Астанада Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммити өттү
3-ноябрда Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу Саммити болуп өттү. Саммит «TURKTIME» темасынын алкагында болду. Бул Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – билим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия дегенди билдирет.
Казакстан президенти саммиттеги сөзүндө, түрк элдеринин жалпы тарыхын изилдеп чыгуу, бирдиктүү телесериалдарды тартуу, айрыкча жаш балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартуу маанилүү экенин билдирди. О.э. товар алмашуу үчүн бирдиктүү стандартты киргизген мыйзам долбоорун кабыл алуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Муну менен 22 миллиард доллар көлөмүндөгү соода алмашууну 1,5 эсе көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Анын айтымында, учурдагыдай тынч эмес заманда түрк элдеринин биримдигин бекемдөө жалпы коопсуздуктун кепилдиги катары кызмат кылат. Ал дүйнөдө курал-жарак жана баңгизаттардын соодасы, террорчулукка, экстремизмге, миграцияга байланышкан көйгөйлөр көбөйүп жатканын кошумчалады.
Муну менен Казакстан президенти Орусиядан келиши мүмкүн болгон басымдардын алдын алууда. О.э. Орусияга келген санкциялардан айланып өтүү үчүн альтернативдүү коридорго багыт алууда. Бул үчүн түрк дүйнөсүнүн тарыхый, маданий алакалары шылтоо кылып алынууда.
Ал эми, Түркия президенти Эрдоган, саммиттеги сөзүндө Палестина маселесине токтолуп, согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жетүү жолунда түрк дүйнөсү бир пикирди карманышы керектигин билдирди. Анын айтымында, “израил”-Палестина эл аралык тынчтык конференциясы үчүн аракеттер уланууда. Мусулман, христиан, яхудий, айырмасыз, баарынын коопсуздугун кепилдикке алуу маанилүү.
Муну менен түрк президенти эки жүздүүлүктүн жана кыянаттыктын үлгүсүн көрсөттү. Анткени, Эрдоган 1,5 миллион адам катышкан Палестина калкын колдоо митингинде калктын талаптарын, туйгуларын басуу үчүн “израил” жана Батышка каршы жалындуу сөздөрдү сүйлөгөн эле. А түгүл, калктын кошуундарды Палестинага жөнөтүү талабынан улам, түрк армиясы күтүүсүздөн бир түндө кирип баруу ыктымалын да айтып өткөн. А бирок, турмуш чындыгында Американын кызыкчылыгы үчүн жөөттөрдүн канкор баскынчылыгын актаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жан үрөп аракет кылууда.
Белгилей кетсек, Астанада өткөн саммиттин жыйынтыгында, «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040», беш жылдык «Түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясы» кабыл алынды. О.э «Астана актысы» баштаган 12 документке кол коюлду.
Эске салсак, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте уюмдун аталышы Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлүп, макамы жогорулаган. Уюмдун негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу болуп эсептелет. Бул уюм аркылуу Эрдоган ички саясатта калктын колдоосуна ээ болсо, тышкы саясатта АКШнын Борбор Азияны тартып алуу саясатына кызмат кылат. Айрыкча, Украина согушунун артынан Борбор Азия аймагынын мааниси артып барууда. Муну колонизатор мамлекеттердин аймакка жасаган расмий сапарларынан жана “С5+1” саммиттеринен байкоого болот. Анын ичинен С5+1 саммитине параллел түрдө Борбор Азияга карата саясатын Түркия аркылуу ишке ашырууда. А бирок, Кыргызстан өкмөтү биринин таасиринен кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртып жатканы менен бардык колонизаторлордун максаты бир. Алар алсыз өлкөлөрдү колония кылуу менен байлыктарын талап-тоноону, калкын арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну гана каалашат.
Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин, же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Демек, алардын баары кандай гана иш алып барбасын, түпкүлүгүндө катага негизделген. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат! Бул мамлекет кооз сөздөргө, улутчулдукка же башка баалуулуктарга негизделбейт. Тескерисинче, Алланын шариатына негизделип, Анын өкүмүн дароо орундатууга киришет. Мына ошол учурда, баскынчы жөөттөрдүн ордун таштар менен дарактар да айтып бере турган, аны колдоп жаткан Батыштын өз аргасын издей турган учур келет. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар каапырлардын айла-амалына алданбастан, Исламий мамлекетти тикелөө жолунда аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий