Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды
Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жапонияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров премьер-министр Фумио Кисидо жана император Нарухито, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол койду. О.э Жапаров Токиодон сырткары Киото шаарына да барары белгиленген.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу акыркы жылдары эселеп өсүп барууда. 2018-2021-жылдары эки өлкөнүн товар айлантуусу 10 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин болгон. 2022-жылы бул сумма 93 миллион долларга жетти. Ал эми, быйылкы жылы кыргыз-жапон соода алакасы 1,9 эсеге өсүп, 187 миллион доллардан ашты.
8-ноябрда Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Токиодо өтүп жаткан “Чоң жетинин” башкы дипломаттарынын жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүн “мыйзам үстөмдүгүнө негизделген эркин, ачык эл аралык тартипти сактоо жана бекемдөө жагынан “Чоң жетинин” маанилүү өнөктөшү” деп атаган. Анын айтымында, 2024-жылы “Борбор Азия + Жапония” диалог саммити өткөрүлөт.
Жапаровдун расмий сапары Украина согушу артынан Борбор Азияда державалардын таасир талашуусу күч алган учурга дал келүүдө. Борбор Азиянын стратегиялык мааниси артып жатканын буга окшогон расмий сапарлардын жана саммиттердин “ат тезегин кургатпай” аймакта өткөрүлүп жатканы да тастыктап турат. Маселен, жыл башынан бери Кытай, Орусия, Евро биримдик, Германия, АКШ менен С5+1 форматында саммиттер өткөрүлүп, аймакка Орусия, ЕБ, Германия, Франция жана Италиянын жетекчилери расмий сапар менен келип кетишти. Мындан тышкары, региондор аралык да бир катар саммиттер өткөрүлдү. Маселен, Жапаров акыркы эки апта ичинде эле Астанадагы Түрк мамлекеттер уюмуна, Ташкентте Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышып, анын артынан Францияга жумушчу сапар менен барды. Бул жолугушуулар пландалып келген болсо да, анда көтөрүлүп жаткан маселелер орчундуу жана аймактагы саясий абал өзгөрүп жаткандыгына ишара кылат.
Жогорудан маалым болгондой, Борбор Азиядагы таасир талашуу майданы кеңейип барууда. А түгүл, статистика көрсөткөндөй Борбор Азиянын Кытай менен болгон соода алакасы аймактагы салттуу колонизатор болуп калган Орусия менен болгон соода байланыштан соодасынан ашып түшүүдө. Маселен, Борбор Азия менен Орусиянын соода алакасы 40 млрд $ды түзөт. Бул Орусияга санкция салган Батыштан Борбор Азия аркылуу товарларды сатуу 300%га чейин өскөндөн кийинки көлөм. Ал эми, Кытай менен аймактагы өлкөлөрдүн товар алмашуусу 60 млрд долларга чамалайт.
Мындан улам, АКШ дүйнөлүк майданда өзүнө атаандаш көргөн Кытайдын Борбор Азияны толук таасири астына алуусуна каршы аракеттерди көрүп жатат. Бул үчүн С5+1 форматындагы саммит Президенттик деңгээлге көтөрүлүп, Байден аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерин АКШда кабы алды. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттерин да уюштурууда. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга жогорудагы окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Андыктан, Жапаровдун Жапонияга жасаган сапарында экономикалык кызыкчылыктарда эки өлкөнүн пайдасы болсо дагы, саясий жактан Кытайдын таасирине каршы багытталат.
Мына ушундай ачкөздүктөрдүн, таланып-тонолуунун каршысында биз мусулмандар, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө аракет кылышыбыз шарт. Ага чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи.
Мумтаз Маверанахрий