Газага кылган дубабыз качан кабыл болот?

3754
0

Газага кылган дубабыз качан кабыл болот?

Дуба кылуунун өзүнө тиешелүү фикх тарабы бар. Мусулмандар үзгүлтүксүз Афганистанга, Иракка, Кашмирге, Сирияга, Араканга, Чыгыш Түркистанга, Палестинага дуба кылып келишет. Айрыкча, Газадагы мусулмандарга карата акыркы айларда үзгүлтүксүз дуба кылуудабыз. Анткени, Аллах Таала пенделеринин дубасын кабыл кылышы тууралуу айткан:

“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Демек алар да Менин дааватыма (итаат менен) жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар”, – дегин (Бакара: 186).

Аяттан түшүнүлгөндөй, Алла Таала дуба кылуучулардан Алланын өкүмдөрүнө итаат кылууну талап кылууда. Демек, Алланын өкүмүн четке кагуучунун дубасы кабыл болушунун орду жок. Расулулла (с.а.в) айтты:

“… Жегени, ичкени, кийгени арам болгон адамдын дубасы кантип кабыл болсун?! ” [Бухарий риваяты]

Ушундай болгон соң, Алла Таала буюрган өкүмдөрдү ишке ашырбай, шарият арам кылган жөөт мамлекети менен соода алакаларды токтотпогон, газалыктарды асман-жерди ыйлаткан чакырыктарына жооп берүүнүн ордуна армияларды казармаларда сактаган жетекчилердин дубасы кантип кабыл болот?!

Буга кошумча дуба кылуунун дагы бир негизги шарты – дүйнө турмушундагы абал шарттарын аткаруу. Маселен, үйүңүз күйүп жатса, аны өчүрүү үчүн суу чачуунун ордуна дуба кылып отуруу бул жоопкерчиликти таштоо болуп эсептелет. Учурда “израилди” курал-жарак тетиктери, мунай жана чийки сырье менен камсыздап жаткан жетекчилер бул жоопкерчиликти кандай жол менен өтөп жатышат? Алардын дубасын канчалык калыстык катары баалай алабыз?

Бул жетекчилер бийликке келүү жолунда шайлоо учурунда себептерин аткарбастан дуба менен гана алек болуп жатышабы? Албетте жок! Тескерисинче, шайлоодо жеңип чыгуу үчүн айыл-айыл, шаарма-шаар кыдырып, олуттуу аракет кылышат. Шайлоого өлүм-өмүр маселеси катары карашат. Алардын шайлоого жана Газага карата кылган дубаларында ушундай чоң айырма бар экенин көрөбүз. Эгер Газага кылган дубаларында калыс болушса, жөөт вужуду менен алакаларын токтотуп, армияларды аракетке келтиришмек. Андан соң колдорун асманга көтөрүп, бул аскерлердин жеңип чыгуусу үчүн дуба кылышмак. Анткени, ар бир амалыбызга өрнөк болгон Расулулла (с.а.в) ушундай кылган.

Риваят кылынышынча, Расулулла (с.а.в) Бадр согушунда кошуунду түздөп чыгып, аларды эң көркөм көрүнүштө тартипке салып даярдаган соң, чатырына кирип нусрат бериши үчүн Аллага дуба кылды. А түгүл, дубасы ушунчалык узак болду дейсиң, Абу Бакр (р.а) чатырга кирип, “ушунчасы жетет Я Расулулла”, – деди [Ибн Хишам]

Демек, дуба – бул көркөм сөздөрдөн куралган талап эмес. Айрыкча, кыянаттык менен коштолгон талаптар эч качан дуба болушу мүмкүн эмес. Дубаны дуба кылган нерсе аны коштогон шарий амалдар!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here