Куллий коида

3170
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Куллий коида

 Бул коиданы түшүнүү үчүн алгач бул коида ифадалап жаткан сөздөрдү түшүнүп алышыбыз керек. Куллий сөзү бөлүктөрдөн куралган бир нече нерсени бир сөз менен ифада кылууга колдонулат, башкача айтканда, бир нече бөлүктөрдөн турган вакиъни ифадалаган сөзгө, пикирге же өкүмгө куллий деген сыпат колдонулат. Мисалы: сабиз, пияз, картошка, капуста, шалгам, түрп, баклажан, калемпир жана башкалардын баары көздөлгөндө жашылча же жашылча-жемиштер деген сөз колдонулат. Бул “жашылча” сөзү куллий атама. Сабиз, пияз, картошка, капуста, шалгам, түрп, баклажан, калемпир сыяктуулар бул атаманын бөлүктөрү.

Же хиске түшкөн ар бир нерсе: тоо-таштар, чөлдөр, суулар, токой жана бактар, айбандар менен канаттуулар, курт-кумускалар, жылдыздар жана планеталар т.а. хиске түшүп жаткан бардык нерсе материя жана ал азалий” деп ифадалоо – бул коммунисттердин бир пикири. О.э. бул куллий пикир. Тоо-таштар, чөлдөр, суулар, токой жана бактар, айбандар жана канаттуулар, курт-кумускалар жана ушул сыяктуулар бул куллий пикирдин бөлүктөрү болот т.а. алардын айтымында, булардын ар бири материя жана азалий.

Же адамдын иштери, ибадаттар болобу, соода, жетекчилик же кызмат көрсөтүүлөр болобу, же болбосо тууганчылык, кошуначылык болобу, ар кандай иш негизи шаръий өкүмгө байланышы керек. Бул бир шаръий өкүм т.а. иш-амалдардагы аслдык шаръий өкүмгө байлануу деген өкүм да куллий өкүм. Ибадаттар, даъват кылуу, соода, жетекчилик же кызмат көрсөтүүлөр, тууганчылык, кошуначылык булар ушул өкүмдүн бөлүктөрү.

 Бул сөздөр: атамалар (жашылча), пикир (материя азалий) же өкүм (иш-амалдардагы асл шаръий өкүмгө байлануу) ифада кылып жаткан вакиълердин ар бирин ушул сөздөр өз ифадасы менен максат кылса да, бирок алардын бири да ошол ифаданын толук вакиъсине мисал боло албайт. Мисалы: сабиз жашылчанын бир жузъу, бирок баары эмес, же болбосо, “жер шары материя, ал азалий” деген атеисттердин пикири, “материя азалий” деген пикирлердин бир бөлүгү, бирок бардыгы эмес. Же намаз окуудан мурда шарият кандай окууну талап кылганын үйрөнүү важиб деген өкүм да, иш-амалдардагы аслдык шаръий өкүмгө байлануу, деген өкүмдүн бир бөлүгү, бул өкүмдүн бардыгына бул (намаз окуудан мурда, шарият кандай окууну талап кылганын үйрөнүү важиб деген өкүм да) мисал боло албайт.

Куллий сыпатка ээ сөздөр жогорудагы сыяктуу бир нече бөлүктөрдөн куралган бир бүтүн нерсеге колдонулат.

Коида сөзү болсо – негиз же пайдубал деген маанини т.а. башка нерселер анын негизинде турган, негизги бөлүгү деген мааниде колдонулат. Мисалы: үйдүн дубалдары, эшик-терезелери, чатыры пайдубалдын үстүнө курулат. Асл-негиз коида-пайдубал деп аталат. Биздин терминде коида – тартип-эрежеге колдонулуп калган. Мисалы: жол кыймылынын эрежелери, мектеп эрежелери, оорукана эрежелери сыяктуу. Бирок, шаръий өкүмдөрдү бааяндап жаткандагы “коида” сөзү “негиз ” маанисинде колдонулат. Мисалы: пикирий коида – пикирлер жана пикирлөө негизи маанисинде, же амалий коида – адам кыла турган ар бир иш-амалдын асл-негизи деген мааниде ж.б.у.с…

Демек, куллий коида – бул бардык бөлүктөрдү өз ичине алган негиз.

Муфаккир Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here