Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

3992
4

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бир аптага созулган жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду. Кабарда келишинче, бул иш-чара жалпы жонунан достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөн. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара узундугу 950 километрден көбүрөөк. Азырынча тараптар 626 километр боюнча долбоордук тактоо, сүрөттөп чыгуу иштерин жасаганы айтылууда. Кыргызстан министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү билдиргендей, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек чек аранын узундугу 290 километр.

Буга чейин, өкмөттүк комиссиянын сүйлөшүүсү учурунда Тажикстан тарап 1924-1927-жылдагы картаны пайдаланууну сунуштаганы айтылган.

Комментарий: Кыргызстан менен Тажикстандын расмийлери эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого канчалык аракет кылышпасын, алардын бул аракеттери чек ара көйгөйүн чече албайт. Себеби, чек ара маслеесин чечүү булардын өздөрүнө эле тиешелүү маселе эмес, бул аталган мамлекеттерге таасир өткөрүп жаткан жетекчи мамлекетке тиешелүү маселе.

Белгилүү болгондой, 1991-жылы СССР кулаган соң Орто Азия мамлекеттери ортосундагы көптөгөн чек ара тилкелери талаштуу аймакка айланып калды. Себеби, бул мамлекеттер ортосунда тартылган чек аралар – келечекте кайра биригип кетпеши үчүн – атайылап ушундай белгиленген. Мындан тышкары “Анклавдык жана эксклавдык аймактар” аталышы менен бир мамлекеттин аймагында жайгашкан, бирок башка бир мамлекеттин жери болуп эсептелген аймактар да бар. Мисалы, Өзбекстанга караштуу Шахимардон, Сох, Чон-Гара жана Жангайл анклавдары Кыргызстандын ичинде жайгашкан. Кыргызстандын Барак анклавы жана Тажикстандын Сарвак анклавы болсо Өзбекстандын ичинде жайгашкан. Т.а. жергиликтүү өкмөттөр өз ара жолугушуп, чек ара маселеси боюнча макулдашып, аймактарды белгилеп алышына эч кандай мүмкүнчүлүк калбаган.

Ушундай болгон соң, “бир метр жер мага, эки метр жер сага” деп жасалма чек ара сызыктарын делимитациялоо (мамлекеттик чек араны кошуна мамлекеттер ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен белгилеп алуу) жана демаркациялоо (мамлекеттин чек арасын атайын чек ара белгилери менен белгилеген абалда сызуу) эч кандай маселени чечпейт. Тескерисинче, булар “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуулар” менен чек араларды делимитация жана демаркациялоо аркылуу көйгөйдү чечмекчи болуп жаткандай болуп көрүнмөкчү болушса да, бирок, бул иштери аркылуу акыйдасы, дини, пайгамбары, кыбыласы бир болгон боордош элдер ортосунда көйгөйлөрдү жаратып жаткан жана керексиз чыр-чатактарга себеп болуп жаткан жасалма чек араларды бекемдөөгө гана кызмат кылат.

Негизи, чек ара көйгөйлөрү аймактарды белгилөө, талаштуу аймактарды алмаштыруу жана ортого тикендүү зым тартып, бекемдөө менен эле чечилип калбайт. Тескерисинче, бир Үммөт өкүлү болгон мусулмандардын ортосунда колонизатор кафирлер тартып койгон жасалма чек араларды жок кылуу жана колонизатор кафирлер зээнибизге сиңирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу чириген, төмөн түшүнүктөрдөн кутулуп, кайрадан Исламга кайтуу жана Аллахтын өкүмдөрүн турмушта колдонуу аркылуу гана чечилет. Бул иш болсо, Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар өз акыйдабыздан келип чыккан исламий түзүмдү турмушта колдоно турган о.э. бизди эки дүйнө бактысына алып бара турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here