Муфтият кайрадан Рамазандын башталышын алдын ала белгиледи

4037
0

Муфтият кайрадан Рамазандын башталышын алдын ала белгиледи

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылдын Рамазан айынын башталышын 11-мартка белгиледи. Бул тууралуу муфтияттын сайтында расмий айтылды.

Билдирүүдө айдын жаңырышы астрономиялык эсеп менен аныкталганы белгиленген. О.э ай көрүнүүчү аймактардын ар түрдүүлүгү этибарга алынбай турганы айтылган.

Түпкүлүгүндө, рамазан айынын башталышы тууралуу нусустар айды көз менен көрүүгө гана таянат. Ошондуктан, айды көрүп рамазанды баштап, айды көрүп рамазанды бүтүрүү шарт. Эгер, рамазан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечки убакыт айды көрбөсөк – ал тургай, астрономиялык эсептөө боюнча ай бар болуп, булут же аба-ырайы себептүү тосулуп калган болсо да – рамазан айынын күндөрүн отуз күн кылып толтуруу зарыл. Расулуллах ﷺдын имам Бухарий риваят кылган ушул хадисинде айтылат: Мен Абу Хурайра розияллоху анхудан мындай дегенин укканмын: Набий ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Дагы Абу Хурайра розияллоху анхудан риваят кылынат: Расулуллах ﷺ айтты:

«لَا تَصُومُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ وَلَا تُفْطِرُوا حَتَّى تَرَوْا الْهِلَالَ، وَقَالَ: صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غَبِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ»

«Тээ айды көрмөйүнчө орозону баштабагыла, айды көрмөйүнчө орозону бүтүрбөгүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, ай күндөрүн отуз күн кылгыла». Т.а. эгер булут айды тосуп калып, мусулмандар аны көрүшпөсө, ал тургай, астрономиялык эсептөө боюнча ай бар деп эсептелсе да, айды көрбөгөнүбүз үчүн отузунчу күн да орозо кармайбыз. Астрономиялык эсептөө боюнча ай бар болушуна карабастан, Расул (с.а.в) Рамазанды отуз күнгө толуктоого буйруп жатат.

Ал эми, ай көрүнүүчү аймактардын ар түрдүүлүгүнө келсек, айды көрбөгөндөр көргөндөрдү ээрчиши керек. Себеби, айды көргөндөр көрбөгөндөр үчүн далил болот жана темага астрономиялык эсептөөлөрдү аралаштырбастан, шаръий нусустарда айтылгандай айды көрүү өз тастыгын тапкан болуп эсептелет. Анткени, бул маселеде анык жана адилеттүү күбөлүк назарга алынган. Ибн Умар розияллоху анхудан ушул сахих хадис риваят кылынат: «Адамдар айды көрүштү, ошондо мен Расулуллах ﷺга аны көргөнүмдүн кабарын бердим. Ошондо Расулуллах ﷺ орозону баштап, адамдарды да орозону баштоого буюрду» (Абу Давуд риваяты).

Жыйынтыктап айтканда, айды көрүүдө ихтилафты жоюунун туура  жолу шаръий өкүмгө амал кылуу! Себеби, Расулуллах ﷺ айды көрүүгө амал кылуу зарылдыгын баян кылып, хадистин уландысында «فَإِنْ غَبِيَ عَلَيْكُمْ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ Эгер, аба булуттуу болсо отуз күн кылгыла» деп муну баса белгилеп койгон. Мындан астрономиялык эсептөөнү этибарга албоо керектиги ачык көрүнүп турат. Себеби, нусус бизге булут тосуп калгандыктан ай көрүнбөй калса, ай күндөрүн толук отуз күн кылууну важиб кылган.

Ал эми, ихтилафтардын негизги себеби – мусулмандардын Халифалык мамлекетинде биригишпегени. Анткени, мусулмандарды бөлүп салбастан, ихтилафтарды алдын ала турган мусулмандардын бир өкүмдары жок. Имам Ахмад өзүнүн муснадында Расулуллах ﷺдын ушул хадисин риваят кылат: «Асман булуттуу болгондуктан, шаввал айы көрүнбөй калган эле, эрте менен ниет кылып алдык. Ошол күндүн акырында кербен келип, Расулуллах ﷺдын алдында «кече айды көрдүк» деп күбөлүк беришти… Ошондо Расулуллах ﷺ ошол күнү орозону ачышыбызды, эртеси айт кылышыбызды буюрду».

Ошол заманда айыл жана шаарлардын ортосунда байланыш орнотуу кыйын болгонуна карабастан, Расулуллах Мадина шаарында мусулмандарды ооз ачууга буйрушу менен проблема чечилген. Себеби, чөлдө ай көрүнгөн эле. Ал зат айт намазын эртеси окууга буйруду. Анткени, ошол күнү чөлдөн келген өкүлдөр Мадинага айт намазы убагы аяктаган убакта жетип келишкен. Бул окуя бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кабар жетип келиши көп убакытты алган заманда болду. Бирок, кабар өтө кыска убакытта жетип бара турган бүгүнкү күндөчү?! Эгер, мусулмандардын бир халифасы болгондо, алар Аллахтын ага-ини пенделерине айланышмак. Айрыкча, Ислам мамлекетке, жамаатка жана жеке адамга мусулмандарды шаръий жол менен бириктире турган бардык иштерди кабыл алууну буйруган. Мусулмандарды бириктире турган шаръий раъйды кабыл алуу Исламда даражасы улуу иш болуп эсептелет.

Демек, ачык-айкын көрүнүп турган шаръий өкүмгө амал кылуу жана мусулмандардын Халифалык мамлекетинде биригиши ихтилафтын алдын алат. Ушул себептен улам, мусулмандар бул эки нерсени ишке ашырууга катуу аракет кылуулары керек.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here