Британияда Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынды

3682
0

Британияда Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынды

Британия парламентинин жогорку палатасы бир добуштан кабыл алган мыйзамга ылайык, Англияда Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Британиянын ички иштер министри Жеймс Клеверли жарыялады. (Израил)дин Британиядагы элчиси жогорудагы чечим үчүн социалдык тармактар аркылуу Клеверлиге ыраазылык билдирди.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, террорчу топ катары сыпатталган Хизб ут-Тахрирдин сабында ишмердүүлүк алып барган адам 14 жылга чейинки камак жазасына өкүм кылынып, мүлкү конфискацияланат. (Израил)ге каршы Ислам Үммөтүнүн аскерлерин аракетке чакыруу жана Мужахиддердин “Акса ташкыны” операциясын алкыштоо бул мыйзамды кабыл алууга негизги себептерден болгон.

Британиянын коопсуздук  министри Том Тугендхат төмөнкү себептерден улам Хизб ут-Тахрирге тыюу салынгандыгын билдирди.

  • Яхудийликке каршылыгы (Антисемитизм).
  • Акса ташкыны операциясын макташы жана колдошу.
  • Демократияны четке кагышы.
  • Гомосексуализмга каршылыгы.
  • Британия баалуулуктарын четке кагышы.

Комментарий: Британия өкмөтү Хизбге тыюу салуу үчүн негизинен “Хизб ут-Тахрир яхудийликке каршы, Акса ташкыны опреациясын алкыштап, Мужахиддерди колдоп жатат” деген шылтоолорду бетке карманууда. Чындыгында, Хизб ут-Тахрир яхудий вужуду Ыйык жерибизге орношуп алышына катуу каршы болуп, аны Палестинадан тез арада кууп чыгаруу жана Акса мечитин алардын ыпыластыгынан тазалоо зарыл экендигин тынымсыз кайталап келет. А бирок, Хизб ут-Тахрирдин (Израилге) каршылыгын “яхудийликке каршы” деп сыпаттоо ачык адаштыруу болуп эсептелет. Негизи, Хизб ут-Тахрирдин китептери жана басылмаларында – шаръий далилдерге таянган абалда – яхудийлер Халифалык мамлекетинде ахли зимма катары жизя төлөп жашашы мүмкүн экендиги ачык айтылган.

Хизб ут-Тахрирдин гомосексуализмге каршылыгы жана демократияны четке кагып, англис баалуулуктарын тааныбашына келсек, Куранда ачык арам кылынган жана адамзатты айбандан да төмөн даражага түшүрүп жибере турган ишке каршы туруу Хизб ут-Тахрирге эле эмес, бардык мусулмандарга важиб. Буга каршы болбогон чыныгы мусулман табылбаса керек. Демократия болсо, Аллах Тааланын (إِنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ) – “Өкүм-өкүмдарлык бир гана Аллахка таандык”, деген аятына тескери көрүнүштө, толук бийликти жана адал-арам кылуу укугун адамдарга берет. Муну кабыл алуу жана куфр баалуулуктарын коргоо эч бир мусулманга жаиз эмес.

Алар келтирип жаткан мындан башка себептерди карасак, бул себептердин бири да “террор”го далил боло албайт. Эгер Хизб ут-Тахрир террорчу топ болсо, анда эмне үчүн Англия өкмөтү 30 жылдан бери анын ишмердүүлүгүнө унчукпай келди. Негизи, Хизб ут-Тахрир ушунча жылдан бери Ыйык жерге орношуп алган яхудий вужудуна каршы экендигин, гомосексуализмден жийиркенерин жана англис баалуулуктарын четке кагышын, демократия куфр түзүмү экендигин ачык айтып келген.

Англиянын бул аракети Батыштын эки жүздүүлүгүн, анын “эркиндик”, “сөз эркиндиги”, “адам укуктары” сыяктуу сөздөрү жалган экендигин о.э. Батыш бул нерселерди жалаң гана өзүнүн пайдасына колдонуп, мусулмандарга келгенде баарынан баш тартып коёрун ачыктап жатат. Себеби, Хизб ут-Тахрир 1953-жылдан бери дүйнодөгү 50 чакты өлкөдө саясий жана пикирий гана ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатат. Бул нерсе баарына белгилүү. Ушул кезге чейин, Хизбдин Англияда болобу же башка жердеби, террордук ишмердүүлүк менен алектенгени далилденген эмес. Ал тургай Европадагы укуктук чөйрөлөр да Хизб ут-Тахрир ишмердүүлүгүнүн террорго тиешеси жоктугун моюнга алышкан.

Демек, акыркы кездерде Халифалык темасы актуалдуу маселеге темага айлана баштаганы себептүү куфр калкы өздөрүнө жакындап келе жаткан коркунучту олуттуу сезе баштады. Бул “коркунучтун” башында Хизб ут-Тахрир турганы анык. Себеби, Хизб ут-Тахрир акыйкат үстүндө бекем туруу жана Расулуллах с.а.в.дын тарыйкатына таянган өзгөргүс позициясы аркылуу коомчулуктун аң-сезиминде Халифалык түшүнүгүн калыптандыра алды. Ошондуктан да Батыш өз баалуулуктарынан баш тартып, Хизбге каршы олуттуу күрөш баштады. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, бул жерде Хизб ут-Тахрир бутага алынып жатканы айтылганы менен, негизи алардын жүрөк үшүн алган нерсе, Исламдын т.а. Халифалыктын турмушка кайтып келиши болууда.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here