Түркия тышкы иштер миистринин билдирүүсү кылмышкер Асад режимин коргоп жатканын тастыктап турат

4180
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркия тышкы иштер миистринин билдирүүсү кылмышкер Асад режимин коргоп жатканын тастыктап турат

Түркия тышкы миштер министри Хакан Фидан анын өлкөсү Сирия режими менен оппозициясы ортосундагы жаңжалды токтотуу жана эки тарап ортосунда «жаңы жаңжал чыгышын» алдын алууга өзгөчө көңүл бурарын айтты. Фидан Сирия режими менен оппозиция ортосунда жаңы жаңжал чыгышына жол бербөө – башкы вазыйпа деп эсептеди. Анын айтымында, Түркиянын жаңы жаңжал чыкпашынан кызыкдар экендиги ушул бир нече себептерге барып такалат: ал себептердин эң маанилүүсү – качкын-мигранттарды көбөйтпөө… Тынчтык өкүм сүргөн чөйрөнү жаратуу үчүн эки тарап өз ара жек көрүүнү унутушу керек. О.э. тынчтык жана келечекти көрүү үчүн саясий позицияны пайда кылуу зарыл.

Өз кезегинде, саясий активист Ахмад Мааз өзүнүн Телеграм каналындагы постунда бул билдирүүлөргө мындай түшүндүрмө берди: «Асад менен мамилелерди нормалдаштыруу кадамдарынан кийин Түркия режими өзү айткандай, тынчтыкты сактап калууга аракет кылууда. Ал эки тарап ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу кадамдарын улантуу үчүн биз менен кылмышкер режим ортосундагы жек көрүүнүн унутулушун каалап жатат. Ошондуктан, көрүп турганыбыздай, ал анын буйруктарына баш ийген, буйругунан кылча четтебеген топтор аркылуу Сирия режиминин кыргындарына жооп берилген кээ бир соккуларды эсепке албаганда, режимге каршы ар кандай соккуну алдын алууга катуу аракет кылууда. Муну менен бирге, бул кырсыктуу жолду четке кагууга, фронтторду ачууга о.э. козголоң күчтөрүн аракетке келтирүүгө аракет кылып жаткан козголоңчулардын жана мужахиддердин камакка алынышын жетектеп жатат». Активист дагы айтат: «Түркия режими күндөн күнгө өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүүдө. Дамаскта Мавсавийдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Эрдагандын Иранга көңүл айтышы, бул режимдин оппортунисттигин, козголоңго жана анын душмандарына кайдыгер экендигин көрсөтөт. Туурасы, ал башынан эле душмандын лагерине кошулган деп айтууга болот». Активист өз сөзүн минтип аяктады: «Эгерде, козголоң Түркия режими менен, анын мубарек Шам козголоңунун план жана максаттарынан айырмаланган план жана максаттарынан алаканы үзбөсө, кайра аракетке келиши мүмкүн эмес. Бул нерсе топтордун жетекчилери арасындагы Түркия малайларына каршы баш көтөрүп, аны менен алаканы үзүү жараянын жетектеген саясий жетекчиликти кабыл алуу аркылуу гана болот. Ансыз азат кылынган аймактардагы элибиздин кыйынчылыктары сакталып калып, кыйынчылыктар күндөн-күнгө оорлошо берет».

 Роя гезити, №477, 2024-жыл, 10-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here