Президент Жапаров Рамазанда Исламга тескери кептери менен чыкты
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, муфтий менен болгон жолугушууда болгон сөздөрүнө комментарий берди. Анын айтымында, дааватка чыккандар сакал муруттары тегизделип, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандар болушу керек.
Эске салсак, президент 13-мартта жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.
Ал өз сөзүндө: “Кыргызстан көп конфессиялуу өлкө. Демократия урааны менен хизбут, салаф, таблиг жамааттары пайда болду. Алардын башын бириктиришиңиз керек. Арстан Алай каза болгондо бир молдо каапыр өлдү деп табалады. Дагы бирөө “аялдын эти көрүнсө, базарда эт кымбаттайт” деди. Дагы бирөөсү “бир туугандын балдары үйлөнө берсе болот” дейт. Бул абдан чала сабаттык”, – деген эле.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Анын артынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев никаб жана узун сакалга тыюу салуу керектигин билдирген.
Мындан белгилүү болгондой, президенттин сөзү кокустук эмес. Балким, Ислам баалуулуктарына каршы туруу саясаты алкагында айтылган. Буга кошумча, Жапаров ишара кылган аалымдардын сөздөрү коомдук резонансты жараткан окуялардан болуп калган. Башкача айтканда, теңирчи жана демократчылардын каршы реакциясын пайда кылган. Ал эми, учурдагы бийлик резонанстуу окуялардан, нааразылыктар бийликке каратылып кетишинен абдан кооптонот. Ошондуктан, мусулмандардын аалымдардын позициясын коргоп чыгуусунан улам өз сөзүнө кайра-кайра түшүндүрмө берүүгө аргасыз болууда.
Буга кошумча, Исламга каршы күрөштүн аймактык жана эл аралык да таасири бар. Буга чейин Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда да сакал жана никаб шылтоосу менен Исламга каршы бийликтин күрөштөрү уланып келген. Аталган өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин сакал коюп, намаз окуган жана хижаб кийген адамдар жергиликтүү бийликке чакыртылып, алар менен “түшүндүрүү иштери” жүргүзүлүп келүүдө. Мезгил-мезгили менен рейддер жүрүп, полиция көчөдө бара жаткан сакалдуу адамдарды токтотуп, “диний экстремизм” шеги менен полиция бөлүмүнө алып барышууда. Казакстан президенти Токаев 15-мартта эле Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда кара кийинген кыз-келиндерди сындап, мындай казактын салтында эзели болбогонун билдирди.
Кошуна өлкөлөрдө болуп жатканы сыяктуу эле, Кыргызстанда да диний тармак боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдар негизинен Ислам динин жана мусулмандарды чектөөгө багытталган. Кыргызстан бийлиги да коомдо терең тамыр жайып бара жаткан исламий чөйрөнү көзөмөлгө алуу үчүн баскычма-баскыч аракет кылууда. Мурунку бийликтегилер “Аллах буйруган амру маъруф жана нахий мункар үчүн пендесинен уруксат алуу шарт эмес” дегендерди “Якын Инкар”чылар деп бөлүп, аларды сот аркылуу “экстремисттик” уюмдар тизмесине киргизишти. Ал эми, даъватка чыгуу үчүн муфтияттан жана ИИМден уруксат алуу шарт кылынды. Ошентип, “Таблиг” жамаатынан таасирленген даъватчылар экиге бөлүндү. Бул бийлик болсо сакал-никаб шылтоосу менен жамааттарды өз көзөмөлүнө алуу аракетин көрүп жатышат.
Түпкүлүгүндө, никаб жана сакалга тыюу салуу өздөрү улуулап жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, Батыш эл аралык майданда өз идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин экриндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Муну Франциянын 2004-жылы окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салуусу, хижаб кийген кызматкер муслималарды мамлекеттик мекемелерден кууп чыгаруусу, 2010-жылы коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салуусу ачык көрсөтүп турат! Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Ирак, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын көрсөтүп койгон.
Түпкүлүгүндө, мусулмандар никабды ачкөз демократтар уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Сакалды алардын уруксатына карап койбойт. О.э сакалды кафирлер жана анын малайлары тыйып койгону үчүн өстүрбөй калбайт. Тескерисинче, жашоонун бардык тармагына өрнөк болгон Мухаммад мустафа (с.а.в)дын сүннөтү болгону үчүн өстүрөт. Ал эми, дааватты бийлик айтканы үчүн токтотуп койбойбуз. Балким, Алланын буйругу катары бийликти да, коомду да жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу исламий жамааттарга да, жеке мусулмандарга да, аалымдарга да парз болуп эсептелет. Анткени, дааватты жаюуда Исламдын өзүнө таандык жолу бар: Ал мамлекет тарабынан ишке ашырылат жана бүт дүйнөгө идеология катары алып чыгылат. Мамлекет жок кезде, ушул мамлекетти пайда кылуу эң негизги ишке айланып, муну уюм негизинде ишке ашыруу тарыйкат болуп эсептелет.
Алла Таала айтат: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт». Дагы айтат:
“Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт-жамаат болдуңар, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар”. [3:110]
Ушундай болгон соң, биз мусулмандар кыргыз бийлигинин диктатура жолунда Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никаб менен сакалга тыюу салган бийлик, эртең намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.
Мумтаз Маверанахрий