Түркмөнстанда мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү жүрдү

714
0

Түркмөнстанда мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү жүрдү

Түркмөнстандагы Түркмөнбашы шаарында расмийлер өздөрү “ашкере динчил” деп эсептеген жарандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куръандан башка ар кандай диний адабиятты конфискациялап жатышат. Азаттыктын кабарына таянсак, 18-19-август күндөрү батыш аймакта диний адамдарга каршы иш-чаралар өткөрүлүп, анда диний китептер конфискацияланган.

Үйүндө тинтүү өткөрүлгөн бир нече киши диний мазмундагы ар кандай адабият, анын ичинде хадис китептери жана шариятка моюн сунууга чакырган башка булактарды сактоого тыюу салынганы жөнүндө эскертүү болгонун айтып беришкен. Тинтүүгө кабылган жарандын айтымында, жөнөкөй кийимдеги бир киши эки полициячы жана дин иштери боюнча бөлүмдүн жергиликтүү кызматкеринин коштоосунда эртең менен саат алтыда 6:00дө анын үйүнө келген, ал китептерди жана сандыктарды карап чыгып, бардык диний китептерди алып кеткен.

Комментарий: Борбор Азия республикаларындагы Исламга каршы күрөш жана мусулмандарды куугунтуктоо учурдагы бийликке мурдагы коммунисттик түзүмдөн мураска калган адат. Анткени, булар элдин Исламий жактан өсүшүн өздөрү үчүн чыныгы коркунуч деп билишет.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстан өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Өзбекстан жана Тажикстандан кем калбай жатат. Айрыкча саясий Исламга карата каршылыктар күчөп барууда. Бирок, Түркмөнстан жабык республика болгондуктан о.э. мамлекетте болгон окуяларды өкмөт катуу сыр сактагандыктан, ал жердеги диний туткундардын саны, алардын абалы жана канча туткун кандай көрүнүштө шейит кылынганы жөнүндө жетиштүү маалыматтар жок. (Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү, Башкырстан университетин аяктаган Аннаев Бегенч Хыдырович шейит болгону жөнүндөгү кабар сыяктуу, кээде айрым маалыматтар сызылып чыгып калууда. Бул тууралуу «Борбор Азия» маалымат агенттиги кабарлаган). Ошондой болсо да, Түркмөнстан абактарында исламий туткундардын саны көп экендиги айтылат. Укук коргоочулар берген маалыматка таянсак, күчөтүлгөн режимдеги “Овадан-Депе” түрмөсүндө эле жүздөгөн диний туткундар бар. Аларга жакындары менен жолугушууга, тышкарыдан бир нерсе киргизүүгө тыюу салынган.

Мамлекеттин күч түзүмдөрү тарабынан 50 жашка чейинки мусулмандардын сакалын мажбурлап алдыруу, андан соң арак ичип, чочко этин жегенге  мажбурлоо, буга моюн сунбаган ыймандуу мусулмандарды катуу таяктап, эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап салуулар да Түркмөнстан өкмөтүнүн Исламга каршы чабуулдарынан болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматкерлер жана аскер кызматкерлери үчүн намаз окуу сыяктуу ибадаттарга тыюу салынган. Буга моюн сунбагандар дароо иштен алынышат жана ар түрдүү материалдык жана физикалык кысымдарга кабылышат.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү кеңири болушуна карабастан, мусулмандарга жер тар болуп калды. Анткени, мусулмандар мындан 100 жыл мурда өз калканынан ажырап калышкан. Ошондуктан, мусулмандар диний баалуулуктары жана Исламий үрп-адаттарына амал кылуу маселесинде тоскоолдуктарга дуушар болууда. Динине толук бойдон амал кылууну каалаган мусулманга дароо “террорист”, “экстримист” же “сепаратист” тамгасы басылат. Качан гана мусулмандар өздөрүнүн калканы болгон Халифалык мамлекетин кайрадан тикелемейинче, бул паскеч жетекчилердин зулумунан эч качан кутула алышпайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here