Жапаровдун Францияга иш сапары жана Макрондун Борбор Азиядагы карааны

4220
0

Жапаровдун Францияга иш сапары жана Макрондун Борбор Азиядагы карааны

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен Францияга иш сапар менен барды. Ал 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы “Бир планета саммитине” катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, энергетика тармагындагы Électricité de France жана Total компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
О.э ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Мындан тышкары, Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форуму өкөрүлмөкчү.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон 1-2-ноябрда Казакстанга жана Өзбекстанга расмий сапар менен барган. Макрондун Астанадагы расмий сапарынын жүрүшүндө Франция жана Казакстан стратегиялык минералдар жаатында кызматташуу тууралуу декларацияга кол коюлган. Стратегиялык минералдардын тобуна радиоактивдүү металлдар да кирет. Кол коюлган документтердин арасында Казакстанда Франциянын Өнүгүү агенттигинин тобун түзүү, эл аралык француз мектептерин ачуу, француз тилин орто мектептерде окутуу тууралуу макулдашуулар бар.

Казакстан Францияга атомдук электр станцияларга керектелүүчү уран жана чийки мунай экспорттойт. Муну менен катар коңшу Өзбекстан да Францияга уран сатат. Токаевдин ырасташынча, Франция Казакстанга 18 миллиард евро инвестиция салган жана өлкөдө 200дөй француз компаниясы иштейт. Ушул жыл түз инвестициянын көлөмү 50% өскөн. 2022-жылы Париж менен Астананын ортосундагы соода жүгүртүү 4 миллиард еврону түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 30% өскөн. Bloomberg агенттигинин маалымдашынча, Франциялык Orano атомдук компаниясы Казакстанда уран кенин иштетет. Агенттик Макрондун Казакстанга жана Өзбекстанга жасаган сапарын уран издөөгө багытталганын жазды.

Ал эми, Макрон Самаркандда Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда соода-экономикалык, инновациялык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелер талкууланганы кабарланды. Буга кошумча, “Жашыл” энергетика, мунай казуу жана кайра иштетүү, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарда жаңы долбоорлор каралды. Эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу өткөн жылы 377 млн долларды түзгөн. Бул көлөмдү жакынкы убакта 1 млрд долларга жеткирүүгө келишилди. Ал эми, Франциянын өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорго салган каражаты 10 млрд долларды түзөт.

Кыргызстан менен Франциянын алакасына келсек, эки өлкөнүн ортосундагы алака негизинен Евро Биримдик менен болгон алакага негизделген. Ал эми, түз соода алмашуу 20 млн  евронун тегерегинде. Өлкөдө француз тили экинчи тил катары окутулган мектептер бар. Президенттин иш сапарынын артынан эки өлкө ортосундагы алаканын өсүшү күтүлөт. Анткени, Украинадагы согуштун артынан Борбор Азиядагы колонизаторлордун таасир талашы артып барууда. Муну державалардын жетекчилери баш болгон расмийлердин аймакка болгон байма-бай сапарлары да тастыктап турат. А түгүл, Евро Биримдик+Борбор Азия саммиттерин улай, үстүбүздөгү жылы Германия+Борбор Азия саммити түптөлдү. Жакынкы мезгилдерде Франция+Борбор Азия саммити түзүлүшү да күтүлүүдө. Бул болсо, ачкөз капиталисттик мамлекеттердин аймактагы чалкып жаткан кен байлыктарга, сырьелорго көз артып жатканына ишара кылат. Тагыраагы, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартуу үчүн жарышка түшүп жатышат.

Жыйынтыктап айтканда, Батыш өлкөлөрү Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды Орусиянын таасиринен алыстатуу үчүн бир тараптан дипломатиялык алакаларды күчөтүп, экинчи тараптан санкциялык коркунучтардан эскертүү аркылуу басым өткөрүү саясатын алып барууда. Муну Борбор Азия менен Евро Биримдиктин ортосундагы соода алмашуунун кескин өскөнү да далилдеп турат. Ал эми, Орусиянын алдан тайып барышы ал өз колониясы катары карап келген Орто Азия үстүндө ири күчтөрдүн таасир талашын күчөтүп жиберди. Бул өз кезегинде ири мамлекеттердин Орусия таасири астындагы аймактарда атаандаш күчкө айлануусуна мүмкүнчүлүк ачып берүүдө. Демек, Орто Азия аймагы үстүндө, анын ичинде Кыргызстанда колонизаторлук күрөшү улам өөрчүп барууда. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү акимдер арзыбас пайдага ээ болуу үчүн колонизаторлордун ыплас саясатына кызмат кылып барышууда. Ал эми, алардын мусулман өлкөлөрүндө жасаган кылмыштары, айрыкча Палестинадагы кыргынды колдогон позициялары баарыбызга маалым.

Андыктан, биз мусулмандар, пайдага негизделген жана зулум үстүнө курулган капиталисттик түзүмдү ыргытып салып, Исламга карай кадам таштамайынча колонизаторлордун курмандыгы болуудан, алардын зулумунан кутула албайбыз. Ушундай болгон соң, Кыргызстан калкын эле эмес, бүткүл дүйнө элин мындай кордуктардан азат кылуучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда бир денедей аракет алып баруубуз зарыл!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here