Таъзия

6693
0

Таъзия

مِنْ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً

«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары (Аллахтын жолунда шахид болуу тууралуу) өз убадасына турушту (т.а. шахид болду), айрымдары болсо (шахид болууга) ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»                                                                                                                                     [33:23]

Хижрий 1445-жыл 22-жумадул аввал, миладий 2023-жыл 5-декабрь күнү Хизб-ут-Тахрирдин таквалуу мүчөлөрүнүн бири бурадарыбыз Султанбаев Улугбек Иброхим уулу узакка созулган дарттан улам дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен маалымдайбыз. Бурадарыбыз 1974-жылы Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Карасуу шаарында төрөлгөн, анын артында үч уул жана үч кыз перзенттери калды.

Хизб-ут-Тахрир сабында жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, бекем эрк жана майтарылгыс кайрат менен активдүү аракет алып барган Улугбек бурадарыбыз даъват жолунда малы-жанын аябаган даъватчылардан эле. Бурадарыбыз 1998-жылы Хизб-ут-Тахрир катарына кирип, анын пикирлери менен таанышкан алгачкы күндөн тартып, жамааттын активдүү мүчөсүнө айланды. Ислам даъватын көтөрүп чыгууда аны мусибаттар да, тагуттардын куугуну да хизб аракетинен токтото алган жок, тескерисинчп, күчүнө күч, кайратына кайрат кошту. Ал өмүрүнүн акыркы демдерине чейин хак үстүндө бекем туруп, Рошид Халифалыкты тикелөө жолунда чын ыхлас жана фидаайилик менен аракет алып барды. Биз бурадарыбызды ушундай деп эсептейбиз, бирок, эч кимди Аллах алдында актамакчы эмеспиз.

Аллах Азза ва Жалладан бурадарыбызды магфират кылып, өзүнүн кең рахматына алышын, Фирдавс жаннатында пайгамбарлар, сыддыктар, шахиддер жана солихтер менен бирге кылышын сурайбыз, Алар кандай гана жакшы жолдоштор! Бурадарыбыздын ааила-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, аларга Аллахдан чырайлуу сабр тилейбиз. О.э. Аллах Субханахудан Улугбек бурадарыбыздын дартынан тарткан азияттарын күнөөлөрүнө каффаарат кылышын жана солих амалдарын өзүнө жолдош кылышын сурап калабыз.

Хизб ут-Тахрир сабында даъват аманатын көтөрүүдө желкелеш болгон бурадарыбыздан айрылуу бизди канчалык терең кайгыга салбасын, сөзүбүздүн акырында Аллах раазы боло турган сөздү гана айтабыз:

إِنَّا للهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

“Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Анын Өзүнө гана кайтабыз”  [2:156]

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 12. 2023.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here