Кытай менен кызматташуу – кооптуу!

7369
0

Кытай менен кызматташуу – кооптуу!

Кытайдан келген соттордун делегациясы Кыргызстандын жогорку сотун зыярат кылды. Жолугушууда тараптар мурун келишилген келишимдерди талкуулашты. Бул келишимдер былтыры Кытай–ШКУ регионалдык сотторунун экинчи форумунда түзүлгөн. Маалымат каражаттары кабарлашынча, бул иш-чара соттук практикалар менен алмашууга жана ШКУга кирген өлкөлөрдүн регионалдык сотторунун кызматташуусун алга сүрүүгө, ошондой эле, соттук өз ара аракеттердин механизмдерин кеңейтүүгө багытталган.

Мына ушундай таризде Кытай менен Кыргызстандын кызматташуусу улам-улам жаңы тармактарды камтып бара жатат. Эми кызматташуу деңгээли сот системасына жетип келди. Эки өлкөнүн сотторунун кызматташуусу жолго коюлуп жатат. Жогоруда айтылган «практикалар менен алмашуу» дегени Кыргызстандагы сотторго Кытай «таалим» берет дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, кимге кандай өкүм чыгарууну, эмне жакшы, эмне жаман экенин, айрыкча кимди «террористке», «экстремистке» чыгарууну Кытайдын талаптарына шайкеш келтирүүнү түшүндүрөт. Байкасаңар, бул кызматташуу ШУКнун иш-чараларынын алкагында алып барылууда. Белгилүү болгондой, Кытай өзүнүн таасирин жаюуда жана «экстремизмге» (түпкүлүгүндө Исламга) каршы күрөшүүдө курал катары ШКУдан пайдаланып келет. ШКУнун алкагында дагы ачыкталган жана ачыкталбаган бир далай келишимдер түзүлгөн, албетте алардын баары Кытайдын экспансиясына кызмат кылары шексиз.

Кытайдын экспансиясы Кыргызстанда толук кандуу ишке ашырылып келе жатат десек жаңылышпайбыз. Үстүртөн эле көз чаптыруунун натыйжасында Кыргызстан Кытайга байланып калганын көрүүгө болот. Маселен, өлкөбүздүн тышкы карызын алсак, тышкы карыз 4,5 миллиард долларга жетти, анын дээрлик 2 миллиарды Кытай банкына таандык. Андан тышкары тоо-кен тармагында да Кытайдын компаниялары иш жүргүзүп, өлкөдөгү «майлуу» кен чыккан жерлер Кытайга берилери айтылып келет. Экономика жаатында Кытай менен кызматташуу көп болгондуктан, Кытай менен инвестиция сөзү синонимдей болуп калды.

Өлкөбүздө мындай Кытай менен кызматташуу долбоорлору көп жана ишмердик кылып жаткан Кытай компаниялары да аз эмес. Кытай компаниялары, өзгөчө тоо кен жаатындагы компаниялар өзүлөрү менен кошо кытай жумушчуларын кошо алып келишет. Бул жумушчу кытайлар өлкөбүздөгү келечек «чайна таундардын» пайдубалы десек жаңылышпайбыз. Кытай аларды иштетүүнү гана көздөбөстөн, аларды ошол жерлерде калтырып, жергиликтүү эл менен «сиңишүүсүн» көздөйт. Азыр кен казылып жаткан сай-сайларда ушул «чайна таундардын» учкундары пайда боло баштады.

Албетте адал-арамды ылгабаган, кыймылдаган нерсенин баарын жеген кытайды, анын саясатын элибиз жек көрөрү анык. Андан тышкары, Кытай менен биздин тарихый жана маданий душмандыгыбыз бар. Ошондуктан Кытай бул «мүчүлүштүктү» жоюу үчүн сакафий жаатта иш-аракеттерди күчөттү. Мисалы элдик, коомдук делген УТРК, ЭЛТР каналдарында Кытай көрсөтүүлөрү, фильмдери берилиши ырбады. Кытай китептери кыргыз тилине которулуп, Кытай борборлору ачыла баштады. Бул да болсо сакафий чабуулдун бир бөлүгү.

Мунун баарына эмне жол берип жатат? Капитализм жол берүүдө. Бүгүнкү капитализм (демократия) системасы колониализмге мыйзамдуу жол ачат. Кытайдын бизге карата саясаты муну ачыктап турат. Капитализмге ылайык анын бардык саясаты мыйзамдуу.

Ошондуктан Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, саясий баскынчылыгына каршы туруубуз керек, бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.

Эске салсак, 8-кылымда мусулмандарды жамдап турган Халифалыктын тушунда мусулмандар түркий элдер менен биригишип, Таласта кытайлар менен салгылашып, алардын мизин кайтарган. Ошондон тарта кытайлар миң жылдай Орто Азиягы кадам шилтешпеген. Бүгүн да мусулмандар биригип бул душманга каршы турушпаса, өз-өзүнчө болуп, ыдыроону токтотушпаса Кытайдын мизин кайтаруу мүмкүн болбойт. Бирок, мусулмандарды эмне бириктирет, эмне эриш-аркак кылат? Демократиябы, мекенчилдикпи, улутчулдукпу? Бул идеялардын баары мусулмандарды бириктирүүгө эмес, тескерисинче ыдыратууга, бузууга кызмат кылбадыбы?! Ошон үчүн бизди бир гана Ислам бириктирет!!!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here