بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Баскынчы ишке ашыра албаган нерсени Фалестин администрациясы ишке ашырып берүүдө
Фалестиндин “Вафа” маалымат агенттиги хижрий 1444-жылы 30-зулхижжа, миладий 2023-жылы 18-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Фалестин ички иштер министри генерал-майор Зияд Хаб Рих: “Министрлик жана коопсуздук кызматы мыйзам жана тартипти жүзөгө чыгарууда таптакыр кайдыгерлик кылбайт”, – деп баса белгиледи. Министрдин айтымында, бул нерсе калктын азаттыкка жана эгемендүүлүккө болгон умтулуусун жүзөгө чыгарууга багытталган саясий жана улуттук өзгөргүс негиздерди сактоо, калктын улуттук долбоор жана көптөгөн жылдар бою жетишкен ийгиликтерин асырап сактоо жоопкерчилигинен келип чыгат».
Ички иштер министрлиги шейшемби күнү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: “Генерал-майор Хаб Рих өз билдирүүсүн Жанин, Тубас, Наблус, Килкилия, Тулкарм жана Силфит райондорунун жетекчиликтеринде өткөргөн текшерүү учурунда акимдер, коопсуздук кызматынын жетекчилери жана катчылар менен жолугушканда айткан. Анын бул жолугушууларынан коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери Фалестин коомунда жарандык тынчтык системасын бекемдөөдөн, тынчтыкты камсыздоодон турган өз ролун аткарышы үчүн аларды колдоп-кубаттоо көздөлгөн. О.э. ушул райондордогу коопсуздук иштеринин маңызын, алардын өнүгүү муктаждыктарын карап чыгуу көздөлгөн. Мындан тышкары, генерал-майор Хаб Рих активисттер менен жолугушуп Фалестин жетекчисинин көрсөтмөлөрүнө басым жасады. Бул көрсөтмөлөр өкмөттүн Фалестин улуттук долбоорунун жетишкендиктерин сактап калууну, мамлекеттик мекемелерди курууну жана коргоону акырына чыгаруу аракеттерине зыян жеткирүүгө каратылган ар кандай аракеттерди алдын алууну камтыйт».
Бул кабар жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өзүнүн сайтында ушуларды маалымдады: «Яхудий баскынчы армиясынын жакында Жанин качкындар лагеринде өткөргөн операциядан кийин яхудий вужуду менен Фалестин администрациясы ортосунда келишим түзүлгөнү жөнүндө көптөгөн кабарлар жана жаңылыктар тарады. Тараптар яхудий вужуду Батыш Жээктеги региондордо, өзгөчө, Жанин жана Наблуста жүргүзүп жаткан аскерий операцияларды токтотууга келишишкен. Мындан, албетте, Фалестин администрациясынын каршылыкты токтотуу, мужахиддерди куугуктуктоо жана үй-жай куруп жаткан яхудийлердин коопсуздугун камсыздоодон турган өз ролун ойношуна мүмкүнчүлүк берүү көздөлгөн… Администрация мындай ыплас ролду аткарышы үчүн айтып жаткан шылтоолорго келсек, алар башынан белгилүү болуп, коопсуздукту орнотуу, мыйзамды күчөтүү, калктын тынчтыгын сактоо о.э. яхудийлердин тынчын бузган ар кандай кишини бастыруу үчүн жасалма мамлекетче куруу ишин бүтүрүү. Булардын бардыгын актоо үчүн жалган далилдер ойлоп табышы керек, ойлоп тапты дагы. Мисалы, акыркы окуяларда Жаниндеги полиция участкасынын өрттөлүшү же кээ бир мужахиддерди коопсуздук кызматынын кызматкерлерине ок атууга үндөө сыяктуу. Эгер, администрация мужахиддерди мындай ыплас кылмышты жасоого үндөй албаса, өзүнүн тыңчыларынын колу менен жасашы да мүмкүн. Ушул аркылуу эски саясатын колдонмокчу. Анын эски саясаты мыйзамга баш ийүү жана тартипсиздикти алдын алуу деген шылтоолор менен калктын колундагы бардык курал-жаракты тартып алып, аларды келгинди яхудийлерге жана алардын танктарына каршы курулай колдору же таштар менен күрөшүүгө мажбур кылуу…».
Маалыматта дагы мындай делет: «Фалестин администрациясы пайда болгон күндөн баштап баскынчы яхудий вужудунун рычагы болуп келүүдө. Акыркы жылдарда дагы да күчөп, яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздоо үчүн Фалестин калкына жана мужахиддерге каршы күрөштө анын эң күчтүү, эң ыкчам жана эң чоң кыргын рычагына айланды. Яхудийлер “эки мамлекет” чечиминен баш тартышкандан кийин алар бул Фалестин администрациясын бекем сактап калууларына ушул гана себепчи болду. Ошондуктан, яхудийлер Фалестин режиминин кулатылбашына жана анын коопсудук кызматы сакталып калышына жан үрөп аракет кылышууда жана муну эч кимден жашырбай жатат».
Маалыматтын акырында ушулар баса белгиленди: «Чындыгында, Фалестин калкынын улуу мусибаты ушул администрация жана исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары болуп калды. Бул мусибатка чекит коюу жана баскынчы вужудду түп-тамыры менен кулатуунун жалгыз жолу – Уммат жана Умматтын кошуундары аракетке келишип, Акса мечитинин алдында такбирлерди айтуусу».
Роя гезити, №453, 2023-жыл, 26-июль.
where can i buy lasuna – himcolin for sale buy himcolin paypal
meloxicam pills – buy generic ketorolac buy toradol tablets
acticin cream – where can i buy benzac generic tretinoin gel
aygestin without prescription – careprost brand yasmin usa
order generic dostinex – cabgolin oral cheap alesse generic