Исламдагы медициналык кесипте ахлак

3094
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Медициналык кесипте ахлак (этика), медициналык жоопкерчилик жана туура эмес мамиле

Исламдагы медициналык кесипте ахлак

  Ахлактагы негизги аамил ушул, ахлак Ислам акыйдасы негизине курулган болушу керек. Момун киши ахлакка “турмушта пайда же зыян алып келет” деген эмес, “Аллахтын буйругу жана кайтаруусу” деген этибарда карашы керек. Ырасында, мусулман кайсы жерде пайда бар болсо, ошол жерде алаксыбастан Исламды колдонууда собит турган соң, мына ушул көз караш көркөм ахлак менен сыпаттанууну туруктуу жана собит кылат. Чындыгында, шарият  көркөм ахлак деп аталуучу же  ахлаксыздык деп эсептелүүчү бир нече сыпаттарды баяндады. Көркөм ахлакка чакырып, жаман ахлактан кайтарды. Чынчылдык, аманаткөйлүк, уят, ата-энеге жакшылык кылуу, тууган-урук менен жакшы мамиледе болуу, адамдардын оорун жеңил кылуу о.э. өзү үчүн жакшы көргөн нерсени боордошу үчүн да жакшы көрүү сыяктуу көркөм ахлактарга үндөдү. Булардын тескериси болгон жалганчылык, кыянат, хасад, бузуктук жана ушул сыяктуулардан кайтарды. Бул сөздөр табиб жана медицина тармагындагы кесип ээлеринин ахлактарына да тийиштүү. Буга кошумча алар саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү болгон жогорку сыпаттарга ээ болушу, саламаттыкты сактоодо көздөлгөн максаттарды чын дилден жана ыкылас менен ишке ашыруу сыяктуу көркөм ахлакка ээ болушу керек. Себеби, медицина адам муктаж боло турган эң маанилүү кесиптерден. Бул кесип бейтаптардын жана жабыр тарткандардын кыйынчылыктарын жеңилдетүүгө негизделет. Адамдын саламаттыгын сактап калууга, бейтаптардан ооруну жоготууга жана бейтаптын сак-саламат болушуна жардам бере турган  бардык иштерди аткарууга аракет кылат. Бул кесипке Ислам шарияты да көңүл бурган. Ошондуктан, жанды сактап калууну коомду сактап калуунун жогорку максаттарынан кылды. Ислам көркөм ахлактарга ээ болууну о.э. иште тыкандык жана ыкыласты важиб кылгандыктан, булар табибге карата дагы важибирээк жана зарылыраак болот. Расулуллах с.а.в. айтат:

إِنّ اللَّهَ تبارك وتَعَالى يُحِبّ إِذَا عَمِلَ أَحَدُكُمْ عَمَلاً أَنْ يُتْقِنَهُ

“Албетте Аллах Таала бирөө-жарымыңар бир ишти  кылса, аны чырайлуу кылышын жакшы көрөт”. Байхакий “Шаъбул ыйман”да баян кылган.

  Өткөн доорлордо медицина этикасы жөнүндө көп айтылды. Ал тууралуу китептер чыгып, лекциялар окулду, мыйзамдар түзүлдү жана “медицинада окутуу этикасын” медициналык колледждерде окутула турган курска айландыруу боюнча сунуштамалар берилди. Илимий техниканын өнүгүүсү натыйжасында дене мүчөлөрүн трансплантациялоо, адамдын үстүнөн изилдөөлөр, тукумсуздукту дарылоо, жүрөк-респиратордук реанимация каражаттарын жаратуу, клондоштруу, мээси өлгөн адамдан дарылоо аспаптарын алып таштоо, маркумдун мүчөлөрүн эхсан (донордук) кылуу сыяктуу  жаңы маселелер пайда болду… Бул маселелерге акылдан келип чыгып, пайда көз карашынан өкүм чыгарууда ачыктан-ачык чалкештиктер пайда болду. Себеби, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо моделдери пайда негизине курулган илманий-спекулярдык “ахлакый” коидаларга негизделет. Исламда болсо, медицина ахлакы жана анын негиздери шаръий өкүмдөргө негизделет. Табибдин ишине тиешелүү, бейтапка тиешелүү же дарылоого тиешелүү болгон коидаларды шарият өкүмдөрү белгилеп берет. Мисалы, табибге аврат жерлерди көрүүгө уруксат берүүнү жана хилват болбошун шарият белгилейт. О.э.  жаңы чыгып жаткан маселелерде, алардын ар биринин шаръий өкүмүн табууда ижтихад кылып, алар менен кандай мамиле кылуунун көрүнүшүн да шарият белгилейт. “Хизбут-Тахрир” басып чыгарган “истинсох (клондоштуруудагы) ислам өкүмү” китебинде ижтихаддын бул түрүнө кеңири мисалдар келтирилген.

  Ошондуктан, медицина кызматкерлери саламаттыкты сактоого тиешелүү негизги шаръий өкүмдөрдү үйрөнүп чыгышы, андан соң ушул өкүмдөрдү истинбат кылуу көрүнүшү жөнүндөгү ижтихадды түшүнүүгө умтулушу керек. Бул аркылуу алардын айрымдары – эгер ижтихадга ылайык келе турган шарттарды толук кылышса – медицинага тиешелүү иштерде ижтихад кылуу жөндөмүнө ээ болушат. Ошондуктан, Халифалык мамлекетиндеги медицина кызматкерлери жана медициналык кесип ээлери кабыл алып жаткан ахлак коидалары Батыш дүйнө карашынан эмес, жалаң гана Исламдан келип чыккан болушу керек. Анткени, ахлак – ал шахсий болобу, же кесиптик болобу айырмасыз – шарият өкүмдөрүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Буга кошумча, мусулман медицина кызматкерлери өмүр жана өлүм сыяктуу медициналык  шарттарга тиешелүү акыйда маселелерин, медициналык аралашуу же табибдер жөндөмү эмес, балким Аллах Таала Табиб жана Шыпаа берүүчү  экенин түшүнүп жетиши керек. Бул тууралуу табабаттагы белгилүү аалымдардын бири Рози “Табиб ахлакы” китебинде төмөнкүдөй келтирген: “Табибдер Аллахка таянышы жана дабааны Андан гана күтүшү керек. Табиб  эч качан өзүнүн жөндөмү жана аткарган амалы муалажанын себеби деп ойлобошу керек.  Антпесе, Аллах Таала аны ушул шыпаадан ажыратып коёт”.

  Албетте, Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо түзүмү исламий турмуш көлөкөсүндөгү жашоо таризине негизделген болот. Халифалык мамлекети кайры мусулмандардан технология жана медициналык жабдыктарды алып жаткан учурда шариятка тескери келген медициналык операцияларды кабыл алышы жакшы болбойт. Себеби, илимий жагы дүйнөлүк болсо да, илим-фан жетишкен натыйжаларды шарият өкүмдөрүнө ылайык келе турган көрүнүштө гана иштетиш керек болот. Эгер шарият уруксат берсе алынат, эгер шарият арам кылса ташталат жана аны колдонуу арам болот.

  Капиталисттик түзүмдүн медицина тармагындагы ахлакый көйгөйлөрү Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясатын колдонуу маалында жок болот. Себеби, саламаттыкты сактоого тиешелүү маселелерде ижтихад кылынат жана алардын шаръий өкүмдөрү истинбат кылынат. Табибдер жана медицина кызматкерлери мына ушул өкүмдөр боюнча иш кылышат. О.э. табибдер, медицина кызматкерлери менен бейтаптардын мамилелери, бул мамилелердин чек аралары жана өзүнө хос негиздери белгиленет. Дагы буларга мусулмандар зыйнатталышы керек болгон умумий адеп-ахлактар да кошулат. Халифалык мамлекетинин материяны рухка аралаштырууга таянган саламаттыкты сактоо  саясаты, көйгөйлөрдү чечүүдөгү Исламдын көз  карашы, мамлекет бүтүндөй калктын негизги муктаждыктарын камсыздап бериши, Исламдын экономикалык көйгөйлөргө көз карашы, саламаттыкты сактоо элге тиешелүү жана акысыз болушу, бул жаатта башкалардан айырмаланып турууга умтулуу, буларга кошумча ушул максаттарды жүзөгө чыгарууну кепилдей турган идарий түзүм бар экендиги – саламаттыкты сактоодогу мына ушул саясат  ахлак тармагындагы изилдөөчүлөр адам тарабынан иштелип чыккан, илманий-спекулярдык түзүмдөр көлөкөсүндөгү медицина негиздеринен өзүнчө түзүм катары издеп жаткан нерсени табигый түрдө жүзөгө чыгарат. Ислам акыйдасы мусулман табибдерди өз милдеттерин эртең кыямат күнүндө Аллахтын алдында жооп берем деген ойдо аткарууга үндөйт. Ошондуктан, ооруларга Аллахтын изни менен дабаа табууга аракет кылышат. Жаңы-жаңы дары-дармек жана дабалоо технологиялары жөнүндө изденишет. Ошону менен мусулмандар жүздөгөн жылдар бою ээлеп турган жогорку макамдарга көтөрүлүшөт жана талкуу-изилдөөдө, илимий жана медициналык ачылыштарды жаратууда алдыңкылардан болушат.

Мусулман саламаттыкты сактоо кызматкеринин ахлакы (этикасы)

  Төмөндө саламаттыкты сактоо кызматкерлери амал кылышы, өздөрүн алардын үстүндө тарбиялашы жана аларга чакырышы зарыл болгон ахлакый нормаларга мисалдарды келтиребиз. Айрыкча, саламаттыкты сактоо кызматкери өзү өз ара жардам жана кызматташтык сыпатына ээ болгон коомдун мүчөсү экендигин түшүнүп жеткенде сыпаттануу зарыл болгон ахлакый нормаларга токтолуп өтөбүз:

  1. Аллахка берилгендик жана Аллах субханаху ва Тааланын ыраазылыгын издөө: Саламаттыкты сактоо кызматкери, бардык амалдарын калыс Аллах үчүн аткарууда алдыңкылардан болушу керек. Ал чоңбу, кичинеби бардык амалдарынан эсеп берерин түшүнгөндөй эле, бардык иштериндеги рухий жакты да түшүнүп жетиши зарыл.

  1. Көркөм кулкту көрсөтүү: Садакат, аманат, тазалык, жөнөкөйлүк, башкаларды урматтоо, сабырдуу болуу, боорукердик, достук, сергектик, ынсаптуулук сыяктуу чырайлуу кулктарду көрсөтүү.

  1. Жоопкерчилик: Саламаттыкты сактоо кызматкерлери башкалар өкүм чыгарышынан жана каталарын кеңири чөйрөдө жарыя кылышынан мурда өздөрү-өздөрүнө өкүм чыгарышы керек. Жоопкерчилик бардык нерсени ал тургай эң кичине ката жана кемчиликтерди да камтыйт.

  1. Паскечтиктен жана акмакчылыктан сактануу: Саламаттыкты сактоо кызматкерине гыйбат, жалаа, көп сүйлөө, тартышуу, беймаани күлүү же айрыкча, милдетин аткаруу учурунда туура эмес сөздөрдү сүйлөө арам, аларга жийиркеничтүү, коом тарабынан караланган иштерге берилүү жарашпайт. Ал тургай шаръан арам болбосо да адептүүлүккө туура келбей турган жолдордон кайтууну абзел билиши керек.

Дарыгердин бейтапка карата милдети

  Дарыгер менен бейтап ортосундагы мамиле өз ара  ишеним жана чынчылдык негизине курулат. Дарыгер бейтапка медициналык муктаждыкка карай, бейтаптын кадыр-баркын урматтаган, анын укуктарын эсепке алган абалда туура жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүшү шарт. Булардын бардыгы Ислам шарияты жана кесиптик милдет белгилеген ахлакий алкакта болушу керек. Анын ичинде:

  1. Бейтапка чырайлуу мамиледе болуу, дарыгер ар кандай шартта бейтапка жумшак мамиледе болушу керек.

  1. Бейтаптын кызыкчылыктарын ишке ашыруу, анын укуктарын коргоо жана анын кызыкчылыктарын камсыздоо.

  1. Бейтаптын ыраазылыгы: Балагатка жеткен, аң-сезимдүү бейтаптан же эгер балагатка жетпеген болсо же тажрыйбасыз болсо, анын валийинин ыраазылыгын алуу зарыл болот. Мындай ыраазылык ар кандай медициналык же хиррургиялык аралашуу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда алынат.

  1. Бейтапты тынчтандыруу: Дарыгер бейтапты тынчтандыруу жана анын дартын жеңилдетүү үчүн жөндөмүн ишке салышы керек болот.

  1. Бейтаптын сырларын сактоо: Ислам шарияты бейтаптын сырларын сактоо жана анын шахсий кол тийбестиги маанилүү экендигин баса белгилейт. Бейтаптын сырларын билүү дарыгерге аларды ашкере кылууга же алар жөнүндө бейтапка тиешелүү адамдан башка эч кимге айтууга укук бербейт. Мындан мурунку (Маалымат банк, девандар жана шахсий электрондук файлдар) бөлүмүндө айтып өткөн айрым абалдар мындан тышкары.

  1. Бейтапты сүрөткө тартуу жана үнүн жаздырып алуу мүмкүн эмес: Муктаждыксыз же талап кылынган зарылдыксыз бейтапты толук же айрым бир бөлүгүн сүрөткө тартып алуу мүмкүн болбойт. Медициналык таалим же саламаттыкты сактоо боюнча изилдөө максатында сүрөткө тартып алуу мындан тышкары. Буга зарылдык пайда болгон учурда алдын ала бейтаптын ыраазылыгын алуу сыяктуу атайын коидаларга амал кылуу важиб болот.

7.Медициналык муалажадан баш тарткан бейтаптар менен иштөө: Бейтап дарылануудан баш тарткан абалда дарыгер төмөнкү иштерди кылышы важиб болот:

  • Бейтаптын медициналык муалажаны четке кагышы чечиминин акыбеттери жөнүндөгү билимин текшерүү.
  • Бейтаптын көз карашын угуу жана анын каалоолорун урматтоо.
  • Медициналык муалажанын маанилүүлүгүн жана процедураны толук жана кадыржам аткарбастыктын акыбеттерин түшүндүрүү.
  • Эгер саламаттыкты сактоо дарыгери дарылоочу дарыгерден башка болсо, ал бейтапты дарылоочу дарыгерине кайтарышы керек. Өз кезегинде ал бейтапты ишендирүү үчүн колунан келгенин кылат жана ага тиешелүү чечимдерди кабыл алуунун альтернативалык усулдарын үйрөтөт.
  • Бейтаптын четке кагышын жазуу түрүндө документтештирүү, ошондо дарыгер эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.

Медициналык жоопкерчилик, медициналык татыксыздык жана этиятсыздык

Медицина кесибинин жоопкерчилиги

  Табиб жана дарыгерлер милдетин аткаруу учурунда кетирген ар кандай катага жоопкер болушат. Алар бейтапка зыян жеткирбеш үчүн өтө этият болушу керек. Медициналык ката – бул дарыгердин ар бир дарыгер билиши шарт болгон, моюнга алынган, өзгөргүс илимий принциптерди бузуусу. Кээде мындай коида бузуулардын себеби – дарыгердин шашкалактыгына, этибарсыздыгына же диагноз коюу учурунда зарыл болгон этияттык жана сергектикти эсепке албаганына, же фан анын ыктыярына койгон каражаттардан пайдалана албастыгына барып такалат.

Медициналык ката иштөө таърифи (аныктамасы)

  Медициналык ката иш: “Бул дарыгер тарабынан кесиптик ишмердүүлүгүндө аткарылган, кабыл алынган кесиптик нормаларга, профессионалдык кызмат көрсөтүү стандарттарына жана стандарттык оперативдик тартип-эрежелерге туура келбей турган, бейтапка зыян жеткире турган деңгээлдеги ар кандай ката иш-аракет”. Бу таърифтеги “ката иш-аракет” жогорудагы таърифте келгендей, атайылап же кайдыгерлик себептүү четтөө важиб болгон ишти аткаруу, же аткаруу важиб болгон ишти (т.а. кайдыгерлик же этибарсыздык себептүү) аткарбай коюу. “Медициналык кызматкер” – бул бейтап  үчүн медициналык муалажада катышкан табиб-дарыгер, медайым, ооркуна  жетекчиси жана башка тараптар. Кесиптик нормалар – бул дарыгерлер медайымдар жана жардамчы медициналык кесип ээлери сыяктуу медицина кызматкерлеринин кесиптик нормалары. Ушул кесиптердин ар биринде профессионалдык жоболор катары амал кылуу зарыл болгон профессионалдык стандарттар топтому болот. Кесип-өнөр кызматтык нормасы – бул  медициналык кызматкер саламаттыкты сактоо кызматтарын аткарууда ээрчий турган далил. Профессионалдык кызмат көрсөтүү – бул жалпысынан ар-кандай кесип үчүн кабыл алынган тартип. Тиешелүү кесип менен алектенүү боюнча жоболор катары иш тартибине амал кылуу керек болот. Бейтапка зыян жеткирүү – бул  бейтапка материалдык жана материалдык болбогон ар кандай зыянды түшүндүрөт т.а. бейтап ката, узак мөөнөттүү дарылануу, керексиз убара кылып дарылоо, жараат алышына, оорунун күчөп кетишине алып барган ката иш-аракеттер натыйжасында, ал тургай өлүмгө алып барышы сыяктуу зыяндар. Жогорудагы таърифке ылайык, ката медициналык иш-аракеттер төрт аамилден турат:

  1. Медициналык ката бар экендиги.

  1. Медициналык ката табиб, дарыгер, оорукана жетекчиси же башка жактар сыяктуу жоопкер медициналык кызматкер тарабынан ишке ашырылат.

  1. Медициналык ката медициналык кызматкер тарабынан атайылап же билбестен кесиптик нормаларга амал кылуудагы этибарсыздыктан келип чыгат.

  1. Медициналык катадан бейтапка материалдык же материалдык эмес зыян жетет. Башкача айтканда, зыян ката жол кармануудан келип чыгат.

Зыянды далилдөө жана медициналык кызматкерге медициналык катанын жоопкерчилигин жүктөө хусуматтар казысынын мойнунда. Казы аткарылган иш медициналык ката экендигин аныктоо үчүн белгилүү бир саламаттыкты сактоо комитетинин комментарийин угушу керек болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here