Палестина маселеси бойкот менен чечилеби?

4154
0

Палестина маселеси бойкот менен чечилеби?

Бойкот сөзү 1880-жылы Ирландияда дыйкандар менен жер ээлеринин ортосундагы келишпестик учурунда пайда болгон. Чарлз Бойкот жер ээлеринин өкүлү болуп, жердин ижарасын арзандатууну талап кылган ижарачыларды жер иштетүүдөн куру калтырган. Бул абалга нааразы болгон дыйкандардын бардыгы жер иштетүүдөн баш тартып, бойкот кылышкан. А түгүл, бул кампанияга почтачылардан бери катышып, Бойкоттун кызматын кылуудан баш тартышкан. Тарыхта бойкотко байланыштуу дагы бир чоң окуя белгилүү. Бул Индиядагы Британия колонизаторлугуна каршы Гандинин туз жүрүшү. Британия Индияда 1762-жылы туз кендери боюнча мыйзам чыгарып, калктын негизги муктаждыгына кирген бул продукцияны монополия кылып алган. Махатма Ганди буга каршы 400 чакырымдык жүрүшкө чыгып, Британиянын бул мыйзамын тааныбай турганын жарыялаган. Ал деңиздеги тузду бөлүп чыгара турган улуттук фабриканы ишке киргизген. Натыйжада 60 миңден ашык индиялык камакка алынды. Ошентсе да, нааразылыктардын акыры Британияны бул мыйзамды жокко чыгарууга мажбур кылды.

Бойкот термин катары ушул доорго туура келсе да, Ислам тарыхында эң алгачкы бойкот мушриктердин мусулмандарга карата жасаган чектөөлөрү болуп эсептелет. Мушриктер бойкот жарыялаган соң, андагы талаптар жазылган кагазды Каабага илип коюшту. Натыйжада, мусулмандар үч жыл бою ачкачылык, кыйынчылык чегип Шиб өрөөнүндө калышты. Ачкалыктан ыйлаган жаш балдардын үнү Мекке көчөлөрүнө чейин угулуп турду. Саад ибн Абу Ваккас (р.а)нун караңгыда тапкан терини үч күн бою жегени риваят кылынган (Сухайлий Равдул-унуфта келтирген).

Бул кыйынчылыктардын добушу Мекке көчөлөрүндө жаңырып тургандыктан, айрым мушриктер өз ара келишип алып, бойкотту жокко чыгаруу чечимин кабыл алышты. Каабада илинген баракты жыртып, ыргытышты.

Учурда, “израил”дин Газага карата жасаган кыргындарынын артынан бойкот сөзү кайрадан актуалдуу темага айланды. Айрым белгилүү адамдардан тартып, карапайым калкка чейин жөөт товарларынан баш тартууга чакырык жасашууда. Айрым дүкөндөрдүн текчелери бошотулуп же өтпөй калгандыктан жөөт товарлары арзандатылып жатканын байкоого болот. Ошентип, бойкот карапайым калктын кыргынга каршы үнүн жеткирүүчү куралы болуп калды.

          Кудум Мекке доору сыяктуу учурда Газа калкын азык-түлүк чектөөсүнөн улам ачарчылык каптоодо. Ачкалыктан көз жумган наристелердин саны күн санап өсүп жатат. Каапыр колонизаторлор болсо кудум мушриктердин доорундагыдай мусулмандарга каршы бир кемеде биригишти. Мусулмандар жиберген азык-түлүктөр аба аркылуу учактан ташталып, айрым жүктөр чогулган элдин үстүнө түшүп курман болушууда.

          А бирок, бүгүнкү мусулмандардын жетекчилери бойкотту жокко чыгарган мушриктер сыяктуу да боло алышпады. Тескерисинче, кыянаттыктарын күчөтүп, каапырларга моюн сунуусун улантып жатышат. А түгүл, дүйнө матасын максат кылган жетекчилер “израил” менен соода байланышын улантууда. Түркия баш, Саудия, БАЭ, Азербайжан, Казакстан төш болуп, жөөттөрдүн негизги муктаждыктарын камсыздашууда. А түгүл, Түркия статистика мекемеси тастыктагандай, согуштук куралдар да экспорт кылынууда. 2024-жылдын башынан бери “израил”ге жөнөтүлгөн товарлардын тизмесинде төмөнкүлөр бар:

– ок дары

– жардыруучу заттар;

– күйүүчү заттар;

– курал-жарак жана анын бөлүктөрү;

– болот ж.б.

Бул жетекчилердин жөөт вужудуна жиберген азык-түлүк жана согуштук куралдарды жиберүүсү анык арам иш. Ханафий мазхабынын улуу факихтеринен болгон Маргуланий айткан:

“Согуштук абалда болгон калкка курал жана курал жасалуучу чийки заттар сатылбайт, азык-түлүк да жиберилбейт. Анткени, Набий (с.а.в) мындан кайтарган” (Иная, V, 461).

Бул жерде жеке компания болобу, мамлекеттик компания болобу айырмасыз, жетекчи аны көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени, жетекчи кол астындагылардан жоопкер. Факихтер бул сыяктуу эмгектерин медреселерде окутуу үчүн эле эмес, жетекчилер шарий өкүмгө амал кылышы үчүн чыгарышкан.

Демек, бойкоттун максаты калкка карата бойкот чакырыгын жасап, кайра аларды кемелер менен жеткирип берип жаткан жетекчилер бар экен, ишке ашуусу мүмкүн эмес. Анткени, бойкот мамлекеттин күчү менен кошулганда гана натыйжа берет. Анткени, күчкө каршы күч, армияга каршы армия коюлбаса, бул кыргындар токтобойт. Эгер бүгүнкү мусулман жетекчилеринде кыпындай кайрат болуп, Ислам армиялары аракетке келгенде, бүгүн Газадагы бир туугандарыбыздын аянычтуу чакырыктарын эмес, жер бетиндеги эң коркок калк болгон яхудий вужудунун ачуу үнүн укмакпыз.

Аллах Таала айтат: “(Эй момундар), силерге эмне болду? Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечараларды азат кылуу жолунда согуш кылбай жатасыңар?!” [Ниса: 75]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here