“Билим күнүнө” байланыштуу баяндама

4851
0

“Билим күнүнө” байланыштуу баяндама

Жыл сайын “билим күнү” белгиленип, ар жылы бийлигибиз билим жана тарбия жаатында албан ийгиликтер жаралып жатканын айтышат. Негизи, балдарыбыздын кандай сапатта билимдүү болуп, канчалык деңгээлде татыктуу тарбия алып жатканы коомдук жашообуздан көрүнүп турат. Эгер биз өзүбүздү-өзүбүз алдабастан, акыйкатка тик карасак, коомдук турмушта калкыбыз билимсиздик караңгылыгына төнүп, бузук тарбия талаасында тентиреп жүргөнүн көрөбүз.
Таалим окуу жайларынан балдарыбыз билим жана тарбия алып чыгышат. Биринчи билим жагына токтолсок, мында перзенттерибизге илим, фан жана сакофат окутулат б.а. балдарыбыз ушулар боюнча билим алышат (эскерте кетсек, мында бүгүнкү сөздүктөрдөгү адаштыруучу классификацияларга таянган жокпуз).
Оболу, Кыргызстанда балдарыбыз кандай илим алып жатышат, ушуну айталы. Илим – бул илимий эксперименталдык тыянактар негизинде калыптанган билимдер топтому. Ага физика, химия, медицина, электроника ж.б.у. с. кирет. Илимдин бул тармагында Кыргызстандан дүйнөлүк илимге салым кошо турган, жаңы илимий ачылыштар жасай турган илимпоздор чыкпайт. Анткени, окуу жайларыбызда андай деңгээлдеги илимий билим берилбейт. Кокус, бирин-экин таланттуулар чыгып калса, анда алар илимий изилдөөлөрүн империалисттик мамлекеттерде улантууга мажбур болушат. Себеби, биздин 3-дүйнө мамлекеттери андай изилдөөлөрдү каржылай албайт. Ошондуктан, таланттуу илимпоздор чет мамлекетке кетет да, барган мамлекетинин илими өнүгүшүнө салым кошуп калат.
Жашообузда илимден сырткары, турмуштук тажрыйбалар тыянактарына негизделген билимдер топтому да бар. Ал “фан” деп аталат. Буга психология, геометрия, машинакуруучулук, архитектура ж.б.у.с. кирет. Ырас, бизде илимий ачылыштар жасай турган илимпоздор чыкпаган соң, демек, табийгый түрдө, илимий ачылыштарды пайдалануу менен фанды өнүктүрө турган ойлоп табуучулар да чыкпайт. Мындан сырткары, Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык,социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети биздин мамлекетти агрардык мамлекет деп өкүм чыгарып койгондуктан, биздин мындай ойлоп табуулар аркылуу машинакуруучулук сыяктуу оор өнөржайларды курууга укугубуз жок. О.э. окуу жайларыбызда аларга алып бара турган билим берилбейт. Муну Бириккен Улуттар Уюму ЮНЕСКО аркылуу көзөмөлдөйт.
Эми сакофатка келсек, кайсы бир идеологияга тиешелүү билимдер – сакофат деп аталат. Сакофатка ошол идеологиянын тарыхы, мыйзамы, адабияты жана тили кирет. Бул жаатта айта турган болсок, азыр дүйнө боюнча демократия чүмбөтүн жамынган капиталисттик идеология өкүм жүргүзүп жатат. Балдарыбыз бардык окуу жайларында ушул идеологияга тиешелүү билимдерди алып жатышат. Муну менен, бул жааттагы билимдүүлөрү өлкөбүзгө капитализмди бекем орното турган капиталисттер болуп чыгышууда, билимсиздери болсо, капитализмге кыңк этпей моюн сунуучу кулдар болуп чыгышууда. Капитализм себептүү, көпчүлүк балдар окуган мамлекеттик окуу жайлары сапаттуу билим бере албайт, анткени, мугалимдердин маянасы аз, ал мектептердин техникалык базасы начар. Бир ууч капиталисттердин балдары болсо менчик сапаттуу мектептерде окуп, ушул сакофаттан терең билим алышат жана окууларын чет элдик университеттерде улантышат. Анан алар мамлекетибизге илимий ачылыштарды же фан ойлоп табууларын алып келбестен, демократиялык сакофатты импорттошот жана саясатчыларга айланышат. Ушуну менен өлкөбүзгө демократия тереңдеп кирип, капиталисттик система бекемделе берет.
Мындай билим алуулардан кийин, балдардын тарбиясы да ушул бузук демократиялык сакофаттын негизинде болууда. Натыйжада, бузук түшүнүктөр менен тарбияланган муун өсүп чыгууда. Мектеп жашында каракчылык, жазыксыз адам өлтүрүү, баңгилик, жыныстык катнаш ж.б. бузук көрүнүштөр ушул демократиялык сакофаттын “жемиштеринен” башка нерсе эмес.
Жогорудагы таалим программасы дүйнө бойлоп системалуу түрдө ишке ашырылууда. Бул орунда, ушул система кандайча ишке ашат жана анын булагы кайсы – мына ушуларга кыскача токтоло кетебиз.
Белгилүү болгондой, 2-дүйнөлүк согуштан кийин, жеңип чыккан державалар дүйнөгө “демократия” аркылуу өкүм жүргүзүш үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүшкөн. Дүйнөдөгү адамдардын укук жана милдеттерин белгилөөдө анын ГенАссамблеясы тарабынан “адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы” кабыл алынган. Баяныбызда декларациядагы жалтырак сөздөргө алданбастан, алардын ачуу акыйкаттарына көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз. Бүгүнкү дүйнө мамлекеттеринин, алардын катарында Кыргызстандын да, таалим программаларынын булагы жогорудагы декларациянын 26-статьясы болуп эсептелет.
Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы
26-статья
2. Билим берүү адамдын инсандык касиеттерин толук өстүрүүгө жана
адамдын укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоону арттырууга ба-
гытталууга тийиш.
Бул пункттагы “адам укуктары” дегени – ушул БУУ белгилеп койгон укуктар. Мында адамдар мындан башка акы-укуктарды тан албоого багытталып жатат. Мисалы, адамдардын жаратуучусу Аллах Таала пенделерине Өз шарияты аркылуу акы-укуктарды белгилеп берген. Ал эми бул декларация окуучуларды буга каршы багыттайт. О.э. мындагы “негизги эркиндиктер” дегенде “ишеним эркиндиги”, “мүлк эркиндиги, “керт баш эркиндиги”, “сөз эркиндиги” назарда тутулууда. Ишеним эркиндигинде – кайсы дин өкүлү болосун – ал турмушунда демократиялык-капиталисттик система колдонулушуна ыраазы болуп жашоого багытталат. Мисалы, мусулман адам мусулманмын деп коюп, бирок турмушунда шарияттын өкүмдөрүн таштап, демократиялык өкүмдөрдү колдонуп жашоого багытталат. Мүлк эркиндиги дегенде, ар бир адам капиталисттик экономикалык система колдонулушуна ыраазы болууга багытталат. Мисалы, окуу программасында Исламдагы экономикалык система таптакыр окутулбастан, бир гана капиталисттик экономика окутулат о.э. турмушта капиталисттик система колдонулат. “Керт баш эркиндиги” дегенде, биз сойкуну да, гейди да, лесбиянканы да урматташыбызды талап кылып жатат. “Сөз эркиндиги” дегенде, демократиялык баалуулуктарга тескери келген бардык баалууктарга акаарат, тухмат менен каршы чыгуу назарда тутулат. Ошондуктан, Жаратуучуга, Пайгамбарыбызга, динибизге каршы акаараттар азыр сөз эркиндиги деп кабыл алынууда. Ал эми, Исламдан алыстатып, демократиянын бузуктугу ачылып калышынан алаксытып турган ыр-бий фестивалдары, улутчулдук-мекенчилдик мааракелери адамзат баалуулуктары деп үгүттөлүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун таалим саясаты ЮНЕСКО аркылуу ишке ашырылат. Бул уюм БУУ астындагы билим берүү, илим жана маданият боюнча адистешкен уюм. ЮНЕСКО Кыргызстанда Алматыдагы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча кластердик бюронун алкагында иш алып барат. Бул өлкөлөрдүн таалим программалары мына ушул ЮНЕСконун көзөмөлү астында түзүлөт. Билим берүү программаларын аккредитациялоо, окуу жайларга лицензия берүү – булардын баары ЮНЕСКО белгилеп берген критерийлер жана стандарттар негизинде болот. Жана булар мамлекеттик мыйзамдар менен бекитилет.
Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы:
2-берене. Билим берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Билим берүү жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары менен жөнгө салынат.
4-берене. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Кыргыз Республикасында билим берүү эл аралык келишимдерде жана пактыларда, Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясында жарыяланган принциптерге, демократиянын жана элдин гумандуу баалуулуктарына, дүйнөлүк маданияттын принциптерине негизделет.
Жогорудагы документалдык фактылардан биздин таалим программабыздын булагы бузук демократиялык идеология экени, аны бизге колонизаторлор эл аралык уюмдар аркылуу тыгыштырып жатканы айкын болду. Алар демократия бузукулугунан Ислам нуруна, капитализм зулумунан Ислам адилетине алып чыга турган билимдерди таалим программаларына киргизишей, “экстремисттик адабияттар” деп атап жатышат.

Урматтуу кыргызстандык мусулмандар, бул бузук таалим программасынын каршысында, шарияттагы туура таалим программасы кайсы болду экен деп издениш ар бириңиздердин мойнуңуздардагы фарз. Бул фарзды өтөшүңүздөр үчүн, биз сиздерге “Халифалык мамлекетиндеги таалим программасынын негиздери” китебин сунуш кылабыз. Буга карата мамиле кылууда алдыңыздарда ар дайым төмөнкү суроо турсун: “Аллахтын ыраазылыгына кайсынысы жеткирет?”

Архив

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here