Казино тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилмекчи

2529
0

Казино тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилмекчи

Жогорку Кеңеш 25-январда “Кумар оюндары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окуудан карап, кабыл алды.

Маалыматка ылайык,  уруксат берилип, лицензия алган казино жана букмекердик кеңселерден мамлекеттик бюджетке жалпы 100 млн 464 миң сом салык түшкөн. Ал эми, казиного уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан чакта өкмөт жыл сайын 1 млрд сом киреше түшөрүн билдирген. Аталган мыйзам Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачмакчы.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Өлкөдө чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. А бирок, жергиликтүү тургундар казинодо жүргөн окуялар социалдык тармактарда байма-бай талкууланып келет.

Президент Садыр Жапаров калктын катуу каршылыгын пайда кылган казино боюнча мыйзам долбоорун колдоп чыгып, аны ишке ашырган эле. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып жаткан чакта, казинодон түшкөн каражат менен калктын турмушун көтөрүү максат кылынып жатканы айтылган. А бирок, турмуш чындыгында бул казинолор бийликтин сол чөнтөктөгү акчасын адалдоочу аппаратка айланып калды.

Албетте, мусулмандар бул абалдан сабак алышы керек. Айрыкча, өз кызыкчылыктары жолунда мусулманчылыгын жарнамалап келген, бирок, мына ушул мыйзамдын өтүшүндө капырлардын катарында турган депутаттар менен аткаминерлердин фасыктыгынан ибрат алуу зарыл. Түпкүлүгүндө, президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар” арам амалды адал кылып койбойт. Бул өлчөө капиталисттик системанын өлчөөсү. Демек, мусулмандар намаз окуган депутат шайлоо менен же президент алмаштыруу менен буга окшогон бузукулуктарды токтотуусу мүмкүн эмес. Тескерисинче, светтик системаны толугу менен кулатып, Исламды жашоого алып келүү менен гана буга окшогон бузукулуктар жер бетинен жоголот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here