Эрдоган аалымдарга насаат айтты

5386
0

Эрдоган аалымдарга насаат айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “Мусулман аалымдар делегациясын” кабыл алды. Бул тууралуу Түркиянын “Yeni Şafak” гезити кабарлады. Кабарда айтылышынча, бул жолугушуу – кайрадан президенттикке шайланган Эрдоганды куттуктоо, Ислам дүйнөсүнүн күн тартибиндеги айрым темалар боюнча сөз кылуу жана комментарий берүү, о.э. Ислам дүйнөсүндө болуп жаткан иштерге карата Түркиянын саясаты үчүн Эрдоганга ыраазылык билдирүү максатында – Ислам аалымдарынын суранычы менен уюштурулган.

Жыйында аалымдар Ислам дүйнөсүнүн алдында турган көйгөйлөр, Түркиянын мазлум качкындарга берип жаткан жардамдары, Палестина маселесинде жүргүзүп жаткан саясаты, исламофобияга каршы күрөшү жана акыркы кездерде Куръанга карата чабуулдарга каршы аткарылган иштерди айтышып, жогорудагы саясаты үчүн Эрдоганга ыраазылык билдиришти.

Президент Эрдоган да 20 жылдык бийлиги учурунда Түркиянын көйгөйлөрүнө канчалык маани берген болсо, дүйнөдөгү мусулмандардын көйгөйлөрүнө да ошончолук маани бергендигин, мында Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын “Ким мусулмандардын иши тууралуу кайгырбаса, ал мусулмандардан эмес…”, деген хадисин үлгү кылып алганын, Африка, Судан, Сомали, Мянма/Аракан, Газа, Куддус, Палестина, Ирак, Сирия жана башка мамлекеттердеги мусулмандардын башына түшүп жаткан эч бир окуяга кайдыгер карабаганын, Батыш дүйнөсүндөгү исламофобияга каршы күрөштү ар дайым эл аралык саясаттын бир бөлүгү деп эсептей тургандыгын, Ливия жана Азербайжанда жоопкерчиликти моюнга алып, боордоштордун жанында турганын, мындан кийин да Аллах Таала ден соолук жана мүмкүнчүлүк берсе, бүтүндөй адамзаттын тынчтыгы жана бакубат жашоосу үчүн мусулмандар менен кызматташарын… билдирди.

Ислам дүйнөсү өзүнүн ички келишпестик, караңгылык жана жакырчылыгына каршы күрөшө албастыгы мусулмандарды капа кыла турган негизги маселе экендигин баса белгилеген Эрдоган, бул ички келишпестиктерди чечүүдө эң чоң күч Пайгамбарлардын мураскорлору болгон аалымдар кубаты экендигине басым жасап: “Эгер аалымдар да ушул маселелерде бир тарапта туруп, биримдик жолунда аракет кылышпаса чыныгы кырсык жүз берет. Мына бүгүн Ислам дүйнөсүндөгү аалымдардын жетекчилери менен бирге турабыз. Сиздердин алдыңыздарда чоң жоопкерчилик бар. Пайгамбардын мураскорлору болгон аалымдарга өз милдеттерин эскертпеймин. Муну ар бириңер жакшы билесиздер деп ишенем… Келечекти куруу сиздердин аракетиңерден көз каранды. Айрыкча, таалимден баштап маданиятка чейин, илим-билимден баштап техникага чейин, экономикадан баштап соодага чейин, үй-бүлөдөн баштап социалдык турмушка чейин, адабияттан баштап чыгармачылыкка чейин, коопсуздуктан баштап туруктуулукка чейин, башкаруудан баштап эл аралык саясатка чейин, дыйканчылык жана мал-чарбасынан баштап шаар курууга чейинки ар бир тармакта Ислам динин толук бойдон адамдарга таанытуу жана келечек муундун зээнине сунуштоо баарыбыздын мойнубуздагы эң маанилүү жоопкерчилик болуп эсептелет. Ал үчүн биз соо-саламат пикирлешибиз жана кеңешүү менен иш кылуу маданиятын кеңири жайышыбыз керек. Даяр кадрлардан көбүрөөк пайдаланышыбыз керек. Тартипсиздик жана бөлүнүп-жарылуудан кутулушубуз, күч-кубатыбызды бириктиришибиз, кызматташтык жана ынтымакты күчөтүшүбүз о.э. ач көздүк, көрө албастык, сараңдык, текебердик жана бой көтөрүүдөн баш тартышыбыз керек. Биз индивидуалдык жана социалдык турмушта эң жакшы үлгү көрсөтүп, өрнөк болушубуз керек”, – деп аалымдарга насаат кылды.

Комментарий: Исламий өлкөлөрдүн акимдери, анын ичинде Эрдоган да, мусулмандарды Ислам Үммөтүнө жат болгон, Батыштан алынган мыйзам жана программалар менен башкарып келе жатканы эч кимге жашыруун сыр эмес. Илманийликте Эрдогандан ашып түшө турганы жок болсо керек. Ислам Үммөтүн кыйроону көздөй жетектеп бара жаткан ушул жетекчилерге насаат кылуу жана аларды акыйкат жолгон тартуу эң алгач аалымдардын милдети болуп эсептелет. Себеби, аалымдар эл-журтту коопсуздукту көздөй жетектөөчү оңдоочулар болуп эсептелишет. Алар адамдарды жакшылыкты көздөй жетектөөчү пешкадамдар болуп, кеңири коомчулук аларга ишеним көрсөтөт.

Ушундай болгон соң бул аалымдар, эгер Эрдогандын жогорудагы “Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын “Ким мусулмандардын иши тууралуу кайгырбаса, ал мусулмандардан эмес…”,  деген хадисин үлгү кылып алгандыгы” тууралуу сөзү чын болсо, эмне үчүн Палестина маселесинде армияны аттандырастан, каралап коюу менен чектелип жатканы, эмне үчүн бир тараптан (Израилди) каралап, башка тараптан аны менен сооданы рекорддук деңгээлге чыгарып жатканы, эмне үчүн яхудий күчтөрүнүн кыргындарына карабастан, аны менен мамилени нормалдаштырып жатканы жөнүндө Эрдоганды мухасаба кылышы керек эле. Негизи, яхудийлер менен мамилени нормалдаштыруу арам экендигин далилдеп отуруунун кажети жок. О.э. эмне үчүн АКШнын Ирак жана Афганистанга каршы согушунда мусулмандар тарапта турбастан, АКШнын коалициясына кошулгандыгы, эмне үчүн Түркиянын тышкы иштер министри Араканга барып, болгону ыйлап-ыйлап гана кайтып келгени, эмне үчүн ушул кезге чейин өз калкынын канкору деп келген канкор Башар Асад менен маилени калыбына келтире баштаганы, эмне үчун Аллахтын душмандарын дос тутуп жатканы, эмне үчүн Аллахтын шариятын бир четке сүрүп коюп, мусулмандар үстүнөн куфр түзүмүн аткарып жатканы жөнүндө Эрдоганды мухасаба кылып, бул жаатта ага насаат кылышы керек эле.

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө аалымдардын акимдерге карата ээлеген позициясы “пайгамбарлар мураскору” деген сыпатка татыктуу болбой калды. Себеби, бүгүнкү аалымдар Аллахтын душмандарын ачык дос туткан, үммөт душмандары менен тил бириктирип, яхудий вужудунун коргоочусуна айланган акимдердин этегин кармап, алардын Үммөттү уктатуу аракетин алкыштап жатышат.

Негизи, акимдерге да, элге да акыйкатты жеткирүү жана ар бир иштин өкүмүн баян кылуу, дүйнөдө жүз берип жаткан окуялар жараянын ачыктап берүү жана ал окуялар жөнүндөгү Аллахтын өкүмүн баян кылуу о.э. дүйнө жүзүндө Аллахтын өкүмүн орнотууга чакыруу о.э. Аллахтын өкүмүн колдоно турган Халифасыз үч күндөн ашык жашоо арам экендигин баян кылуу, эң алгач мына ушул аалымдардын милдети болуп эсептелет. Алар мусулмандарды куфр түзүмү негизинде башкарып жаткан жетекчилерди алкыштагандын ордуна өздөрүнө берилген тарыхий мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн алдыңкы сапта турушу керек эле. Мына ошондо алар чындап эле Пайгамбарлардын мураскорлору болуп, Ислам Үммөтү бүгүнкү зулматтан кутулушуна ири салым кошкон болушмак.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here