Депутат медреселерди дагы текшерүүнү талап кылды

3774
6

Депутат медреселерди дагы текшерүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Кыргызстандагы аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылды. Бул тууралуу парламенттин 25-январдагы жалпы отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 109 медресенин жарымынан көбү аялдардын жана кыздардын медресеси. Ал жакта кимдер иштеп, кандай мугалимдер кыздарга эмнени окутуп жатат белгисиз. Кыздар болгону теологиялык гана илим алып, башка сабактар, адистиктер окутулган жок. Ошондуктан, кыздар медреседен кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип атышат имиш. Депутат кыздар медреседен кийин эле күйөөгө тийип, ажырашуулар, зордук-зомбулук көп болуп жатканын кошумчалады.

         Ал арада муфтият жогоруда көтөрүлгөн маселе боюнча билдирүү жасап, өлкөдөгү диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөрүн айтты. О.э диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбашы үчүн атайын «Кесиптик билим берүү» долбоору ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан. Мындан тышкары, 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет. Мындай текшерүүлөр Аалымдар Кеңеши, Муфтият тарабынан да жүргүзүлүп келген.

         Бул билдирүүнүн артынан болсо муфтий Замир Ракиев өз арызы менен жумуштан кеткендигин билдирди.

         Белгилүү болгондой, өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир нече мечит жана медресенин ишмердүүлүгүн токтоткон. Буга аталган жайлардын санитардык абалы жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы шылтоо кылынган болчу.

         Жогорудагы депутаттын талабы жана бийликтин текшерүүлөрүнүн негизги максаты диний чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүү экени талашсыз. Ал эми, мындай демилгелер өзүн мусулман катары көрсөтүп, жоолук салынган эл өкүлү тарабынан көтөрүлүп жаткандыгы бийликтин “мээлүүн Ислам” долбоорун ишке ашырууга жан далбас уруп жатканынан кабар берет.

“Мээлүн ислам” долбоору исламий өлкөлөрдө түптөлүп жаткан мабдаий исламга каршы күрөшүү долбоору. Бул долбоор куфр акыйдасына негизделген жана исламий өлкөлөрдө иш жүзүндө өкүм сүрүп келген капиталисттик идеологияга исламий түс берүүнү максат кылат. Бул болсо, үммөттү зулумдукка тартып бараткан исламий көрүнүштөгү куфр системасынын өмүрүн узартууга жардам берет.

Андыктан, биз мусулмандар ар бир Исламий баалуулукту сактап калууга катуу туруубуз зарыл. Ал эми, кыргыз өкмөтүнө кайрылаарыбыз, айт намаздарда элге көрүнүп коюп, артынан кайра мечит-медреселерди жабуу менен мунафыктык белгиңерди көрсөтүп жатасыңарбы! Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер мечит, медреселерди жабуу эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар!

Мумтаз Маверанахрий

6 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here