Борбор Азия – Германия алакалары
Борбор Азия өлкө башчыларын Европа Союзу мамлекеттеринин арасынан алгачкысы болуп Германия чакырды. Берлинде уюштурулган саммитте Борбор Азия президенттери Федералдык канцлер Олаф Шольц о.э. президент Франк Вальтер – Штайнмайер менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурдагы геосаясий кырдаалда эл аралык коомчулуктун көңүлү Борбор Азияга бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул абал өз ара экономикалык кызматташтык үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө. “Булардын бардыгы саясий декларациялар кабыл алуу менен чектелип калбастан, соода-экономикалык жана инвестициялык жагымдуулукту олуттуу жогорулатат”, – деген ишенимин билдирди Садыр Жапаров.
Германия акыркы бир жылдын ичинде Борбор Азия мамлекет башчыларын саммитке топтогон алтынчы мамлекет болду. Статистикалык маалыматтарга таянсак, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 2,5 эсеге өскөн.
Комментарий: Украина согушу себептүү Россия алдан тайып барган сайын анын Борбор Азиядагы саясий жана экономикалык таасири алсырап бара жатканы, мунун каршысында Батыш мамлекеттеринин Борбор Азияга кызыгуусу күчөп бара жатканы жашыруун сыр болбой калды. Т.а. ар бир колонизатор мамлекет жаңы бошоп жаткан майданды өз таасири менен толтурушу табигый болгондуктан, Европа Союзу да Россиянын саясий жана аскерий алсырашынан пайдаланып, Борбор Азияда таасирин кеңейтүүгө умтулууда. Анткени, Батыш саясатчылары Борбор Азия стратегиялык жактан өтө маанилүү аймак болуп эсептелерин, бул жерде ири экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин жана буга кайдыгер карай албашын тынымсыз кайталап келишет.
Борбор Азия аймагы колонизатор мамлекеттер т.а. АКШ, Европа мамлекеттери, Россия жана Кытайдын кызыкчылыктары кесилишкен маанилүү аймакта жайгашкандыктан да, биздин үстүбүздө колонизатордук күрөшү күчөп барууда. Мындан тышкары, бул аймакта колонизатор мамлекеттерди өзүнө тартуучу минералдык ресурстар жана кен байлыктар мол. Мындайда Борбор Азия мамлекеттери бир колонизатордун таасиринен кутулуп, башкасынын таасири алдына түшүп калуу менен убара болуп жүрөт беришет. Колонизатор мамлекеттер болсо, өздөрүнүн табиятына ылайык, байлыктарды талап-тоноп, жергиликтүү калкты арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну уланта берет. Мында өзүбүздөн чыккан малай жетекчилер негизги ролду ойноп беришет.
Ушундай болгон соң, өз келечегибиз жана тагдырыбызды колонизаторлордун колундагы куурчак болгон малай жетечилерге тапшырып коюу таптакыр жаиз болбойт. Тескерисинче, биз эки дүйнө азиздигине алып баруучу Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылышыбыз керек. Себеби, колонизаторлордун мусулмандар жана Исламий өлкөлөр үстүндө ишке ашырып жаткан жийиркеничтүү оюндарына Халифалык мамлекети гана чек коё алат.
Абдурахман Адилов