Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар
Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды идара кылуу (уландысы).
Үчүнчү: кырсыктын акыбеттерин калыбына келтирүү
Ушул лажналар кырсыктардан кийин зыян тарткан аймактарды кырсыкка чейинки абалына келтирүү үчүн болгон алгачкы жардамдардан кийин кырсыктын акыбетине каршы күрөшүү үчүн түзүмдүк жана түзүмдүк болбогон мурунку каталардан сабак алган абалда пландарды түзөт. Бул баскычтагы иш аракеттер зыян тарткан инфраструктура, имараттарды калыбына келтирүүнү о.э. зыян тарткан аймактарды тикелөөнү жана реконструкциялоону камтыйт. О.э. зыян тарткан аймактар үчүн негизги муктаждыктарды камсыздоо, мүмкүн болушунча кыска убакытта турмушту мурунку калыбына келтирүүнү камсыздоо да мына ушул лажналардын мойнундагы милдеттерден.
Кырсыктарга каршы түзүлгөн жемиштүү пландардагы эң маанилүү фактор кырсык болбой туруп адамдардын өмүрүн сактап калуучу чараларды көрүү. Анткени, кырсыктан кийинки чараларды аткарууда адамдардын жанын сактап калуунун активдүүлүгү кырсыктан мурункуга караганда өтө эле чектүү. Ошондуктан, “Кырсыктарды башкаруунун борбордук бөлүмү” мамлекеттин ичинде жүз берген бардык кырсыктарды каттоого алышы, аймактар боюнча пландарды даярдашы, “Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча” мамлекеттик комитеттерди түзүшү керек. Аймактарга жайгаштырылгандан кийин өрт өчүрүүчү бригадаларды, медициналык тез жардамды, полиция, армия жана аба күчтөрүн башкаруусу жана аларды координациялашы зарыл. Бирок, бул бөлүмдөрдү аким, валий же халифанын буйругусуз кырсык болгон аймактарга жөнөтүүгө болбойт. Ошондуктан админстративдик милдеттерди бөлүштүрүү жараянын мойнуна алган кезде кырсыктарды башкаруу жана аларды координациялоо “Кырсыктарды башкаруу борбордук бөлүмү” тарабынан ишке ашырылат. Ар бир вилаятта кырсыктарга каршы комитеттерди түзүү дегени, бул башка вилаяттар куткаруу иштеринде жардам бербейт дегени эмес. Бул комитеттердин бардыгы кырсык кайсы жерде болушуна карбастан, ага каршы күрөшүүдө биргеликте аракет кылышат. Айрыкча, кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борбордук бөлүмү менен макулдашкан абалда жардам операциялары жабыр тарткан вилаят лажнасы тарабынан башкарылат жана башка лажналардын ресурстары да анын башкаруусу алдында болот. Расулуллах с.а.в. айтат:
تَرَى المُؤْمِنِينَ في تَراحُمِهِمْ وتَوادِّهِمْ وتَعاطُفِهِمْ، كَمَثَلِ الجَسَدِ، إذا اشْتَكَى عُضْوًا تَداعَى له سائِرُ جَسَدِهِ بالسَّهَرِ والحُمَّى
“Момундар бири-бирине ырайым кылууда, достук жана мээримдүүлүктө бир денеге окшогонун көрөсүн. Эгер ал дененин бир мүчөсүно зыян жетсе, бүтүндөй дене уйкусуздук жана ысытма менен азап тартат”. Бухарий риваяты.
المُؤْمِن لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا. وشَبَّكَ بين أصَابِعهُ
“Момун момун үчүн бири-бирин тиреп турган имаратка окшойт деп манжаларын бириктирди”. Бухарий өз “Сахих”инде келтирген.
О.э. Умар р.а. кургакчылык болгон жылдары бардык мусулман кыштактарындагы арабдарды төө, буудай жана май менен камсыздаган. Бүтүндөй кыштактар кургап, эч нерсе өспөй мындан катуу азап тартып жаткан эле. Ошондо Умар р.а. туруп: “Эй Аллах! Алардын ырыскысын кең кыл, тоо чокуларынан ырыскы бер!” – деп дуба кылган. Натыйжада, Аллах анын жана мусулмандардын дубаларын кабыл алды. Дубадан кийин жамгыр жааган убакта Умар р.а.: “Аллахка хамд болсун! Аллахка ан болсун, эгер Аллах ал кыштактарды кыйынчылыктан куткарбаганда, курсагы ток мусулман үй-бүлөлөргө кургакчылыктан кыйналган жарандардын ушунчасын киргизет элем. Анткени, бир адамга жете турган тамактан эки адам эч качан өлбөйт”, – деди. Муну Бухарий “ал-Адаб ал-Муфрод” до риваят кылган. Кургакчылык жылы ачарчылык жана каатчылык жылы болгон. Ал жыл “күл жылы” деп аталган. Анткени, жамгырдын аздыгынан жер карайып, түсү күлгө окшоп калган. Шамал да күлгө окшогон топурак учуруп калган. Ошондо Мадинага азык үмүтүндө келген арабдардын саны 50 миңден ашкан. Ибн Касир “ал-Бидая ван-Нихая” эмгегинде айтат:
“Умар р.а. Басрадагы Абу Муса р.а. га: “Уммати Мухаммадга жардамга!” – деп кат жазды. Мисирдеги Амр ибн Асска да: “Уммати Мухаммадга жардамга!” – деп жазды. Натыйжада алардын ар бири Умар р.а. га буудай жана башка азыктар жүктөлгөн кербендерди жөнөтүштү. Амр ибн Асстын азык-түлүктөрү деңиз аркылуу Жиддага, Жиддадан Меккеге жеткирилди”. Ибн Касирдин айтымында, мунун иснады ишенимдүү.
Умар р.а. Ирактагы Саъд ибн Абу Ваккос жана Шамдагы Муавия менен да кудум ушундай иш кылды. Ибн Саъд муну “ат-Табакот” то келтирген.
Ислам мамлекети мындай кырсыктардын таасирлерин жоюудан жоопкер болгон соң, бул нерсе мусулмандар жеке адам катары кырсыктарга каршы күрөшүүгө көмөктөшүүдөн, жардам берүүдөн азат экендигин түшүндүрбөйт. Анткени, зыянды жоюу далилдери жана мусибаттанган кишиге жардам берүү важибдигинин далилдери жалпы болуп, алар мамлекетти да, жеке адамды да камтыйт. Расулуллах с.а.в. айтат:
مَنْ ضَارَّ ضَارَّ اللَّهُ بِهِ، وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ
“Ким бирөөлөргө зыян жеткирсе, ага Аллах зыян жеткирет. Ким бирөөлөрдү машакатка салса, аны Аллах машакатка салат.” Хаким “ал-Мустадрок”то риваят кылган”.
المُسْلِمُ أخُو المُسْلِمِ لا يَظْلِمُهُ ولَا يُسْلِمُهُ، ومَن كانَ في حَاجَةِ أخِيهِ كانَ اللَّهُ في حَاجَتِهِ، ومَن فَرَّجَ عن مُسْلِمٍ كُرْبَةً، فَرَّجَ اللَّهُ عنْه كُرْبَةً مِن كُرُبَاتِ يَومِ القِيَامَةِ، ومَن سَتَرَ مُسْلِمًا سَتَرَهُ اللَّهُ يَومَ القِيَامَةِ
“Мусулман мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт. Ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Аллах анын кажетин чыгаруу жолунда болот. Ким бир мусулмандын оорун жеңил кылса, Аллах анын кыяматтагы кыйынчылыктарынын бирин жеңил кылат. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, кыямат күнүндө анын айыбын Аллахтын Өзү жашырат.” Бухарий риваяты. Расулуллах с.а.в.манжаларын бириктирип:
المُؤْمِن لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا
“Момун момунга карата бири башкасын тиреп турган имаратка окшойт”, – деди. Бухарий риваяты.
Мына ушул далилдердин бардыгы ъаммий болуп, мусибаттанган кишиге жардам берүүнү мамлекетке важиб кылгандай эле, мусулман адамдарга да важиб кылат. Ошондуктан, мамлекет мусулман жарандыгын алган бардык кишилерди кырсык жүз берген учурда ага каршы күрөшүүгө жөнөтөт. Алардын аракеттеринен мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу үчүн аларды бир тартипке келтирет. Куткаруу иштерин аткарып жаткан учурда аларды коргоо чараларын көрөт. Алар менен ыйгарым укуктуу атайын кадрлардын ортосун координациялайт. О.э. эгер Байтулмалда таңкыстык болсо, Ислам мамлекети жардам берүү иштерине жумшоо үчүн бай мусулмандардын муктажыдыгынан ашыгына салык салышы да мүмкүн.
Ислам мамлекети чет өлкөлөргө караштуу “Эл аралык уюмдар” деп аталган куткаруучу топтор жардам берүү шылтоосунда мамлекетке киришине эч качан жол бербейт. Анткени “гуманитардык жардам, жабыркагандарга жардам берүү” деген ураандар артына жашырынган мындай уюмдар, адатта ал кырсыктардан мамлекеттин ичкерисине кирүү жана миссионердик иштерди алып баруу үчүн курал катары пайдаланышат. Алар мындай кырсыктардан саясий же разведкалык иштерди алып баруу, мамлекетке каршы топторду колдоо жана фитна таратуу куралы катары пайдаланышат. Ошондуктан, мындай уюмдардын пайдасынан зыяны көп. Алардын мейли жардам берүү шылтоосунда болсо да, Дарул исламга кирип алышы фитна үрөнүн себүүгө о.э. куфр мамлекеттеринин Ислам мамлекети үстүнөн өкүмдарлык жүргүзүшүнө шарт түзөт. Аллах Таала болсо, бизди кафирлер үчүн момундар үстүнөн жол ачып бербестикке буюрат.
وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
“Аллах эч качан кафирлер үчүн момундар үстүнө жол бербейт”. [4:141].
Акча жана башка материалдык көрүнүштөгү чет элдик жардамдардын да мамлекетке киришине тыюу салынат. Анткени, мындай жардамдар адатта курал-жарак контрабандасы үчүн же мамлекет ичкерисинде кафир мамлекеттердин кызыкчылыгын орнотуу үчүн кызмат кылат. Биз, мисалы, Япониядагы жер титирөөгө окшогон иштерде, өнүккөн мамлекеттердеги өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тажрыйбаларынан пайдаланышыбыз, Финландияга окшоп өзгөчө кырдаалдар таалимин киргизишибиз мүмкүн. Бирок, алардын тажрыйбасынан пайдаланууда албетте Халифалык мамлекетинин шарттары эсепке алынат.
Кокустуктар жана тез жардам борбору
Тез жардам кызматтары саламаттыкты сактоонун негизги бөлүгү болуп эсептелет. Анткени, алар жарааттар жана шашылыш медициналык абалдар натыйжасында келип чыгуучу көптөгөн өлүмдөрдүн алдын алууда, ушул абалдарга туура жана ыкчам мамиледе болууда өтө маанилүү. Халифалык мамлекети кеңири камтуучу алгачкы саламаттыкты сактоо борборлорунун бардыгыын алгачкы медициналык жардам жана шашылыш медициналык жардам борборлору менен камсыздоого аракет кылат. О.э. ал аймактардын алыстыгына жана калкынын санына карай, ар бир район жана вилаяттын борбордук ооруканаларында эң жаңы жабдыктар менен жабдылган, дем алуу органдарынын реанимациясы, хиррургиялык операциялар үчүн бөлмөлөр ажыратылган борборлор менен камсыздоого аракет кылат.
Күнү-түнү иштей турган ушул борборлорду ар түрдүү абалдарда өзгөчө жана тез жардам көрсөтүү үчүн табибдер, дарыгерлер, медайымдар жана саламаттыкты сактоо тармагындагы техниктер жамааты башкарат. Узакка созулган жумуш сааты натыйжасында диагностика жана тездик менен дарылоодо аклий концентрациянын төмөндөшү акыбетинде чарчоо, суздук жана каталар болбошу үчүн адаттагы жумуш саатынан кыскараак саатка нөөмөттө болушат. Өзгөчө жана шашылыш медициналык жардам борборлору түздөн-түз алгачкы медициналык санитария пункттарынан келип түшкөн бейтаптарды кабыл алышат жана аларды топторго бөлүп, иштин олуттуулугу жана бейтапты куткаруу үчүн зарыл болгон башка тартип-эрежелер боюнча аны ошол оору боюнча адистерге жөнөтөт.
Халифалык мамлекети алгачкы күнүнөн баштап ушул медициналык тез жардам кызматтарын жакшыртууга аракет кылат. Ушул кызматтарда башкалардан айырмаланып туруу үчүн бардык ыкма жана каражаттарды ишке салат. Ал бейтаптын өмүрүн сактап калуу өтө маанилүү болуп турган убакта аны окуя болгон жерде же анын үйүндө дарылай баштоо аркылуу мамлекеттеги башка жихаздар менен биргеликте социалдык байланыш механизмдери жардамында зарыл болгон тез жардам кызматын көрсөтөт. Жүрөк кан тамыр бөлүмдөрү жана башка адистиктер сыяктуу тездик менен дарылоочу мобилдик бөлүмдөрдү камсыздайт. Видео же интернет тармагы сыяктуу мааалыматтарды ыкчам узатуучу технология тез жардамдын кийинки кадамдарын белгилөөдө ишти бир топ жеңилдетет. Тез жардамдын кийинки кадамдары хиррургиялык операцияга же кан куюуга даярдоо болушу мүмкүн. Мээде же жүрөктүн кан тамырларында уюп калган кандарды алып салуу же ар түрдүү окуялардан же тамактан уулануу сыяктуу жамаий тез жардам абалдары үчүн кроваттарды даярдоо тез жардамдын кийинки кадамдары болушу мүмкүн.