Кыргызстанда 12 жылдык орто билим берүү жөнүндөгү тескеме жактырылды

4836
3

Кыргызстанда 12 жылдык орто билим берүү жөнүндөгү тескеме жактырылды

Кыргызстан өкмөтү билим берүү тармагын реформалоо аракетин баштаганын жарыялады. Министрлер кабинети 12 жылдык орто билим берүүнү камтыган “Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндөгү” тескемени жактырды. Өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, окуу мөөнөтүн узартуудан окуучулардын сабаттуулугун жана кесипке жөндөмдүүлүгүн арттыруу о.э. мектептерди эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу максаты көздөлгөн. Азырынча 12 жылдык билим берүү түзүмү качан киргизилиши жөнүндө анык маалымат жок.

Бул реформага ылайык, 6 жаштагы балдар 100%  милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Учурда Кыргызстанда 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алат. Акыркы кездерде 9 класстан кийин окууну улантууну каалабаган окуучулар көбөйгөнү айтылууда.

Комментарий: Бүгүнкү күндө Исламий өлкөлөрдүн баарында колдонулуп жаткан билим берүү программалары, түздөн-түз Батыштан алынган же батыштын принциптерине ылайык келе турган көрүнүштө түзүлгөн  программалар болуп эсептелет. Ошондуктан, аталган программаларда “Исламий акыйда, Куръан аяттары, Тавхид, Расулуллах дын сийраты, Ислам тарыхы жана Сахабалар жашоосу” сыяктуу жаштарга Исламий сакафатты үйрөтө турган сабактар жок. Тескерисинче, анын ордуна мусулмандардын перзенттерин демократташтырууга каратылган сабактар же “ден соолукка кам көрүү” шылтоосунда эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилени окутуучу сабактар негизги колдонмо катары билим берүү программаларына киргизилген. Мисалы, 15 жашка чейинки окуучулар үчүн “эки жыныс ортосундагы мамиле, балагат жашына жеткенден кийин мастурбация жолу менен кумарын кандыруу, өспүрүмдүн кайсы жыныс менен жыныстык алака кылууну абзел көрүшүн белгилөө, нормалдуу алаканын ордуна табиятка тескери келген алакаларды альтернатива катары кабыл алуу жана кош бойлуулуктан сактанган абалда жыныстык алака кылуу” жөнүндө сабактар киргизилген болсо, 15-18 жаштан баштап, кыздар аборт кылдыруу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу экендиги, диний таалимдер менен үрп-адаттардын жеке укуктарга эч кандай тиешеси жоктугу жана жылаңач сүрөттөр эч кандай жыныстык козголууга алып барбай тургандыгы” жөнүндөгү сабактар негизги колдонмо катары окуу программаларына киргизилген. Айрыкча, мындай сабактар ар түрдүү оюнчуктар жана сүрөттөр аркылуу бала бакчалар менен башталгыч мектептердеги балдардын да билим берүү программасына киргизилгендигине көңүл бурушубуз керек.

Абал ушундай болгон соң, окуу жылын 12 жылдык эмес, 15 жылдык же андан көбүрөөк кылган күндө деле, окуучулардын сабаттуулугунда эч кандай өзгөрүү күтүлбөйт. Себеби таалим-тарбия маселесинде окуу жылынын көптүгү эмес, билим берүү программасы кандай экендиги өтө маанилүү.

Негизи мусулман жаштары үчүн билим берүү программасы Куръан жана Сүннөт негизинде иштелип чыккан жана Исламий көз-караштан келип чыккан болушу керек. Анткени, мындай программа жаштардын Исламий сакафат менен тарбияланышына жана динин аң-сезимдүү түрдө түшүнгөн мусулман муундун жетилип чыгышына шарт түзөт. Ошол эле учурда, мектептерде жашоо үчүн зарыл болгон илим-билимге, технологиялык билимдерге шыктандыруу менен бир катарда Исламий шариятты бекем кармануу о.э. шариятка тескери болгон идеология жана түзүмдөргө аралашпастык рухун өнүктүрүүгө көңүл бурулушу керек. О.э. мектептерде дин менен илим-билим ортосунда толук шайкештик бар экендиги камсыздалышы керек. Себеби, мектеп коом жана Үммөттүн калыптанышында өтө маанилүү рол ойнойт.

А бирок мусулмандардын Исламий мамлекети болбогон соң, таалим-тарбия тармагында мындай программа кабыл алынары таптакыр күтүлбөйт. Себеби, Исламий өлкөлөрдөгү билим берүү системасы Батыштын басымы алдында калган. Т.а. Исламий өлкөлөрдөгү билим берүү программасы колонизатор Батыш белгилеп берген негизде кабыл алынат. Мисалы, жогорудагы бузуку программаны билим берүү программасына негизги колдонмо катары киргизүүнү БУУ катуу талап кылган.

Бул илдетти Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана жоюуга болот. Ислам байрагын дүйнө жүзүндө бийик көтөрө турган Халифалык мамлекети тикеленери менен, Үммөт перзенттери учурда таалим алып жаткан бардык бузуку окуу программаларын жокко чыгарып, Үммөттүн кадыр-баркын жана шаанисин бийиктикке көтөрө турган билим берүү программасын кабыл алат.

Абдурахман Адилов

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here