Ислам кызматташтык уюму (Израил)ди дагы бир жолу “каралады”

4647
0

Ислам кызматташтык уюму (Израил)ди дагы бир жолу “каралады”

Ислам кызматташтык уюму Газанын түштүгүндө болжол менен 1,5 миллион палестиналык баш баанек тапкан Рафах шаарына кылынган (Израил)дин чабуулдарына мамилесин билдирди. Уюм тарабынан берилген билдирүүдө, (Израиль) армиясынын Газа секторундагы Рафах шаарына чабуулдары катуу караланды. О.э. билдирүүдө (Израил)дин Рафахка чабуулу натыйжасында көпчүлүгү жаш балдар жана аялдардан турган жүздөгөн палестиналык жай тургундар өлгөнү жана бул чабуулдар эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабастан ишке ашырылганы баса белгиленди.

Комментарий: Исламий өлкөлөрдүн башчылары Ислам кызматташтык уюмунун атынан яхудий вужудунун кыргындарын каралап жатканы менен, негизи алар шерменделик менен яхудий вужудун колдоп келишет. Мисалы, Мисир өкмөтү, эмне болушуна карабастан, яхудий вужуду менен түзгөн келишимдерди аткара бере турганын билдирди. АКШнын ишенимдүү малайы болгон Сиси режими Рафах чек ара пунктунан Газа чек арасына чейин туурасы 5 км болгон буфердик аймак түздү. Бир жарым миңден ашуун туннелди жок кылды. Жаңы туннел казып алышпасын деп, Газа чек арасындагы чек ара дубалдарынын түбүнө 6 метрдик бетон тосмо коштурду, үстүнө да 6 метр дубал кошуп, чек араны ого бетер бекемдеди. Бул аркылуу Газага жардам алып кирүү дээрлик мүмкүн болбой калып, 2 миллиондон ашуун мусулман ачарчылыкта калды. Ал тургай ачарчылыктан жаш балдар өлүп жатканы тууралуу кабарлар тарады. Түркиядан яхудий вужудуна болот, күйүүчү май жана азык-түлүк жүктөлгөн кемелер каттамы үзгүлтүксүз уланууда. “HÜDA PAR” партиясынын төрагасынын орунбасары Халаф Йылмаз “Twitter”деги баракчасында: “Газада жаш балдарды кыргын кылып жаткан танктарды жана бомбаларды чыгарууда колдонулуучу болот сырьёсу Түркиядан барып жатат… Булар үчүн Аллахтын алдында кантип жооп беришет…”, – деп жазды. Бириккен Араб Эмираттарынын, Саудиянын жана Иорданиянын бийликтери  яхудий вужуду менен соода токтоп калбашы үчүн бардык чараларды көрүштү. Натыйжада баскынчы яхудий вужуду Ислам үммөтүнүн чарасыз абалынан жана жетекчилеринин кыянатынан кайраттанып, Рафах шаарынан баш баанек тапкан миллиондогон мусулмандарга абадан сокку урууну күчөтө баштады.

Тарыхта 57 мамлекет башчынын атаандаш каршысында чөгөлөп турушу болгон эмес. Туура, тарыхта бир нече мамлекет бир күчтүү мамлекетке баш ийген болушу мүмкүн. Анткени алар чындап эле алсыз мамлекеттер болушкан. А бирок, учурда бир гана Талибан кыймылын жеңе  албаган АКШнын алдында кордук менен баш ийип турган 57 мамлекеттин арасында дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын катарынан орун алган аскерге ээ болгон бир нече мамлекеттер бар. Ушундай болгон соң, анан кантип бул мамлекеттер алсыз болушу мүмкүн?! Жок! Бул жерде алсыздык эмес, кыянат бар.

Демек Газадагы бүгүнкү абал көрсөтүп тургандай, мусулмандар алгач башында турган алсыз жана коркок башчыларды кулатып, алардын ордуна мына ушул 57 мамлекетти бир туунун алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн болгон күчү менен аракет кылышы керек. Себеби, бул жерде яхудий вужудун жексен кылууга батына албай жаткан алсыздык жана коркоктук Ислам Үммөтүнө эмес, Ислам Үммөтүнүн үстүнө күч менен орношуп алган жетекчилерге тиешелүү. Анткени, Ислам Үммөтүнүн күч-кубаты жетиштүү. Болгону, яхудий вужудуна каршы армияларды аттандырбай жаткан жана аны менен мамилени үзбөй жаткан ошол жетекчилердин кыянаты буга жол бербей жатат.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here