Москвадагы кол салууну ким уюштурбасын, андан Россия бийлиги өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып жатат

2979
3

Москвадагы кол салууну ким уюштурбасын, андан Россия бийлиги өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып жатат

Москвадагы “Крокус Сити” борборунда куралдуу кол салуудан курман болгондордун саны 137ге жетти. Жараат алгандар 150дөн ашык. Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча «террордук акт» негизинде иш козгоду. Федералдык коопсуздук кызматы шектүү катары 11 киши кармалганын билдирди. Куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти дайымкыдай эле “Ислам мамлекети” уюму алды.

Айрым маалымат булактар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Орус президенти Владимир Путин окуя боюнча видео кайрылуу жасап, окуяны “даярдалган жапырт адам өлтүрүү” деп атады.

Ал эми, Орусия Коопсуздук Кеңеш башчысынын орун басары Дмитрий Медведев социалдык тармактагы билдирүүсүндө: “Кол салууга күч менен жооп берилмейинче эч бир сот жана тергөөнүн пайдасы болбойт. Өлүмгө өлүм”, – деп жазды.

          Буга чейин АКШнын Москадагы элчилиги 8-мартта шаардагы жарандарына эл көп чогулган жайлардан узак болууга чакырган. Анын артынан Британия, Германия, Швеция, Литва, Чехия, Канада жана Түштүк Кореянын Москадагы элчилери да Орусиядагы жарандарына сак болууларын эскертишкен.

          Белгилүү болгондой, буга окшогон окуяларды орус бийлиги түздөн-түз уюштурган учурлар арбын кездешет. Айрыкча, 1999-жылдагы бир катар теракттар анын колу менен жасалган. Ошол эле жылдын сентябрында Дагестандын Буйнакск шаарында күчтүү жардыруу болуп, “Исламий террорчу”лар айыптуу деп табылган. Жогорудагы жардыруудан бир нече күндөн кийин Москва шаарынын Гурянов көчөсүндө кудум ушундай күчтүү жардыруу болду. 106 адам өлүп, 690 адам жараат алды. 13-сентябрда Москванын Каширский шоссесиндеги 8 кабаттуу үйдө 300 кг тротил эквивалентиндеги күчтүү жардыруу болду. 124 адам өлүп, 7 адам жарадар болду. Ал эми, 16-сентябрда Ростов облусундагы Волгодонск шаарынын Октябрск шоссесиндеги 9 кабаттуу үйдүн алдында бомбага толтурулган ГАЗ-53 жүк машинасы жарылды. Окуя болгон жерде 18 адам, ооруканада 1 адам каза болуп, 89 адам жараат алды…

Жогорудагы жардыруулар учурдагы президент Путин тарабынан уюштурулуп, ушул “кылмыштарды” ачууда активдүүлүк көрсөткөндүгү себептүү анын рейтинги укмуштай көтөрүлгөн. Натыйжада, 2000-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетти.

Путин бийликке келгенден кийин да эски адатын таштабастан, бийлигин бекемдөө жолунда теракттарды уюштуруп келди. 2002-жылы 23-октябрда Москвадагы Дубровка театралдык борборунда өтүп жаткан “Норд Ост” мюзиклинде “террорчулар” 800 көрүүчүнү күрөөгө алышты. Окуя болгон жерге 4 күндөн кийин келген президент Путин имаратка чабуул кылууга буйрук берди. Залга коё берилген газга ууланып “террористтердин” бардыгы жана күрөөдөгү 130 адам өлдү.

2004-жыл, 1-сентябрда Бесландагы мектеп “террорчулар” чабуулуна дуушар болду. Окуянын үчүнчү күнү Путин имаратка чабуул кылууга буйрук берди. Чабуулдун натыйжасында мектептин ичиндеги 334 адам, алардын арасында 186 жаш бала курман болду…

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жасалма теракттан улам 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаган. Бир да уюм бул акты үчүн жоопкерчилик алган эмес. Бирок, бул ишке айыпталып теги кыргызстандык жана өзбекстандык он бир адам соттолду. Кыргызстандык Аброр Азимов тергөө учурунда күч органдары токко отургузуу сыяктуу кыйноолор менен күнөөнү моюнга алдырганын айтып келет. Ал эми, окуяга айыпталган дагы бир кыргызстандык Акрам Азимов ФСБ кызматкерлери аны 2017-жылдын 15-апрелинде Ош шаарындагы жеке менчик ооруканада жаткан жеринен УКМК кызматкерлеринин жардамында уурдап кеткенин айтып берген. Анын билдиришинче, 4 күндүк катуу кыйноодон кийин чөнтөгүнө граната салып тышкарыга чыгарып жиберишкен. Андан соң атайын операция уюштуруп, аны Москвадан кармагандай сценарий даярдашкан. Мындан белгилүү болгондой, Путин режиминин “теракт” окуяларын уюштурууда тажрыйбасы мол. Мындай сценарийлер “Вагнер” аркылуу да уюштурулуп келген.

Ал эми Америка болсо мындай иштерди дүйнөнүн түрдүү бурчтарында “Блек вотер” сыяктуу аскердик уюмдары аркылуу жасап келет. Ал эми, жогоруда АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн өз жарандарын алдын ала эскертүүсү бул окуянын ИГИЛ аркылуу АКШ атайын кызматтары жасаганына ишара бар.

Окуяны уюштуруучу ким болбосун, орус бийлиги бул “теракт”тан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракеттенери талашсыз.

Маселен, мигранттарга карата кысым үчүн пайдаланат. Учурда айдоочулар а түгүл, аэропорттогу борборазиялыктардын суракка алынып, катуу текшерүүдөн өткөрүлүп жатышы муну күбөлөп турат. Шектүү катары кармалган жарандар да борборазиялыктардан болушу, күч органдарынын аларды катуу токмоктоп, кулагын кесип, көзүн агызып жатышы мунун башталышы гана экени талашсыз. Айрыкча, өлүм жазасын кайрадан киргизүү аракеттери да ушул түркүмдөн. Муну менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтерине басым өткөрүлөт. Аларды өз кызыкчылыгы жолунда кызмат кылдырууга аракет кылат. О.э. терроризм-экстремизм шылтоосу менен Исламга каршы күрөштү күчөтмөкчү.

Украинага каршы согушту актоо жолунда, калкта Батыш менен Украинага каршы маанайды күчөтүүгө аракет кылат. Муну менен өлкө ичиндеги оппозицияны жогорудагы террористтер менен катар жазалоого, алардын үнүн, аракеттерин басууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Мумтаз Маверанахрий

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here