Путин: Газага чабуулдарды эч бир себеп менен актоого болбойт

349
3

Путин: Газага чабуулдарды эч бир себеп менен актоого болбойт

Россиянын президенти Владимир Путин РИА Новостиге берген интервьюсунда Израилдин чабуулдары себептүү Палестинадагы миңдеген бейкүнөө балдардын өлүмү аны терең кайгыга салганын билдирди. Путиндин айтымында, (Израил)дин Газа секторундагы чабуулдарында палестиналык балдар, дарыгерлер жана бейкүнөө адамдар аёосуз кыргын кылынып жаткан үрөй учурган окуяларды эч кандай себеп менен актоого болбойт.

“Жаш балдардын канга буланып жатканын, аялдар жана карылардын кандай азап тартып жатканын о.э. медцина кызматкерлери кандай өлтүрүлүп жатканын көргөндө, албетте, муштум түйүлүп, көзүңө жаш келет. Муну сүрөттөөнүн башка жолу жок. Бирок эмоцияларга алдырууга акыбыз жок, буга жол бере албайбыз”, – деди Путин.

Комментарий: Колу мусулмандардын канына булганган Путин бул позициясы аркылуу колонизаторлор саясатынын эки жүздүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө. Себеби, анын аскерий учактары бир нече күн мурда Идлибде, адатта жай тургундар көп боло турган базарды бомбалаганы себептүү бир топ мусулман өлгөнүнө дүйнө жүзү күбө болду. Бирин өлтүрүп, экинчисине кайгыруу менен мусулмандарды алдоо мүмкүн эмес. Себеби мусулмандардын каны бир. Мындан тышкары, Путин Сирияда, Чеченстанда, Крымда жана Россиянын өзүндө жашап жаткан мусулмандарга мамилеси аркылуу Ислам жана мусулмандарга чыныгы душман экендигин тастыктап бүткөн.

Мындан тышкары, Россиянын Афганистан, Чеченстан, Сирия сыяктуу Исламий өлкөлөрдөгү мусулмандарга каршы кыргындарын эч ким унута элек. Айрыкча, Сирияда жай тургундарга каршы тыюу салынган фосфор жана кассеталуу бомбалар ташталгандыгы себептүү  бүтүндөй кварталдар жер менен жексен болду. Акыркы үлгүдөгү куралдарын сыноодон өткөрүү максатында он миңдеген мусулмандарды, анын ичинде аялдар менен жаш балдарды кыргын кылынды. Ал тургай, орус чиновниктери Сирияда эң акыркы үлгүдөгү куралдар ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп жатканын айтып мактанышты.

О.э. Россия 1990 жана 2000-жылдары ишке ашырган биринчи жана экинчи Чеченстан кыргынында кеминде 60 миң жай тургун өлгөнү айтылып келет. Чеченстан убактылуу парламентинин төрагасы Таус Жабраиловдун айтымында, ал эки кыргында 150 миңден 160 миңге чейин адам өлгөн.

Эми болсо, Путин Газадагы мусулмандар үчүн кайгырып жатат  имиш. Бул болсо, колонизаторлор саясаты канчалык эки жүздүү жана кош стандарттуу экендигинин бир көрүнүшү.

Абдурахман Адилов

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here