Иордания режими (Израил)ди коргоду

3895
0

Иордания режими (израил)ди коргоду

Газадагы мазлумдар үчүн Иорданиянын борбору Амман шаарында нааразылык акциясына чыккан мусулмандарга өкмөт катуу каршылык көрсөттү. Акцияда жүз миңдеген иорданиялык мусулмандар таравих намазынан кийин (Израил) элчиканасын жабуу жана аны менен түзүлгөн тынчтык келишимин жокко чыгаруу о.э. Газага эшиктерди ачуу талаптары менен (Израиль) элчиканасын көздөй жүрүш уюштурушту.

Жүрүшкө чыккандарды токтотуу үчүн жөнөтүлгөн Иордания коопсуздук күчтөрүнүн бардык чараларына карабастан, акцияга чыккандар сионист (Израиль) элчиканасын курчап алышты. Чарасыз калган коопсуздук күчтөрү мусулмандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду жана бир нече адамды камакка алды.

Комментарий: Яхудий вужуду Рамазан айында да кыргындарын токтотпой жатат. Газа калкы күн сайын ифтарлык жана саарлыктарын жакындарынын өлүмү жөнүндөгү кабар менен өткөрүүдө. Бүт дүйнөдөгү мусулмандар, айрыкча Палестинага чектеш аймактардагы мусулмандар Газа калкы үчүн жан үрөп жатканы белгилүү. А бирок, бийликте турган Исламий өлкөлөрдүн башчылары болсо, кожоюндарынын тапшырмасын жогорку деңгээлде аткарып, болгон күчү менен яхудий вужудун коргоп жатышат. Өкүнүчтүүсү, Газада жаш балдар ачарчылыктан өлүп жаткан бир учурда, Исламий өлкөлөрдүн башчылары оозу менен (Израил)ди канкордукта айыптап, иш жүзүндө ошол канкор режимди колдоп-кубаттап келишет. Расмий маалыматтарга ылайык, сионист баскынчылардын жашылча-жемиш керектөөсүнүн 55 пайызын Түркия мамлекети камсыздап жатат. Адистердин айтымында, эгер Түркия суу жана жашылча-жемиш менен камсыздоону токтотуп койсо, яхудий вужуду азык-түлүк жаатында оор кризиске кептелет. А бирок өкүнүчтүүсү, мусулмандар өстүргөн мөмө-жемиштер мусулмандарды – жаш-кары, аял-эркек дебей – эң бир ырайымсыз түрдө кыргын кылып жаткан сионист баскынчылардын курсагын тойгузууда. Мындан да жаман жери, эми Түркиядан (Израил)ге экспорт кылынып жаткан нефть, болот жана мөмө-жемиштерге 2024 жылдын январь айынан баштап порох, жардыруучу жана күйүүчү заттар, ок-дарылар, курал-жарактар жана алардын запастык бөлүктөрү да экспорт кылына баштады. Бул тууралуу мамлекеттин расмий мекемеси ТÜİК (Түркия Статистика Институтунун) веб-сайттарында жарыяланды.

Яхудий вужуду 76 жылдан бери улантып келе жаткан баскынчылыктын, өзгөчө 175 күндөн бери эч токтобой жаткан аёосуз кыргындардын эң негизги себеби бул – Исламий өлкө башчылардын аларды колдоп кубаттоосу. Эгер бул башчылар аскерий, саясий жана экономикалык жактан яхудий вужудун колдобосо, анда яхудий вужуду мынчалык чектен чыгууга батына алмак эмес.

Мусулмандардын Халифасы жоктугу жана учурдагы 57 мамлекетчелердин башчылары кыянатта бири-бири менен атаандашуусу себептүү Үммөт мына ушундай абалга түшүп калды. Ушундай болгон соң, мусулмандар бүгүнкү күндө Аллахка күнөөкөр, батыштык кожоюндарына ишенимдүү болгон ушул акимдерди түп-тамыры менен сууруп таштап, булардын ордуна бүтүндөй Ислам дүйнөсүн бир туунун алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Газа жана башка бардык Исламий өлкөлөрдөгү көйгөйлөрдүн негизги чечими мына ушул.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here