Аял киши өз эринин үйүндө башчы жана ал ошол үйдөгү иштерден жоопкер…”.
Мына ушул жоопкерчиликти аткарганына жараша Алла алардын ар бирине сыйлыгын убада кылды. Абдуррахман ибн Авфтан риваят кылынат:
إِذَا صَلَّتِ الْمَرْأَةُ خَمْسَهَا وَصَامَتْ شَهْرَهَا وَحَفِظَتْ فَرْجَهَا وَأَطَاعَتْ زَوْجَهَا قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الْجَنَّةَ مِنْ أَيِّ أَبْوَابِ الْجَنَّةِ شِئْتِ
“Аял беш убак намазын окуп, Рамазан орозосун тутуп, намысын коргоп, эрине итаат кылса, ага ушундай делет: Кайсы эшиктен кирүүнү кааласаң Бейишке ошол эшиктен кир” (Ибн Хиббан “Сахих” китебинде Абу Хурайрадан келтирген).
Аял кишинин негизги иши үй кожойкеси жана энелик жоопкерчилиги болсо да, шариат ага инсан катары эркектер менен катар илим талап кылуу, байлыгынан зекет берүү, даават кылуу сыяктуу өкүмдөрдү да жүктөгөн. Ошондой эле, өзү үчүн жеке жана коомдук жайда иштөөсүн, соода кылуусун ж.б. жайиз кылган. Шарият бул иштерден тыйбайт жана алар анын үй кожойкеси болушуна же энелик ролду аткарышына зыян жеткирбейт. Ислам мамлекети бүгүнкү күндөгүдөй пайданы эмес, арам жана адалды өлчөө кылат. Ошондуктан, аял кишилердин арасында иштөөнү каалагандарга ылайыктуу саатта иштөөсүнө шарт түзүп берет. Маселен, Усманий Халифалык доорунда аялдар экономикалык тармакта активдүү ролду аткарганы маалымдалат. Тарыхый жазууларда аялдар дыйканчылык, багбанчылык жерлерине жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу менен алардан түшкөн пайдаларды өздөрү колдонушканы белгиленген. 18-кылымда Алепподогу казылык каттоолорунда аялдардын мүлк сатуусуна байланыштуу иштер 63%ды түзгөнү эскерилген. Мындан маалым болгондой, Исламдын аялга карата үй бекеси жана корголуучу ар намыс катары дүйнө карашы алардын экономикалык активдүүлүгүнө зыян жеткирбейт. Тескерисинче, кандай абалда болбосун бакубат жашоосун кепилдеп берет. О.э Ислам үй бүлөлүк турмушту мээрим-мухабат үстүнө курат. Алла Таала айтат:
وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِّتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً
“Анын белгилеринин дагы бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы…” (Рум: 21).
Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, үй-бүлөдө чыр-чатактын 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу. Бирок, мунун каршысында, зордук-зомбулукту азайтуунун бир жолу катары мас кылуучу ичимдиктерге тыюу салууну сунуштаган бир да тарап чыга элек. Белгилүү болгондой, Ислам мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салат. Аллахтын ага тыюу салган аятын тадаббур кыла турган болсок, аракка тыюу салынышы аялзатына карата зомбулукту кыйла азайтып жиберери да айкын болот. Демек, Исламдагы ар бир өкүм жашоодо колдонулушу менен зомбулук жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр көркөм көрүнүштө чечилет.
Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Демек, аялдардын, жалпы эле коомдун бакубат жашоосу Исламдын турмушта колдонулушуна байланыштуу.
Туркистон