Сентябрда АКШ – Борбор Азия саммити өтөт

6040
0

Сентябрда АКШ – Борбор Азия саммити өтөт

19-20-сентябрда өткөрүлө турган “АКШ – Борбор Азия өлкөлөрү” саммитине катышууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев радио берүүдө ачыктады. Эске салсак, АКШ президенти Жо Байден бул форматтагы биринчи саммитке катышуу чакырыгын Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык президенттерине жолдогон. “Бул жакшы формат. АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы саясий маселелерди, соода-экономикалык жана башка мамилелерди талкуулоого болот”, – деди Жээнбек Кулубаев.

Ошондой эле, Жээнбек Кулубаев акыркы кездерде Араб мамлекеттери менен улам тыгыз жана ылдамдап бара жаткан мамилелерге токтолуп, бул кызматташууларды жогору баалады. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Сауд Арабияда Араб мамлекеттери менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити өткөрүлгөн. Саммитте туризм жана соода тармагында алакаларды бекемдөө маселелери талкууланган. “Баарын бир жерге, бир убакытка чогултуу – жакшы жаңы формат”, – деп баса белгиледи тышы иштер министри.

Белгилүү болгондой, акыркы учурда С5+1 форматындагы саммиттердин саны арбып барууда. Алардын алгачкысы АКШ менен Борбор Азия ортосунда 2015-жылы түзүлгөн. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.

Борбор Азиянын Кытай менен өсүп бараткан мындай алакасы Батышты да тынчсыздантып жатканы талашсыз. Ошондуктан, аймак Кытайдын таасирине толук өтүп кетпеши үчүн Батыш кыйыр түрдө өз малайларын ишке салууда. Борбор Азия – Араб мамлекеттери саммити ушул кызыкчылыктан келип чыгып уюштурулууда. Башкача айтканда, Араб өлкөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн Кытайдын Борбор Азиядагы таасирине каршы колдонуу максат кылынууда. Бул саммитти Американын кызыкчылыгы алкагында түзүлгөн “Түрк мамлекеттер уюмуна” да окшотсок болот. Бул уюмдун негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу эле.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы саммиттердин өтүшү да далалат кылып турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу бул зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here