Саудиянын шахзадасы (Израиль) менен “нормалдашуу” кыянатын актоого аракет кылды

2452
0

Саудиянын шахзадасы (Израиль) менен “нормалдашуу” кыянатын актоого аракет кылды

Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман АКШнын “Fox News” телеканалына берген интервьюсунда “Израиль” менен мамилени нормалдаштыруу саясаты тууралуу сөз кылды. Шахзаданын айтымында, Саудия менен “Израиль” ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу палестиналыктардын кызыкчылыгын көздөп, алардын жашоосун жеңилдетүү максатында ишке ашырылууда.

“Палестина маселеси биз үчүн өтө маанилүү. Бул жаатта жакшы натыйжаларга жетүү жана палестиналыктардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн америкалыктар менен жолугушуп жатабыз”, – деди мураскор шахзада.

Саудия менен “Израиль” ортосундагы келишимге Байден админстрациясы тарабынан кол коюлса, бул келишим суук согуш аяктагандан кийинки эң чоң келишим болорун белгилеген ибн Салман: “АКШ менен түзүлө турган келишимдер эки мамлекеттин, аймактын жана дүйнөнүн коопсуздугу үчүн пайдалуу болот”, – деп баса белгиледи.

Белгилүү болгондой, Мисир, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Судан, Марокко, Түркия, Саудия сыяктуу бир нече Исламий өлкөлөрдү камтыган “(Израиль) менен нормалдашуу” саясаты Вашингтондун демилгеси  менен ишке ашырылууда.

Комментарий: Баскынчы яхудий вужуду менен мамилени нормалдаштыруу – Исламий өлкөлөрдүн акимдери Палестина маселесине кыянат кылып жатканын ашкере кылууда. Алардын Батышка малай экендигин, айрыкча Сауд үй-бүлөсү малайлыкка баш-оту менен кирип кеткенин жана акыркы кездерде Саудия калкына бузукулукту алып кирүүдөн башка нерсе тууралуу ойлонбой калгандыгын далилдеп жатат. 

Бул нормалдашуунун мусулман калктарга эч кандай тиешеси жок. Анткени, Ислам Үммөтүнүн жаш-карысы яхудий вужуду менен мамилени нормалдаштырууга каршы чыгууда. Себеби, бул нормалдашуу кыянатчы акимдердин нормалдашуусу болуп, мусулмандар мындан таза. Ислам Үммөтү яхудий вужудун “мубарак жерди басып алган душман” деп билет жана колунан келишинче жок кылуунун жолун издеп келет. Мындан тышкары, яхудий вужуду менен нормалдашуу маселесинде өз калкынын каалоосун эмес, батыштык кожоюндарынын каалоосун ишке ашырып жаткан акимдер мындай келишимдерге батынууда мусулмандардан коркуп, кадам таштап жатышат. Анткени, Исламий калктар буга каршы көтөрүлөрү табигый көрүнүш. Ал-Акса мечити яхудийлер баскыны алдында онтоп жаткан бир учурда, мусулмандар кудум эч нерсе болбогондой, яхудийлер менен нормалдуу жашоого кайтышы таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, Үммөт яхудийлерге сүйлөшүүлөрдө жолугуша турган атаандаш эмес, согуш майданында жолугуша турган душман деген этибар менен карайт.

Мухаммад ибн Салмандын: “Палестина маселеси биз үчүн өтө маанилүү. Палестиналыктардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн америкалыктар менен жолугушуп жатабыз”, – деген сөзүнө келсек, бул анын кыянатын актоо аракети гана. Анткени, Палестина маселеси батышчыл шахзаданын колун карап калган жери жок, тескерисинче ал Үммөттүн акыйдасынан келип чыккан саясий-аскерий маселе болуп эсептелет. Ошондуктан, бул маселе яхудий вужуду менен мамилени нормалдаштыруу же сүйлөшүүлөрдү өткөрүү  менен чечилбейт. Тескерисинче,  армияларды аттандыруу жана яхудий вужудун Ыйык жерден сууруп таштоо менен чечилет. Анткени, шаръий нусустар баскынчы яхудий вужуду менен мамилени нормалдаштырууну эмес, мубарак жерди яхудийлерден тазалоону жана (Израиль) мамлекетин жок кылууну талап кылат. Бул нерсе Мухаммад бин Салман сыяктуу малай акимдер аркылуу ишке ашары таптакыр күтүлбөйт, тескерисинче мурда болгону сыяктуу рошид Халифалык мамлекети аркылуу ишке ашат. Халифалык мамлекети Аллахты жана момундарды коюп, яхудий жана насронийлерди дос туткан акмак кыянатчылардын кылмышын жок кылат. Мына ошондо Куддус эле эмес, Батыш колониясы алдында эзилип жаткан бардык Исламий өлкөлөр капитализм караңгылыгынан кутулуп, Ислам нуруна кайтып келет.

Зохид Заргар

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here