Саудия Украина кризисин чечүүгө ортомчу болот

2263
0

Саудия Украина кризисин чечүүгө ортомчу болот

         Сауд Арабия Украина согушун токтотуу үчүн ортомчулук кылат. Ушул максатта 5-6-августта аталган өлкө Украина конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар жазды.

         Маалыматка ылайык, Жиддада өтө турган “Украина тынчтык жолугушуусу” деп аталган конференцияга 40 өлкөдөн келген өкүлдөр катышат. Бирок, конференцияга Украинага согуш ачкан Орусия чакырылган жок. Ал эми, Украина согушу башталганына бир жыл өткөндөн кийин позициясын өзгөрткөн Кытай конференцияга катышарын ырастады.

         Буга чейин Украина бул жолугушуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” деп аталган демилгесинин алкагында өтөрүн билдирген. Украина расмийлеринин айтымында, конференцияда төмөнкү темалар талкууланат:

– Өзөктүк курал, азык-түлүк жана энергия коопсуздугу;

– Украинанын Орусиядагы туткундарынын баарын бошотуу;

– Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо;

– Орусия күчтөрүнүн Украина жеринен чыгарылуусу;

– Чыңалуунун күчөп кетишин алдын алуучу чаралар;

– Согуштун бүткөнүн жарыялоо.

         Ал эми, Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирүүсүндө,  Орусия Саудияда өтө турган конференцияны жакындан күзөтө турганын айтты. “Украина кризиси аягына чыгышы үчүн кадам таштабаган жана сүйлөшүү столун кабыл албаган тарап Киев бийлиги” деди Песков.

         Украина кризисинен улам келип чыккан бир катар көйгөйлөр буга чейин АКШ кол баласына айланган Түркия аркылуу жүргүзүлүп жаткан. Эми Америка өзүнүн малайы Салман аркылуу буга параллел түрдө экинчи форматты ишке салууда. Саудия 2022-жылы Украина согушу башталган учурда OPEC+ саммиттери аркылуу Орусияга жакын көрүнүүгө аракет кылган. А бирок, турмуш чындыгы Саудия Америка көрсөтмөсү аркылуу иш тутуп жатканын көрсөтүүдө. Айрыкча, конференцияда талкуулана турган темалар АКШ кызыкчылыгынан келип чыкканы айдан ачык. Бул болсо, Вашингтондун каалоосуна ылайык беренелер кабыл алынганга чейин тынчтык жолугушуулар болбой турганына ишара кылат. Башкача айтканда, Америка Орусияны өз каалоосуна моюн сундурганга чейин согушту токтотуу ниети жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here