Орусиянын Украина боюнча позициясы менен Швеция жана Финляндия боюнча позициясынын ортосундагы айырма

3575
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Орусиянын Украина боюнча позициясы менен Швеция жана Финляндия боюнча позициясынын ортосундагы айырма

Суроо:

Украина  НАТОго кирүү ниетин ачыкка чыгарганда Орусия эмне үчүн Украинага каршы аскерий кадам таштады? Ал альянска чындап кирген Финляндияга каршы эч кандай согуштук аракеттерди көргөн жок жана блокко кирүү мезгил талабы болгон Швецияга каршы эч нерсе кылган жок?

Жооп:

Жоопту тактоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: биз буга чейин Орусиянынын Украинага согуш жарыялоого түрткөн себептер тууралуу көп нерселерди айтканбыз:

  • 2004-жылдын 24-январындагы суроо-жоопто айтканбыз:

“Украинага келе турган болсок, ал Россия менен тыгыз байланышта жана маанилүү союздашы болуп саналат, андан тышкары өзүн орус санаган украиндер бар. Алар орус тилинде сүйлөшөт жана орус улутундагылар алардын басымдуу бөлүгү, өзгөчө Украинанын чыгышында жашагандар…”.

  • 2010-жылдын 20-мартында чыккан суроо-жоопто айттык:

“603 миң 700 чарчы километр аянтты ээлеген жана 48 миллион калкы бар Украина стратегиялык жактан Кара деңизде жайгашкандыгы менен айырмаланат. Ал энергия линияларынын, өзгөчө жаратылыш газынын линияларынын өтүшү менен айырмаланат. Ошондой эле, ал Европаны Азия менен байланыштырган жайгашкан орду менен да өзгөчөлөнөт…”.

  • 2013-жылдын 23-майында чыккан суроо-жоопто айтканбыз:

“Ал эми, Орусияга келсек, Украина ал үчүн эң маанилүү өлкөлөрдүн бири, эгер ал аны жоготсо, Батыш түздөн-түз Орусиянын чек араларында болот. Анткени, Украина Европа тараптан аны коргоочу калкан сыяктуу. Экономикалык маанилүү ордун эске албаганда, орус газ куурлары Украина аркылуу Батышка өтөт. Россия Украинаны камтыган Советтер Союзунун аймагында өзүнүн гегемониясын калыбына келтирүүнү талап кылып жатканы да белгилүү…”.

  • 2014-жылдын 22-февралында чыккан суроо-жоопто  айттык:

“Ал эми, Орусияга келсек, Украина ал үчүн эң маанилүү өлкөлөрдүн бири, эгер ал аны жоготсо, Батыш түздөн-түз Орусиянын чек араларында болот. Анткени, Украина Европа тараптан аны коргоочу калкан сыяктуу. Украина Москвадан болгону 300 км алыстыкта ​​жайгашкан. Бул Орусиянын Украинага кийлигишүүсүнүн себеби… Бул, бир жагынан. Башка жагынан алганда, Украинада орус аскер базасына караштуу Кара деңиз флоту жайгашкан. Украина бир жагынан Европа менен Орусияны байланыштырган көпүрө болсо, экинчи жагынан алардын ортосундагы буфердик аймак”.

  • Биз 2021-жылдын 22-декабрында чыккан суроо-жоопто айттык:

“Украина – Россиянын алдыңкы бакчасы. Ал Орусия үчүн Орто Азияга окшобойт, мисалы Орто Азия жайгашкан жери, улуттук курамы, дини жана тарыхы боюнча арткы бакча болуп эсептелет. Украина Орусия жана анын эл аралык аброю үчүн алдыңкы линия болуп саналат. Украина Кара деңизге чыгып турат жана аны көзөмөлдөйт. Ал эми, Советтер Союзунун алсыздыгы аны Чыгыш Европадан буфердик зона катары таштап кетүүгө аргасыз кылган болсо, Орусия НАТОнун Чыгыш Европага жылышына карабай жок дегенде коңшулары Украина менен Белорусь НАТОнун кооп-коркунучтарынан жана анын согуштук машинасынын чыгышка карай илгерилешинен обочолонтуп турган аймак менен камсыз кылышын каалайт. Орусия бүгүн Украинанын НАТОго кирүүсүн же анын колдоосун болтургусу келбейт”.

Экинчиси: Мунун баары Орусия үчүн Украина канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Тагыраак айтканда, Путин 2022-жылдын 21-февралында сүйлөгөн сөзүндө айткандай, Украинаны дээрлик көз карандысыз мамлекет деп эсептебейт. Путин белгилегендей, “Украина жөн эле коңшу өлкө эмес, ал биздин тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана моралдык мейкиндигибиздин ажырагыс бөлүгү. Алар биздин  жолдошторубуз, кесиптештерибиз, досторубуз гана эмес, алар  биздин кан аркылуу байланышкан туугандык байланышыбыз болгон туугандарыбыз…”. (Анадолу агенттиги, 23.02.22). Ошондой эле, Орусия географиялык жана стратегиялык жайгашуусу жана демографиялык түзүлүшүнө байланыштуу Украинаны НАТОдон бөлүп турган буфердик аймак б.а. кызыл сызык деп эсептейт. НАТОнун ага кирип келүүсүн каалабайт. Путин НАТОнун Украинага өз күчтөрүн жана курал-жарактарын жайгаштыруусуна каршы экенин эскертип мындай деди: “Украинага НАТОнун аскердик инфраструктурасын кеңейтүү Орусия үчүн кызыл сызык жана катуу жооп берүүгө  алып келет”. (Noon Post, 12.04.21).

Ал эми, Орусия Украинаны өз колуна кайтара албагандан кийин, 90-жылдардын башында Кара деңиз флотун бөлүү маселесиндеби, же Россиянын аймагынан Европага газды ташуу үчүн СССР Украинанын ичинде курган узун жана кенен газ куурлары маселесиндеби, же орус рыногу Украинанын түшүмдүү жерлеринен өндүрүлгөн кантка жана майларга өтө муктаж болгон коммерциялык маселелердеби, же Украинанын Европа Биримдигине жана НАТОго карата тенденциясы пайда болгондон кийинки маселелердеби, айырмасыз, Украинаны колго ала албаган соң, Путин Орусияны супер держава катары эл аралык статуска кайтарат деп эсептеп, акыркы жол катары аскердик күчкө өттү. Путин Америка Кытай маселеси менен алек, ошондуктан Орусия Украинага кол салса унчукпай турат деп эсептеген. Айрыкча, Путин саясий келесоолугунан жана мегаломаниясынан (улуулук элесинен) улам Америка Кытай менен алек болуп, Украинага көңүл бура электе Украинга тез эле үстөмдүк кылам деп ойлогон. Натыйжада, Америка Украина маселесин негизги маселе катары кабыл алып, аны аскердик техника менен камсыздап, аскерлерине аскердик машыгуу өткөрдү. Америка артына Европаны мобилизациялап, акыркы украин жана орус солдаты калгычакты согушту тутандырды жана анын жоокерлери алыстан күзөтүп турушат!

Үчүнчүсү: Орусия иш жүзүндө альянска кошулган Финляндияга каршы эмне үчүн эч кандай аскерий чараларды көргөн жок, ошондой эле, альянска кирүү мезгил талабы болуп турган Швецияга каршы эч кандай аракет кылган жок, дегенге келсек. Буга жооп төмөнкүчө:

  • Орусияга Швеция кошуна болбосо да, Финляндияга кошуна болсо да, белгилүү болгондой географиялык жана демографиялык абалы, тарыхы, үстөмдүк кылуу, экономикасы жана коопсуздугу жагынан Украинага окшош эмес. Ошон үчүн, бул эки мамлекет Орусия үчүн Украинадагыдай өлүм-өмүр маселеси эмес. Мындан тышкары, Орусиянын бул эки өлкөгө көз карашы такыр башкача. Орусия Украинаны – Путиндин жогоруда айтылган билдирүүлөрүндөгүдөй – андан толук көз карандысыз өлкө катары карабайт. Айрыкча, ал бир мезгилде Советтер Союзунун курамында болгондуктан. Финляндия менен Швециянын вакыйы башкача. Финляндияга келсек, ал 1995-жылдан бери Евробиримдиктин мүчөсү, Финляндия 2023-жылы НАТОго кирген. Ал эми, Швеция НАТО менен тыгыз мамиледе жана алар дайыма биргелешкен машыгууларды өткөрүп турушат. Швеция 1995-жылы Евробиримдикке кирген Евробиримдиктин НАТОго кирбеген алты мүчөсүнүн бири. Ошондуктан, Орусиянын бул өлкөлөргө карата Украинага жасагандай кол салууга формалдуу болсо да шылтоосу жок.
  • Орусия азыр Украинада оор абалда, андан чыга элек жана бул вакый аны жаңы согушка киргизе койбойт. Анын Украинага каршы согушу бир жарым жылга жакын убакытка созулуп, ушул кезге чейин ийгиликке жетише албагандыктан, ал өз күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүнүн кудуретин да түшүнүп турганы чындыктан алыс эмес. Ошондуктан, Орусия Украинанын жана аны колдогон Батыштын алдында алсыз абалда турганда анын жаңы согушка кириши азыркы шартта күмөн.
  • Ушул сыяктуу эске сала кетчү бир прецедент (окшош окуя) бар. Мурунку Варшава келишиминин өлкөлөрү Польша, Венгрия, Болгария, Румыния, Эстония, Литва жана Латвия (мурунку Советтер Союзунун бир бөлүгү) 1997-жылдан бери альянстын кеңейүү толкунунда НАТОго кошулганда Россия алсыз болгон жана Советтер Союзунун кулашынын калдыктарынын башаламандыгынан али арыла элек жана анын ыдырашынын кесепеттерин тартып, ал кесепеттерден али толук чыга элек болчу. Саясий жана экономикалык жактан ири өлкө катары турукташа элек эле. Ошондуктан, Орусия ал мамлекеттердин альянска кирүүсүн алдын алуу үчүн Батышка каршы турууга чамасы келбеди. Анын сыңарындай, Орусия анын шарттарына багынып берүүсү үчүн Украинага жасаган чабуулу ийгиликсиз болуп, анын үрөй учурган аскерий алсыздыгын көрсөттү. Анын аброю да, кадыр-баркы да солкулдап, токсонунчу жылдардагыдай болуп калды. Ошондуктан, Орусия азыркы аскердик алсыздыгы себептүү учурда Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна жана алардын позициясына каршы боло албайт.

Орусиянын Украинага карата позициясы менен Швеция менен Финляндияга карата позициясынын ортосундагы айырмачылык жөнүндө элес ачык-айкын болду деп үмүттөнөм.

                                                                                                        

26-мухаррам, 1445-х.

13-август, 2023-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here