Ислам кызматташтык уюму жана Араб мамлекеттери Лигасы дагы саммит өткөрүп (Израил)ди каралады

3209
0

Ислам кызматташтык уюму жана Араб мамлекеттери Лигасы дагы саммит өткөрүп (израил)ди каралады

(израил)дин Газага болуп жаткан чабуулдарына 36 күн болгонуна байланыштуу Саудиянын борбору Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюму жана Араб мамлекеттери лигасынын биргелешкен кезексиз саммити болуп өттү. 57 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан саммиттин жыйынтыгы боюнча жарыяланган биргелешкен билдирүүдө (Израил)дин Газадагы кылмышы караланды о.э. Газадагы блокаданы токтотууга жана гуманитардык жардамдарды алып кирүү үчүн уруксат берүүгө чакырылды.

О.э. Газаны блокада кылып жаткан сионист режимге курал экспортун токтотууга да чакырык болду. Булардын арасынан 11 араб мамлекети Газада кыргынды улантып жаткан сионист режимге басым өткөрүү максатында 5 түрдүү берене сунуштады. Бирок, ал Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Сауд Арабиясы, Марокко жана Бахрейн тарабынан четке кагылды.

Комментарий: Ушул саммитке катышкан Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин бири да яхудий вужуду менен мамилени үзүп койбоду. Булар яхудийлер менен достошууда биринен-бир ашып түшө турган мамлекеттер болуп эсептелишет. Учурда яхудийлердин жүрөк үшүн алып койгон Мужахиддерди жек көрүүдө булар яхудийлерден кем калышпайт. Мисалы, ушул кезге чейин айрым араб өлкөлөрү Газадагы кыргындарды көрмөксөн болгон болсо, БАЭ сыяктуу мамлекеттер ачык эле яхудийлерди колдой турганын билдиришти. Катар болсо, Газадагы кыргындарды көрмөксөн болуп, Мужахиддердин чабуулун жырткычтык аракет деп атады. Ал тургай Каъбанын имамы Абдурахман Судайс Мужахиддердин аракетин фитна деп атап, алардан алысыраак болууга чакырды.

Көпчүлүк мусулмандар үмүттөнгөн Түркия болсо, өз порттору аркылуу яхудийлерге керектүү товарлар менен сырьёлорду жеткирип берүүнү улантууда. Бул тууралуу Түркия парламентинин депутаттары ачык билдирүү беришти. Президент Эрдогандын “Хамас террордук уюм эмес” деген билдирүүсүнө карабастан, Түркия-(Израил) ортосунда саясий, экономикалык, аскерий жана дипломатиялык алакалар кадимкидей эле уланууда.

Түркия менен (Израиль) ортосундагы товарлар бажы төлөмүнөн бошотулган. Мунай, болот жана азык-түлүк продукциялары жүктөлгөн кемелер күн сайын Анталья, Мерсин, Измир жана Измит портторунан (Израил)ге жөнөйт. Кыскасы, яхудий портторуна барган кемелердин 60-70 пайызы Түркия жана Мисирден барат.

Тыянактап айтканда, аталган эки уюм түзүлгөндөн бери Ислам жана мусулмандарга кыпындай да пайда алып келбеген, мындан кийин да булардын пайдасы тийбейт. Себеби, бул уюмдар Исламий өлкөлөрдө Батыштын кызыкчылыгын кепилдөө үчүн түзүлгөн уюмдар болуп эсептелишет. Анткени, байрактары ар түрдүү, жасалма чек аралар менен бөлүнгөн бул мамлекетчелерден Ислам жана мусулмандар үчүн тагдыр чечүүчү чечим күтүүнүн өзү наадандык болуп эсептелет. Масжидул Акса бул зулматтан кутулушунун бир гана жолу бар, ал да болсо, мусулмандардын дартын өз денеси менен сезе турган жетекчилердин Исламий армияларды аттандырышы. Демек, мусулмандар куру сөздөн ары өтпөй турган жетечилерден кутулуу үчүн о.э. алардын ордуна Аллахтын Шариятын тикелей турган жана Шарияттын талабына ылайык Ал-Аксаны яхудийлер нажасатынан тазалоо үчүн армияларды аттандыра турган Халифаны тикелөө үчүн болгон күчүн жумшашы важиб.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here