Эл аралык уюмдардын эки жүздүүлүгү жана бийликтин зулуму
Өткөн аптада Кыргызстанда 11 журналист камакка алынып, айрым сайттардын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Мындан улам, эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү кыргыз бийлигине байма-бай кайрылууларды жасашууда. Маселен, 19-январда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Улуу Британиянын, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун айтышып, биргелешкен билдирүү жарыялашкан.
Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.
Журналисттердин камалышына АКШнын бийлиги дагы кабатырлануусун билдирген. 18-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэтью Миллер Кыргызстандагы жагдайга байланыштуу мындай кайрылуу жасады: “Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында өкмөттүн көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге каршы соңку аракеттерине терең тынчсызданууда. Бул аракеттерден өкмөт коомдук талкууну жана сөз эркиндигин баскысы келгендей көрүнүүдө. Биз кыргыз бийлигин журналисттерге басым-кысымсыз иштөө шартын камсыз кылууга чакырабыз. Эркин басма сөздү, адам укуктарын коргоо, натыйжалуу демократиялык институттарды колдоо тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.
17-январда баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан “Эл аралык басма сөз институту” (International Press Institute, IPI) 11 журналисттин тез арада бошотулушун талап кылган. Ал эми, эл аралык “Amnesty International” уюму: “Кыргыз бийлиги башка пикирди карманган жарандарга кысымды токтотуп, кармалган журналисттерди жана өз оюн ачык билдиргени үчүн абакка кесилгендерди бошотушу керек”, – деди .
Ушул эле күнү Страсбургда Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлуп, жактырылды. Аны парламенттеги 629 депутаттын 543ү колдоду. Резолюцияда «Борбор Азиянын бийлик башындагы авторитардык режимдери адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сакташы керектиги» да айтылды.
Аңгыча, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине акыркы камоолор тууралуу маек куруп, журналисттер “массалык башаламандыкка чакырууга” шектелип кармалганын билдирди. Анын айтымында, көз карандысыз журналист, блогерлер ар түрдүү фонддордон, уюмдардан алган гранттык каражаттарды башка максатта колдонушууда. Жалпысынан kloop.media, “Медиахаб”, kaktus.media, “ПолитКлиника”, factcheck.kg, T-Media маалымат агенттиктери жыл сайын чет элдик донорлордон 600 000 АКШ долларынан жогору өлчөмдө гранттык каражаттарды алышкан. Бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулукту колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү долбоорлору үчүн бөлүнөт. Бирок, иш жүзүндө гранттык каражаттар бийликти жаман көрсөтүү, каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясатына жумшалып жатат.
Коош, бул эл аралык уюмдардын камтамасы чын эле журналисттердин камалуусуна, адам укуктарынын, айрыкча, сөз эркиндигинин тебеленишине байланыштуубу? Же болбосо, алардын кайрылууларынын артында башка кызыкчылыктар жатабы? Мамлекет башчысынын актануусу жөндүүбү же өлкөдө диктатуралык режимди орнотуу үчүн жасалган кадамбы?
Белгилүү болгондой, учурдагы бийлик кызматка киришкенден бери жүздөгөн мусулмандар социалдык тармактагы пикири же диний маалыматты бөлүшкөндүгү үчүн соттолушкан. Учурда да ондогон Хизб мүчөлөрү болгон ага-эжелерибиз экстремизм шылтоосу менен камактарда кармалып турушат. Аларга карата, айрыкча, кармоо учурунда адаттан тыш кыйноолор, уруп-сабоо, токко отургузуу, жабык режимде сактоо сыяктуу ырайымсыз зулумдуктар колдонулуп келет. А бирок, жогорудагы эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү мусулмандарга карата жасалган мындай иштерге “сөз эркиндиги”, “адам укугу” сыяктуу кайрылуулары бул жакта турсун, кыңк деп да коюшпаган. А түгүл, бир кездерде калыс мусулмандар экстремизм менен айыпталып, оор жазаларга кириптер болуп жатышканда, бул “светскийлер” кол чаап кубанып олтурушкан. Кызыгы, бул уюмдар “экстремизм…” жана “мамлекеттик түзүлүшкө каршы…” беренелер менен бийликтин светтик оппоненттери камактарга алына баштаганда гана үн ката баштады. Демек, “сөз эркиндиги”, “адам укугу” ураандары Батыш жана эл аралык уюмдардын өз максатын ишке ашырууда эки жүздүү айла-амалдарынан башка нерсе эмес. Бул болсо колонизатор каафирлер Ислам жана анын дааватчылары каршысында, пикирий-идеологиялык күрөштө жеңилип бара жатканынан кабар берет.
Түпкүлүгүндө, Батыш сунуштап жаткан “сөз эркиндиги” Исламга бүтүндөй тескери экендиги да белгилүү. Себеби, сөз эркиндиги саясатчыларды сындоо менен эле чектелип калбайт. Тескерисинче, “сөз эркиндиги” куфр сөздөрүн ачык айтууну, Исламий акыйдага тескери келе турган ар кандай пикирге чакырууну, сүткордук жана зынакордукка үгүттөөнү о.э. телесериалдар аркылуу ар түрдүү бузукулукту көрсөтүүнү жана башка ушул сыяктуу нерселерди өз ичине алат. Буга биз Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)га карата жийиркеничтүү карикатураларды чыгарышканда, Ыйык Куранды өрттөп, тебелеген ыплас окуяларда ачык күбө болдук. Демек, каапырлардын сөз эркиндиги Исламга каршы күрөштөргө келгенде гана ашыгы менен колдонулат.
Мындан тышкары, Исламда акимдерди мухасаба кылуу сөз эркиндигине кирбейт, тескерисинче, бул нерсе амри-маъруф жана нахий-мункар болуп, мусулмандардын милдети. Эгер сөз эркиндиги болгондо, каалаган адам акимдерди мухасаба кылып, каалабаган адам мухасаба кылбай коюшу мүмкүн болмок. Ошондуктан Расулуллах (с.а.в):
“مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ”
“Кайсы бириңер бирер жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Эгер буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Мунусу болсо ыймандын өтө алсыздыгы”, – деген. (Муслим риваяты). Хадис умумий болуп акимдерди мухасаба кылууну да өз ичине алат.
Биз бул сөздөрүбүз менен учурдагы бийликтин диктатураны орнотуу жолундагы зулумдуктарын коргоп же актамакчы эмеспиз. Тескерисинче, Батыштын демократиялык баалуулуктарын жаюу жана колдонуудагы эки жүздүүлүктөрүн ачык белгилеп кетмекчибиз. Ал эми, бийликтин мусулмандарды жана журналисттерди экстремизмде айыптап камакка алуулары зулумдук жана өз тактысын сактап калуу үчүн жасаган аракетинен башка нерсе эмес. Анткени, кыргыз бийлиги көз карандысыздык жылдарынан бери Орусияга баш ийип кызмат кылышса, айрым учурда Батыш менен мамиле түзүүгө жана Орусиядан алыстоого аракет кылышты. Ушул күрөш жолунда өтмүштөгү бийликтердин диктатураны орнотуу аракеттери натыйжалуу болбоду. Ал эми, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Муну Батыш менен болгон стратегиялык келишимдерди тоңдуруп коюшу айгинелеп турат. Учурдагы бийликтин тышкы саясаты Кытайга багытталууда. Ошондуктан, бийликти диктатуралык режим менен башкарууга болушунча урунуп жатат. Мындан улам, Батыштын колу-бутуна айланган журналисттер менен бейөкмөт уюмдарга карата чабуулдарды күчөтүүдө.
Диктатуралык режим орнотуу үчүн алгач маалыматтык монополия орнотулат. Бул жараянды дүйнөлүк системанын тажрыйбаларынан жана тарыхтагы бардык режимдердин аракеттеринен көрүүгө болот.
А бирок, Кыргызстан өзүн КМШдагы авторитардык мамлекеттер арасында калып кеткен “демократиялык аралча” деп атап алып, Батыш мамлекеттеринен жана эл аралык уюмдардан миллиондогон доллардык карыздарды алган. Ошондуктан, эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен эл аралык норма жана келишимдерди сактоону талап кылууда. Буга кошумча, Кыргызстанда диктатуралык режимдеги сакофаттын кубаты аз. Бул багытта коомдук пикирди пайда кылууга көбүрөөк убакыт талап кылынат.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому бийликтин диктатураны орнотуу аракеттерине каршы туруп, элибиздин зулумдукка каршы баатырлык мүнөзүн күчөтүп баруубуз зарыл. Муну менен катар Батыштын кыйтыр, эки жүздүү саясатына алданып калбастан, ага каршы Ислам сакофатын тунук үйрөнүп, аны бийик көтөрүп чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз шарт!
Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү