ЖОЛ

3681
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЖОЛ

       Өзгөртүүнүн вакиъси жана анын негиздери

Белгилүү болгондой, адам бүгүнкү күнү үчүн гана жашабайт. Бул дүйнөдөгү жашоосунун келечегине тиешелүү болобу, же бул дүйнөдөгү жашоосунан кийинки жашоосуна тиешелүү болобу, айырмасыз, жакынкы же алыскы келечеги жөнүндө ойлонуп, пикирлейт.

Адамдын вакиъси ушундай болгондуктан адам өзү жашап жаткан вакиъге эч качан ыраазы болбойт. Эгер вакиъ жаман болсо аны жакшыртууга, вакиъ жакшы болсо аны дагы да жакшыраак кылууга умтулат. Эгер жашоосу негизделген негиз бузук болсо, туура негизди табууга аракет кылат. Ошондуктан, адамдын өткөнгө өкүнүп жатканын жана ар дайым келечекке көз салып, ага ашыгып жатканын көрөбүз.

Өзгөртүү жөнүндө пикирлөө жашоо үчүн зарыл. Анткени, өзгөртүү – бул аракет дегени. Себеби, жашоо өнүгүү жана аракеттен турат. Ошондуктан, ар бир үммөт, ар бир адам өзгөртүү жөнүндө пикирлеши жана ага аракет кылышы керек. Өзгөртүү жөнүндө пикирлебестик бир улуттун жок болуп кетишине, адамдар чачыранды болушуна алып барат. Себеби, вакиъге моюн сунуп калуу эң кооптуу балээ жана эң чоң мусибат болуп эсептелет.

Өзгөртүү жөнүндө пикирлөө өзүнүн абалын өзгөртүү зарыл экендигин хис кылып жаткан адамдарда гана болбостон, бардык адамдарда өзгөртүүнү талап кылып жаткан абал бар болгон соң, ал да бар боло берет. Ошол себептен киши өзүнүн абалын же коомунун, калкынын, үммөтүнүн абалын өзгөртүү жөнүндө ойлонуу менен эле чектелбестен, башкаларды да өзгөртүү жөнүндө ойлонот. Себеби, адамда «адамдык касиетти» т.а. «өз тукумун сактап калуу» туйгусу – нав гарыйзасы бар. Бул туйгу адамды өзүнүн өлкөсүндө болобу же калкы, үммөтү арасында болобу, же башка өлкөлөрдө болобу айырмасыз, ар бир адамга көнүл бурууга үндөйт.

Ар бир адамда өзгөртүүгө умтулуу бар болсо да, бирок ар түрдүү шарттар, абалдар жана аамилдер (факторлор) да бар болуп, алар бул умтулууну алсыратат, керек болсо токтотуп да коёт. Же болбосо, тескерисинче, бул умтулууну күч менен алга сүрөйт. Себеби, өзгөртүү машакаттуу кыйын иш болуп, олуттуу аракеттерди, ири курмандыктарды талап кылат. Ошол себептен бул ишке күчтүү, кайраттуу, акылы курч, өтө сезимтал адамдар гана кудуреттүү болушат. Ошону менен бир катарда, адамдардын т.а. ъамманын акысын, өкүмдарлыгын ээлеп алган, адамдардын мойнуна минип алган күчтөр өзгөртүүгө каршы турушат. Алсыздар, жалкоолор, өзгөртүүнү жактырышпайт. Себеби, өзгөртүү иши  келишкис күрөш боло турган иштер түркүмүнөн.

Өзгөртүүгө умтулуу жүрөктүн төрүнөн келип чыкса да, жашоодогу вакиъ ага үндөсө да, бирок өзгөртүүнү пландаштырып берүүгө ар бир адам кудуреттүү эмес. Буга пикирий жетекчи адамдар гана кудуретүү. Мындай кишилер башкаларды – ишендирүү же мажбурлоо аркылуу – өзгөртүү жолунда жүрүүгө үндөшөт.

Өзгөртүүгө умтулуу ар бир адамдын дилинде болушу даана көрүнүп, сезилип турушу менен бирге, анын күчтүүлүгү жа алсыздыгы ар түрдүү экендиги о.э. үндөөчү аамилдер, максаттар жана гоялар бир адамда башкасыныкынан айырмалуу экендиги да белгилүү. Айрым кишилердин өзгөртүүгө болгон күчү менен умтулуп жатканын жана ташкындаган суу же бороон сыяктуу кайрат менен өзгөртүүгө аракет кылып жатканын көрсөк, ал эми айрым кишилердин, араңжан, майып сыяктуу алсыздык менен өзгөртүүгө чакырып жатканын, өзгөртүүгө ташбака сыяктуу араң кыймылдап жатканын көрөбүз. Кээ бир адамдардагы өзгөртүүгө умтулуу бир үммөттүн начар вакиъсин эмес, бүт дүйнөнү көркөм абалга өзгөртүүгө багытталганын көрсөк жана буга үндөп жаткан нерсе Аллахты ыраазы кылуу же жогорку кыйматтар экендигин көрсөк, айрымдарындагы өзгөртүүгө умтулуу тиричиликтин таттуураак сугумуна ээ болуу же убактылуу айбандык каалоолорун кандыруудан ары өтпөй жатканын, аларды өзгөртүүгө үндөп жаткан нерсе ачкөздүк экенин, алардын көздөгөн максаты арзыбаган, бейпайда нерсе экендигин көрөбүз.

Өзгөртүүгө үндөп жаткан нерселерди, андан көздөлгөн максат жана гояларды өзгөртүүнүн күчтүүлүгү же алсыздыгы ар түрдүү, ихтилафтуу болушуна себепкер болгон аамилдерди жакшылап текшерип көрсөк, ага таасирин тийгизип жаткан көптөгөн аамилдер бар экендигин көрөбүз. Бул аамилдердин эң негизгиси пикирий түшүнүү (т.а. ката түшүнүп жетүү). Муну төмөнкүдөй шархтайбыз:

Адам качан вакиънин бузуктугун же жамандыгын, же ойдогудай жакшы эместигин билгенде гана өзгөртүү жөнүндө пикирлейт. Мындай билүү болсо вакиънин бузуктугун хис кылуу, сезүү менен пайда болот. Себеби, пикирий жараян (т.а. пикирлөө) үчүн вакиъни хис кылуу, сезүү  негизги шарт. Адам бир нерсени же анын бирер белгисин хис кылбаса, ал нерсени билиши же түшүнүшү мүмкүн эмес. Бузуктук да вакиъ болуп, анын хис кылына турган белгилери бар болгондуктан адамда бул вакиъни өзгөртүү жөнүндө пикирлөө пайда болушу үчүн бул вакиъни жана анын бузуктугун хис кылышы зарыл. Демек, вакиънин бузуктугун хис кылса, аны түшүнүп жетет. Качан гана вакиънин бузуктугун түшүнсө аны өзгөртүү жөнүндө пикирлей баштайт.

Бирок белгилүү болгондой, бузуктукту же улуулукту, баатырдык же коркууну, кадыр-баркка зыян жеткирүүчү нерсени хис кылуу менен муздун муздактыгы жана балдын таттуулугу, калемпирдин ачуулугу сыяктуу заттарды хис кылуунун ортосунда айырма бар. Себеби, бардык адамдардын маддий нерселерди хис кылуу үчүн зарыл болгон сезүү органдары бар. Мейли, бул сезүү органдарынын хис кылуу деңгээли адамдар арасында бирдей болбостон, бир аз айырмалуу болсо да, бирок бузуктук, жакшылык, жамандык сыяктуу маддий эмес нерселерди хис кылуу болсо адамга булардын үстүнөн кандай өкүм чыгарууну белгилеп берүүчү собик пикирге (т.а. алдын ала берилген маалыматка) муктаж болот. Ушундан келип чыгып, маддий нерселерди хис кылуу  хиссий идирек, билүү, ал эми маддий болбогон нерселерди хис кылуу болсо  пикирий хис кылуу деп аталган.

Адамдар ортосунда пикирий тафавут (т.а. пикирлөөдө айырма) болгондуктан алардын пикирий хис кылуусунда да тафавут болушу табигый көрүнүш. Мисалы, бир адамда белгилүү бир нерсе жөнүндө собик пикир болгондуктан анын бузуктугун көрө алса, башка адамда мындай собик пикир жоктугунан анын бузуктугун көрбөйт. Айрым кишилер зулум кылынып жатканын оңой эле хис кылышса, башкалар болсо муну хис кылышпайт, же алардын хис кылышы өтө кыйын болот. Пикирий тафавут жана ихтилафка карай адамдар маддий болбогон иштерди хис кылууда т.а. пикирий хис кылууда бири-биринен айырмаланышат. Адамдар пикирий хис кылуу жагынан үч тайпага бөлүнөт:

Курч хис кылуучулар. Мындай адамдар бузуктукту же ага окшогон абалды тез хис кылышат.

Кадимки хис кылуучулар. Алар бузуктукту хис кылышы үчүн бир аз аракет кылууга муктаж болушат.

Начар хис кылуучу адамдар. Мындай адамдар ушундай пикирий хис кылуулары менен бузуктукту хис кылуу үчүн олуттуу аракетке муктаж болушат.

Ошол себептен хис кылуу пайда болушу үчүн, андан соң өзгөртүү жөнүндө пикирлөө пайда болушу, андан кийин өзгөртүүгө аракет кылуу үчүн түшүнүү жана собик пикир зарыл. Бузуктукту же бузук вакиъни хис кылуу канчалык күчтүү болсо, өзгөртүүгө аракет кылуу да ошончолук күчтүү болот.

Бирок, бузуктукту же бузук вакиъни түшүнүп жетүүнүн өзү өзгөртүү үчүн аракет кылууга жетиштүү эмес. Буга кошумча түрдө бузук вакиънин ордун ээлей турган альтернативалык вакиъни да билүү, түшүнүү зарыл. Бул болсо түшүнүү-билүү маселесиндеги экинчи кыйынчылык. Биринчи кыйынчылык  бузук вакиъни түшүнүп жетүү о.э. өз кезегинде бузуктукту хис кылуу болсо, экинчиси, бул бузук вакиънин ордун ээлей турган вакиъни билүү. Мындай тыянак чыгарышыбыздын себеби, өзгөртүү иши максатсыз, бейпайда иш болуп калбастан, максаттуу жана анык бир гояга багытталган болушу керек.

Мына ошол себептен пикирий түшүнүү өзүнүн эки кыйынчылыгы (т.а. вакиъни түшүнүү жана бузук вакиънин ордун ээлей турган вакиъни билүү) менен өзгөртүүнүн негизи о.э. пикирлөө жараянына таасирин тийгизүүчү маанилүү аамил болуп эсептелет. Адамдын пикирий түшүнүү-билүүсү өсүп барган сайын пикирий маселелерди хис кылышы да өнүгүп-өсөт жана курчтук деңгээлине. Бул тыянакка түшүндүрмө берүү үчүн төмөнкү мисалды келтиребиз: Өкүмдарлык жана улуулук сүтүн эмип, сый-урмат жана кадыр-барк мухитинде бойго жеткен адам менен кордук жана өмөндүк сүтүн эмип, кордолуу баткагында тарбияланган адамды алып келип, экөөнү бирдей кордосо, экөөнүн реакциясы бирдей болобу же башкача болобу? Биринчи адам да кордукту экинчиси кабыл алгандай кабыл алабы? Мындай мамилеге экөөнүн тең каршылыгы бирдей болобу? Мунун жообу анык. Т.а. биринчиси собик билими-түшүнүгү себептүү жана сый-урматка үйрөнгөнү натыйжасында кордукту кабыл алабайт. Экинчиси болсо таптакыр козголбойт. Себеби, ал кордолууга үйрөнүп калган. Дүйнөгө келгенден бери кордукта жашайт. Кордук адамдын шаанисине тескери иш экенин билбейт. Ал “кордолуу жашоонун ажырагыс бир бөлүгү” деп билген эшекке окшойт. Ошол себептен жашоону кордуксуз элестете албайт. Анын абалы караңгы зындан дубалдары ичинде, абакта төрөлүп өскөн адамдын абалына окшойт. Мындай адам абактан тышкарыда, абактын шарттарынан абзел шарттар болушу мүмкүндүгүнө ишенбейт, аны элестетиши да кыйын. Зынданды зындан деп атоого көнбөйт. Себеби, ал зындандан башка жерди билбейт жана өзү төрөлүп өскөн зынданды жашоо үчүн табигый жай деп билет.

Биринчи эркин адам болсо, кордоо анын канын кайнатып жиберет. Себеби, ал бул сөздүн маанисин аябай жакшы хис кылат. Негизи адамды кордоо эмес, урматтоо, улуулоо керектигин билет.

Тыянак ушул, өзгөртүү анык иш. Ар бир адам өзүндөгү өзгөртүүгө умтулууну хис кылат. Бирок бул умтулуу адамдар ортосунда ар түрдүү болуп, максаттары да ар түрдүү. Мына ушундан өзгөртүү аракетинин күчүндөгү тафавут пайда болот. Булардын бардыгынын негизи – бузук вакиъни жана анын ордун ээлей турган вакиъ бар экендигин пикирий түшүнүү. Ошондуктан, муфаккирлер, курч хис кылуучу адамдар собик аамилдерди (пикирлерди) жетиштүү деңгээлде түшүнүп жетиши жана адамдарды өзгөртүү үчүн аракет кылууга шыктандыруу, үндөө үчүн аларда пикирий хис кылууну пайда кылууга умтулушу зарыл. Бул иш болсо учурдагы вакиънин бузуктугун түшүндүрүү аркылуу жана бузук вакиънин ордун ээлей турган вакиъни түшүндүрүп берүү аркылуу о.э. бул вакиъни көркөм көрүнүштө көрсөтө алуу менен ишке ашырылат. Ансыз бир да өзгөртүүчү аракет ийгиликке жете албайт. «Зулум каршылыкты пайда кылбайт. Зулумду хис кылууну гана пайда кылат».

Жогоруда айтылган сөздөрдөн өзгөртүүнүн негизги аамилдери белгилүү болот. Т.а. бузук вакиъ жөнүндө собик пикирий түшүнүү болсо гана өзгөртүү жөнүндө пикирлөө же ага умтулуу пайда болушу мүмкүн. Жогоруда айтылган сөздөргө олуттуу көңүл буруу зарыл. Бирок ушул жерде дагы бир нече иштер бар болуп, өзгөртүү жараянына киришүүдөн мурда аларды билип коюш керек. Алар:

а) өзгөртүү иши кыйын, машакаттуу иш болуп, ага күчтүү үммөттөр, элдер жана адамдар гана кудуреттүү болушат. Ал эми төмөн үммөттөр, коркуу жана уялуу ээлеп алган жалкоо адамдар өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртүү ишине кудуреттүү болушпайт.

 إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

— „…Акыйкатта, кайсы бир коом өздөрүн өзгөртмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт… ”  [13:11]

б) өзгөртүү иши жөн гана өзгөртүп коюу болбостон, тескерисинче белгилери анык, белгиленген максат үчүн болушу керек.

Вакиъни кандайдыр жаңы вакиъге өзгөртүү эмес, алдын ала белгилүү болгон жаңы вакиъге өзгөртүү зарыл. Бул жаңы вакиъ биздин азыркы абалыбызда учурдагы вакиъге, анын бардык терс тараптарына тескери болгон, ага караганда өнүккөн, үммөткө кадыр-баркты, бактылуулукту, кадыржамджыкты кепилдей турган жаңы вакиъ болушу керек.

в)  өзгөртүү иши ар кандай туш келген жолдор менен эмес, алдын ала белгиленген план негизинде,  ачык-айкын жол аркылуу болушу керек. Анткени ушул аркылуу, аракет учурунда сая кетпестик, максаттан башка тарапка кетип калбастык камсыздалат. Ошондуктан «өзгөртүү үчүн шайтан менен келишим түзүү» деген сөзгө кошулуу акмакчылык болуп эсептелет. Себеби шайтандын барар жери тозок. Ошондуктан, жөн гана өзгөртүп коюу акмакчылык болуп эсептелет. Себеби, өмүрүбүз сая кетет.

Демек, ишке киришүүдөн мурда гоя жана жол анык белгиленген болушу керек. Антпесе туура жолдо бара жатабыз деп ойлоп, жер шарын айланып чыккан, жүрүп-жүрүп жердин тоголок экендигине ишенген наадан кимселердин тагдыры башыбызга түшөт.

г)  максатка жетүү жана көздөлгөн гоя жүзөгө чыгышы үчүн олуттуу пикирлөө о.э. олуттуу аракет кылуу өтө маанилүү.

Олуттуу пикирлөө – бул анык максат үчүн пикирлөө. Пикирлөө бул максатты ишке ашыруу үчүн аракеттерди пайда кылып жаткан болсо, мындай пикирлөөдө олуттуулук бар экендигин билдирет. Олуттуу аракет кылуу – бул кылынып жаткан аракет көздөлүп жаткан гоя деңгээлинде болушу. Демек, өзгөртүү жөнүндө пикирлөө жөн гана пикирлөө болбостон, олуттуу болушу т.а. анык бир гояны жүзөгө чыгаруу үчүн болушу керек. Өзгөртүү үчүн кылынып жаткан аракет олуттуу болушу т.а. кылынып жаткан иш-аракеттер көздөлгөн гоя деңгээлинде болушу керек.

Толук, ачык-айкын болушу жана жаркын тасаввур кылынышы керек болгон жогорудагы айрым иштерден тыянак чыгарсак: өзгөртүү жараянына киришүүдөн мурда өзгөртүүдөн көздөлгөн гояны жана бул гояга алып баруучу жолду о.э. бул жол кооп-коркунуч жана кыйынчылыктар менен оролгонун, өзгөртүү иши олуттуулукка жана сабырдуулукка муктаж экендигин, өзгөртүү ишин үммөттүн тагдырын чечүүчү маселе деп эсептөөгө муктаждык бар экендигин билүү зарыл. Муфаккирлер вакиънин бузуктугун түшүндүрүү, анын жамандыгын пикирий хис кылдыруу о.э. бул вакиънин ордун ээлей турган вакиъни түшүндүрүү аркылуу үммөткө өзгөртүү зарылдыгын түшүндүрүү менен бирге өзгөртүү жолуна киришкендерге жогоруда айтылган акыйкаттарды түшүндүрүшү керек.

Ахмад Атыйат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here