Британия Хизб-ут Тахрирге тыюу салмакчы
Британия Ички иштер министри Клеверли Хизб-ут Тахрирдин – Фалестиндеги мужахиддер аракетин колдоп, жөөт баскынчыларын айыптаган – иш чараларын шылтоо кылып, партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуштады. Министр мындай сунуш менен парламентке кайрылды. Эгер сунуш кабыл алынса, мыйзам 19-январдан тарта күчүнө кирет.
Хизб-ут Тахрир жөөттөрдүн 7-октябрда башталган кыргындарына каршы Британия жана бир катар өлкөлөрдө акцияларды өткөргөн. Бул өз кезегинде Британия өкмөтүнүн тынчын алууда. Клеверлинин айтымында, Хизб-ут Тахрир Хамастын аракеттерин колдоо аркылуу, террорду колдогон антисемиттик партия экендигин көрсөтүүдө.
Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе, партияга мүчө болуу, конференцияларды өткөрүү же партиянын кайсы бир логотибин коомдук жайда көтөрүп чыгуу кылмыш болуп эсептелет. Мындай кадамга баргандарды 14 жылга чейинки жаза күтөт.
Бул падышалыкта буга чейин премьер-министр Тони Блэр доорунда Хизб-ут Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу аракети далилдин жетишсиздигинен улам натыйжасыз болгон. Кийин 2010-жылы Девид Кемерондун учурунда да партияга тыюу салуу аракети майнапсыз аяктаган. Муну менен демократияны жаюучу колонизаторлор өздөрү чакырган пикир эркиндигине каршы күрөшүп жатканын ачык көрсөтүүдө. Колонизатор Британия мындай аракеттери менен Фалестинадагы мусулмандардын кыргынына шерик экендиктерин да ачыктап турат. Мындан улам, Британиядагы мусулман жамааттары өкмөттүн Хизбге тыюу салуу аракеттерине каршы чыгып, “Хизб-ут Тахрир”ге колдоо чакырыктарын жасашууда.
Хизб-ут Тахрир 70 жылдан ашык убакыттан бери капиталисттик системага жана аны жайып жаткан колонизаторлор менен алардын мусулман өлкөлөрүндөгү малайларына каршы – тарыйкатка ылайык – пикирий жана саясий күрөш жүргүзүп келет. Буга карабастан, империалист каапырлар менен алардын малайлары партия жана анын мүчөлөрүнө каршы ырайымсыз күрөш алып барып, натыйжада миңдеген жигиттер шахид болушту. Мындай тоскоолдуктарга карабастан, Хизб дүйнөнүн чар тарабында Исламды тикелөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн сарптай бермекчи.
Мумтаз Маверанахрий