Афганистанда Жеңиш майрамы белгиленди

2312
0

 Афганистанда Жеңиш майрамы белгиленди

Афганистан Ислам Амирлиги мамлекетте жеңиш майрамын белгиледи. АКШнын 20 жылдык баскынынан кийин афган мужахиддери бийликти колго алганына толук 2 жыл болду. Мамлекетте дем алыш күнү деп жарыяланган жеңиш күнү ар түрдүү иш-чара жана куттуктоолор менен белгиленди. Бул жолдо кан төккөн жана куугунтуктарга дуушар болгон мужахиддер эскерилди.

Жеңиштин эки жылдыгына байланыштуу Афганистан бийлиги тарабынан жарыяланган куттуктоодо душмандын үстүнөн жеңишке жеткирген Аллах Таалага шүгүрлөр айтылды жана ушул жеңиш афгандыктар эле эмес, бүтүндөй Ислам үммөтүнүн сыймыктануусуна себепкер болгону белгиленди.

Куттуктоодо жалпы жонунан: “Баскынчы күчтөргө каршы 20 жылдык жихад жана жеңиш – бул Афганистан калкы жана бүтүндөй Ислам үммөтү сыймыктана турган акыйкат. Ал тургай, ал учурлар Аллахка болгон ыймандарды бекемдеди. Афганистандыктар тарыхта өз дини, мекени жана азаттыгы жолунда активдүүлүк көрсөтүштү. Бул аракеттер натыйжасында мужахид калкыбыздын эң чоң арзуусу болгон Исламий түзүмдүн күчөшү, алхамдулиллах, ишке ашты. Афганистан Ислам амирлиги өзүнүн согушкер калкынын чыныгы өкүлү катары Кудуреттүү Аллахтын жардамы жана калкынын коргоосу менен узак жана машакаттуу жолду ийгиликтүү басып өтүп, Ислам мамлекети курулушуна жана бекемделишине жол ачты. Аллахка алкыш мактоолор болсун, калк жана мужахиддердин аракеттери натыйжасында бүтүндөй мамлекет бойлоп коопсуздук өкүм сүрүүдө, мамлекетте бир жетекчилик алдында исламий өкмөт орнотулду, бардык нерсе шариятка тапшырылды. Афганистан Ислам амирлигинин жетекчилери, ырасында тирүү турган соң, шарият боюнча өз калкына кызмат кылууга, мамлекетти кайрадан куруу жана туруктуулукка жеткирүү жолунда аракет кылууга о.э. эч бир баскынчы мамлекеттин көз карандысыздыкка коркунуч туудурушуна жол бербестикке олуттуу аракет кылат”, – деп айтылат.

Комментарий: Мындан эки жыл мурда Кабулду ээлеген Талибан кыймылы Афганистанда Халифалык мамлекетин жарыялоого мүмкүнчүлүгү болуп туруп да, мындай чакырыкка оң жооп бербеди. Тескерисинче, Халифалык мамлекетин жарыялоонун ордуна Афганистан Ислам Амирлигин жарыялады. Бул аркылуу көптөгөн жылдар бою куфр калкына каршы жихад кылган жана бул жолдо көптөгөн шейиттерди берген Афганистан – бардык мусулмандардын чыныгы Ислам мамлекети эмесжалаң гана афганистандыктардын Исламий Амирлигине айланды. Анткени, мусулмандардын чыныгы Ислам мамлекети шариятты бир мамлекеттин ичинде гана колдонуу менен чектелип калбайт. Тескерисинче, тышкы саясатын да Исламга ылайык, даъватты жаюу негизине курат. Анткени, Исламды кичинекей географияга жана бир калкка чектеп коюу мусулмандардын бир бүтүн Үммөт катары биригүүсүнө тоскоол болот. Тышкы саясатта Исламий өкүмдөрдү аткарбастык болсо, куфр калкы менен келишүүгө себеп болот. Эгер Исламий башкарууну дааба кылган мамлекет куфр менен келише турган болсо, ал өзүнүн шаръийлигин жоготот.

Ошондуктан Афганистан Ислам Амирлигинин жетекчилерине, айрыкча алардын арасындагы калыс мусулмандарга кайрылып айтарыбыз, жеңишиңер Афганистан үчүн эле эмес, бүтүндөй Ислам үчүн болсун. Анткени ушул аркылуу, анын таасирин бүтүндөй мусулмандар сезсин. Ушундай болгон соң, Афганистандагы мусулмандарга эле чектелип калбастан, дүйнөдөгү бардык мусулмандарга татый турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин жарыя кылгыла жана анын көлөкөсүндө Исламий шариятка негизделген конституцияны колдонгула. О.э. тышкы саясатта да “башкалардын ишине аралашпайбыз” деп, улуттук чек ара менен чектелип калбастан, Исламды даъват жана жихад аркылуу дүйнө жүзүнө алып чыгууга бел байлагыла. Ислам Үммөтү Исламий турмушка өтө муктаж болуп турган бир учурда о.э. силер үчүн Аллахтын ансарлары болуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп турган бир учурда мындай ыңгайлуу учурду колдон чыгарып жибербегиле. Анткени, чыныгы майрам да, дүйнө жана акырет азиздигине жетүүнүн жолу да мына ушул.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here