ХАМАСтын жетекчиси Түштүк Африкага ыраазылык билдирди

2409
0

ХАМАСтын жетекчиси Түштүк Африкага ыраазылык билдирди

Хамастын Саясий Бюросунун жетекчиси Исмаил Хания яхудий баскынчы күчтөрүнүн Газадагы палестиндиктерге каршы геноциди боюнча Гаагадагы Эл аралык сотко доо арыз менен кайрылган Түштүк Африкага ыраазылык билдирди. Исмаил Хания “Палестина үчүн эркиндик” конференциясында билдирүү берип жатып Түштүк Африкага ыраазылык билдирди.

Ал эми 57 мусулман өлкөнүн бири эмес, тескерисинче мусулман болбогон Түштүк Африканын Гаага сотуна кайрылышы көңүл бурууга арзый турган окуя. Себеби, Түштүк Африкада яхудий топторунун таасири аябай күчтүү. Мисалы, Түштүк Африкада яхудий мектептери аскерлерди окутуп чыгарат. Өкмөт яхудий вужудуна бир топ артыкчылыктарды бергени себептүү мамлекеттеги (Израил)ге байланышы бар яхудий коому бир топ аскерлешкен. Герцлия сыяктуу яхудий мектептери (Израиль) Куралдуу Күчтөрү үчүн аскерлерди жалдап жатат. Мектеп (Израил)дин гимни менен ачылып, анын гимни менен жабылат жана яхудийлердин улуттук фонду үчүн акча чогултулат. О.э. Түштүк Африка мыйзамдарына тескери келишине карабастан, түштүк африкалыктар көптөгөн жылдардан бери (Израиль) армиясынын катарында кызмат өтөп келишет. Ал тургай, Герцлия мектеби бүтүрүүчүлөрүнүн бештен бир бөлүгү окууну аяктаган соң дароо (Израиль) армиясынын тизмесине жазылат.

Бул жерде, “эмне үчүн Түштүк Африка (Израил)дин Газадагы аракеттерин “геноцид” катары баалап, аны Гаага сотуна берди” деген суроо жаралышы табигый көрүнүш. Мунун себеби, АКШ башында турган куфр дүйнөсү Палестинада жүз берип жаткан кагышууларды яхудийлер менен мусулмандар ортосундагы маселе эмес, яхудийлер менен Хамас ортосундагы маселе кылып көрсөтүү үчүн катуу аракет кылууда. Эгер муну мусулман өлкөлөрүнүн бири Гаага сотуна көтөрүп чыкканда, анын бул аракети, “Газа маселеси яхудийлер менен мусулманлар ортосундагы маселе” экендигине ишара болмок. Ошол себептен АКШ буга уруксат бербеди. Бирок алар канчалык аракет кылышпасын, мусулмандар Палестина маселеси акыйдага тиешелүү маселе экендигин алда качан эле түшүнүп жеткен. Ошондуктан, Ислам үммөтү яхудий маселеси Гаага сотуна арыздануу же БУУга кайрылуу менен чечилбестигин, бул жана ушул сыяктуу Исламий өлкөлөрдөгү көйгөйлүү маселелер Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана чечилерин ачык айтып чыгууда.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here