Кыргызстанда ажырашкан үй бүлөлөр көбөйдү анын чечими кандай?

1087
0

Кыргызстанда ажырашкан үй бүлөлөр көбөйдү анын чечими кандай?

         Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлиги никеге турган ар бир төртүнчү жубай эки ача жолго түшкөнүн маалымдады. Ушул жылдын алты айында эле никеге турган 19 347 жубайдын 5 814ү ажырашкан. 2021-жылы Кыргызстанда никеге тургандардын жалпы саны 46 848ди түзүп, алардын 11 миң 105и эки ача жолго түшкөн болчу. Ажырашуу коомубузда негизги көйгөйгө айланып, анын артынан пайда болгон проблемалар да арбып барууда. Мындан улам, өлкөдө жана дүйнөдөгү ажырашуулардын себептерине, анын Исламдагы чечимдерине токтолуп өтөбүз.

         Бүгүнкү күндө дүйнөнү глобалдык ысыктык кандай оор абалга кептеп жатса, үй бүлөлөрдүн ажырашуусу коомдо андан да оор көйгөйлөрдү пайда кылууда. Үй бүлөлөрдүн ажырашуусуна себеп катары алкоголдук ичимдиктер, маң зат колдонуу, зомбулук жана зынакорлук сыяктуу бир катар факторлор айтылып келет. Алгач ушул факторлорго токтолуп, андан соң жалпы көйгөйдүн чечимин баяндап өтөлү.

         Мас кылуучу ичимдиктер менен баңги заттардын натыйжасы окшош болуп, колдонгон адамдын акылын аздырат. Булар үй бүлөнү бузуучу негизги факторго айланып калганы талашсыз. Муну өзүбүздүн айланабыздагы ажырашуулардан да байкасак болот. Айрыкча, көпчүлүк кылмыштар мас абалындагылар тарабынан жасалат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө жылына орточо эсеп менен 30 миңдей кылмыш катталат. Бишкек сыяктуу негизги шаарлардагы кылмыштардын 55%ы мас абалындагы адамдар тарабынан жасалган. Ал эми, үй-бүлөлүк зомбулуктун 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын Ички иштер министрлиги маалымдаган. Ал эми, Кыргызстанда баңги заттарына расмий түрдө уруксат берилбесе да өлкөдө 10 миңден ашык адам баңгизатка көз каранды абалда каттоодо турат. Мындай көз карандылыктан жыл сайын 200дүн тегерегинде адам көз жумат. Үрөй учурган кылмыштардын көпчүлүгү баңгиликтин айынан жасалат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү пайдага негизделген капиталисттик түзүм менен жашашат. Ошондуктан, коомдун акылын бузуп, үй бүлөгө оор кесепетин тийгизип жатса да, мамлекетке пайда алып келген үчүн арак заводдоруна кеңири уруксат берилген. Ал эми, баңги затка мыйзамда тыюу салынган менен аны да бийлик ээлеринин өзү калкалап, атайын схемалардын негизинде ташууга жол ачышат. Муну дүйнөдөгү 800 млрд долларлык баңгизат соодасы күбөлөп турат. Башкача айтканда, эл аралык сооданын 8%ы баңгизат соодасына туура келет.

          Мунун каршысында, Ислам дини акылды бузуучу ичимдик жана маңзаттарга аз же көптүгүнө карабай толугу менен тыюу салат. Алла Таала мындай дейт: «Эй момундар, хамр (мас кыла турган ичкилик ичүү) шайтандын амалынан болгон арам иш!». Бул өкүмгө моюн сунбагандарга Акыретте оор жазага кириптер болбошу үчүн шарий жаза белгиленет. Мисалы, арак ичкен адамга хад уруу важип. Анткени, Пайгамбар (с.а.в) «Кимде-ким арак ичсе, ага дарра ургула», – деген. Баңги зат колдонгон жана аны ташып, саткандар да мас кылуучу ичимдик сыяктуу дарра менен жазаланат. Демек, коомдо Ислам сакофаты жайылып, анын мыйзамдары колдонулушу үй бүлөнүн бузулушуна себеп болуп жаткан акылдан аздыруучу каражаттарды муалажа кылат.

      Үй бүлөлүк зомбулукка келсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зомбулукка ушундай аныктама берген: “Адамдын өзүнө, башка бирөөгө, тайпа же жамаатка карата атайын кылган жана натыйжасы өлүм, жаракат, психологиялык жараат менен аяктаган физикалык күч колдонуу”. Кыргызстанда жылына расмий түрдө 5000ден ашык үй бүлөлүк зомбулук фактысы катталат. Зомбулукка негизинен алсыз аялдар менен жаш балдар туш болушат. БУУ дүйнөдөгү аялдардын 35 пайызы зомбулукка учураганын жарыялаган. Маселен, АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. 2017-жылы ар үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Учурда физикалык зомбулукка экономикалык жана психологиялык зомбулуктар кошулду.

      Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс жана келечек урпак катары берилген балдар менен аялдарга карата зомбулук кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:

لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ

“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).

      Зынакорлукка келсек, үй бүлөлүү адамдардын никесиз намахрамдар менен болгон жыныстык алакасы кең жайылды. Натыйжада үй бүлөдө туруктуулук жоголуп, эркеги аялынан, аялы эркегинен шек санап жашай турган болуп калды. Капиталисттик мыйзамда эркек менен аял ыктыярдуу түрдө жыныстык алака кылышы кылмыш саналбагандыктан, мындай бузукулук дагы да кең жайылууда. Натыйжада, үй бүлөлөрдүн ажырашуусу жеңил нерсеге айланып калды.

      Мунун каршысында, Ислам үй бүлөнү курууда белгилүү чек араларды белгилеп берген. Зынакорлукка карата катуу жаза белгилөө менен катар жалган доомат кылгандар да жазасыз калбайт. Алла Таала айтат:

وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنٰٓى اِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةًۜ وَسَٓاءَ سَب۪يلاً

Зынаага жакындашпагыла! Себеби (бул) бузукулук – эң жаман жол” (Исра: 32). Жабир ибн Абдулладан риваят кылынган:

«أَنَّ رَجُلاً زَنَى بِامْرَأَةٍ فَأَمَرَ بِهِ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَجُلِدَ ثُمَّ أُخْبِرَ أَنَّهُ مُحْصَنٌ فَأَمَرَ بِهِ فَرُجِمَ»

Бир киши бир аял менен зынаа кылды. Пайгамбар (с.а.в) ага дарра урууну буюрду. Кийин анын турмуш кургандыгынын кабары келди эле, аны ташбараң кылууга буюрду”. Алла Таала айтат:

َالَّذِينَ يَرْمُونَ الْمُحْصَنَاتِ ثُمَّ لَمْ يَأْتُوا بِأَرْبَعَةِ شُهَدَاء فَاجْلِدُوهُمْ ثَمَانِينَ جَلْدَةً وَلَا تَقْبَلُوا لَهُمْ شَهَادَةً أَبَدًا وَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

Таза аялдарды (зынаакер) деп жаманатты кылып, кийин (бул сөздөрүнө) төрт күбө келтире албаган адамдарга сексеи балак ургула жана эч качан алардын күбөлүктөрүн кабыл кылбагыла!(Нур: 4).

         Ооба, мас кылуучу ичимдиктер, баңги заттар, зомбулук жана зынаакорлук үй бүлөлөрдүн ажырашуусуна таасирин тийгизген факторлор. Бирок, бүгүнкү күндөгү ажырашуулардын негизги себеби, капитализмдеги дүйнө карашка байланыштуу. Капитализм аялга «пайдалануу керек болгон товар» деп карайт. Ошондуктан, аялдардын үй бүлөдөгү табигый ролун өзгөртүү үчүн гендердик теңдик, аялдар укугу шылтоосу менен аялдарды көчөлөргө алып чыкты. Анткени, капитализм пайданы өзүнө негизги өлчөө кылып алган. Муну АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун 2012-жылдын 29-июнунда “Аял жана экономика” форумунда сүйлөгөн сөзү тастыктап турат. Ал: “Аялдар жалпы жумушчу күчтүн 40 пайызын, айыл чарбадагы жумушчу күчтүн 43 пайызын, дүйнөдөгү студенттердин жарымын түзөт. Ушундай болгон соң, аялдардын экономикалык потенциалын кысуу ар бир өлкө үчүн даяр акчаны четке кагууга барабар”, – деген. Клинтондун бул сөздөрү капитализмдин акыйкатын ачык чагылдырып турат. Башкача айтканда, капитализм аялдарга үй бекеси эмес, жумушчу күч катары карайт. Натыйжада, миллиондогон аялдар үй бүлөсүн, бала-чакасын таштап, жумуш кылууга мажбур болушууда. А түгүл, гендердин теңдик идеясынын таасири ушунчалык даражага жетти дейсиң, индустриалдык өлкөлөрдө аялдардын көбү үй бүлө куруунун ордуна жалгыз бой жашоону оң көрө турган болду. Натыйжада, бул өлкөлөрдө адамдын саны тездик менен азайып барууда. Маселен, 2023-жылдын 1-январына карата жапон жарандарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 800 миң адамга кыскарды. Кытайда болсо үйлөнбөгөн жумушчулардын саны 200 миллиондон ашты. Америкада жалгыз жашоону тандагандар 40 жылдын ичинде эки эсе өскөн. Булардын баары чындыгында үй бүлө мүчөлөрүнө табигый таасирин тийгизиши талашсыз. Айрыкча, коргоосуз калган балдар үчүн таасири чоң. Анткени, көпчүлүк учурда балдар ата эненин биринде калуу менен атасынын же апасынын мээриминен алыс чоңоет. Айрыкча, жалгыз бой энелер иштөөгө мажбур болгондуктан, балдарга бөлө турган убактылары аз же жокко эсе. Буга карабастан, экономикалык жактан муктаж абалда калууга аргасыз болушууда. Каржылык жетишсиздиктен улам, ажырашкан үй бүлөдөгү балдардын саламаттыгы да дээрлик корголбогон.      Швецияда 1 миллиондон ашык бала катышкан изилдөөдө, ажырашкан үй бүлөдө чоңойгон балдарда олуттуу психологиялык көйгөйлөр менен катар өзүн-өзү өлтүрүү, ага аракет кылуу, алкоголго көз карандылык эки эсе көп катталары аныкталган. Ал эми, АКШдагы изилдөөлөр суицидге барган балдардын 63 пайызы атасыз чоңойгону белгиленген.

      Мунун каршысында Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыякту табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет. Маселен, аял мамлекет башкаруу менен үйдө кожойкелик милдетин алып баруусу мүмкүн эмес. Анткени, ар бир иштин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Буга байланыштуу Алланын элчиси ушундай деген:

كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤول عَنْ رَعِيَّتِهِ الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْؤولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا

Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал үй-бүлөсүнөн жоопкер. Аял киши өз эринин үйүндө башчы жана ал ошол үйдөгү иштерден жоопкер…”. Мына ушул жоопкерчиликти аткарганына жараша Алла алардын ар бирине сыйлыгын убада кылды. Абдуррахман ибн Авфтан риваят кылынат:

إِذَا صَلَّتِ الْمَرْأَةُ خَمْسَهَا وَصَامَتْ شَهْرَهَا وَحَفِظَتْ فَرْجَهَا وَأَطَاعَتْ زَوْجَهَا قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الْجَنَّةَ مِنْ أَيِّ أَبْوَابِ الْجَنَّةِ شِئْتِ

Аял беш убак намазын окуп, Рамазан орозосун тутуп, намысын коргоп, эрине итаат кылса, ага ушундай делет: Кайсы эшиктен кирүүнү кааласаң Бейишке ошол эшиктен кир” (Ибн Хиббан “Сахих” китебинде Абу Хурайрадан келтирген). Аял кишинин негизги иши үй кожойкеси жана энелик жоопкерчилиги болсо да, шариат ага инсан катары эркектер менен катар илим талап кылуу, байлыгынан зекет берүү, даават кылуу сыяктуу өкүмдөрдү да жүктөгөн. Ошондой эле, өзү үчүн жеке жана коомдук жайда иштөөсүн, соода кылуусун ж.б. жайиз кылган. Бул иштер анын үй кожойкеси болушуна же энелик ролду аткарышына зыян жеткирбегендиктен, шариат алардан тыйбайт. Анткени, Ислам мамлекети бүгүнкү күндөгүдөй пайданы эмес, арам жана адалды өлчөө кылат. Ошондуктан, аял кишилердин арасында иштөөнү каалагандарга ылайыктуу саатта иштөөсүнө шарт түзүп берет. Маселен, Усманий Халифалык доорунда аялдар экономикалык тармакта активдүү ролду аткарганы маалымдалат. Тарыхый жазууларда аялдар дыйканчылык, багбанчылык жерлерине жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу менен алардан түшкөн пайдаларды өздөрү колдонушканы белгиленген. 18-кылымда Алепподогу казылык каттоолорунда аялдардын мүлк сатуусуна байланыштуу иштер 63%ды түзгөнү эскерилген. Мындан маалым болгондой, Исламдын аялга карата үй бекеси жана корголуучу ар намыс катары дүйнө карашы алардын экономикалык активдүүлүгүнө зыян жеткирбейт. Тескерисинче, кандай абалда болбосун бакубат жашоосун кепилдеп берет. О.э Ислам үй бүлөлүк турмушту мээрим-мухабат үстүнө курат. Алла Таала айтат:

وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِّتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً

Анын белгилеринин дагы бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы…” (Рум: 21).

      Ошондуктан, Ислам үй бүлө курууга чакырып, аны насилдин улануусунун кепилдиги катары сактайт. Муну менен үй бүлө кулабай турган бекем чепке айланат. Исламда жубайлар бири-бирине диндеринде шерик болуп, биринин кемчилигин экинчиси толтуруучу болуп саналат. Абу Хурайра (р.а.)дан риваят кылынат. Набий (с.а.в) айтты:

رَحِمَ اللَّهُ رَجُلًا قَامَ مِنَ اللَّيْلِ فَصَلَّى، وَأَيْقَظَ امْرَأَتَهُ فَصَلَّتْ، فَإِنْ أَبَتْ نَضَحَ فِي وَجْهِهَا الْمَاءَ، رَحِمَ اللَّهُ امْرَأَةً قَامَتْ مِنَ اللَّيْلِ فَصَلَّتْ، وَأَيْقَظَتْ زَوْجَهَا، فَإِنْ أَبَى نَضَحَتْ فِي وَجْهِهِ الْمَاءَ

“Aлла түнкүсүн туруп намаз окуган, кийин жубайын тургузган, эгер ойгонбосо жүзүнө суу чачып намаз окуусуна себеп болгон эркектен ыраазы болот. Ошондой эле, Алла түнкүсүн туруп намаз окуган, кийин жолдошун тургузган, эгер ойгонбосо жүзүнө суу чачып намаз окуусуна себеп болгон аялдан ыраазы болот”.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Ажырашуу жайиз иштердин эң жаманы катары каралган. Ошондуктан, Алланын Элчиси кызы Фатима менен күйөө баласы Али Ибн Абу Талибдин ортосунда пикир келишпестик чыккан чакта аларды ажыраштыруунун ордуна жараштырууга шашылды. Кызын үйүнө алып келип алуунун ордуна Алини издеп чыкты жана мечитте уктап жаткан жеринен тапты. Анын көңүлүн көтөрүү үчүн «Эй Абу Ториб тургун» деп тамашалады. Демек, бүгүнкү күндө кыргыз коому туш болуп жаткан үй бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу Исламды жана анын ижтимаий өкүмдөрүн жашоого алып келүү!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here