Аялдардын чыныгы көйгөйү – аларга колдонулуп жаткан капиталисттик түзүмдө

1303
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аялдардын чыныгы көйгөйү – аларга колдонулуп жаткан капиталисттик түзүмдө

Батыш аялдардын проблемасы алар менен эркектер ортосундагы жумуш мүмкүнчүлүктөрүнүн тең эместигинде, эркектерден көз карандысыз болуу мүмкүнчүлүк берчү толук эркиндиктин берилбегенинде деп ойлоду. Батыштын мындай түшүнүгү эч качан оңдолгус карама-каршылыкты жаратты. Натыйжада, аялдардын азаттыгы жана көз карандысыздыгы коомдун ыкйроосуна алып келди. Муну менен коом адамдарды биримдүү кылбай турган, белгисиз тарапка бара жаткан, ахлак жана баалуулуктардан четтеген, талкаланган абалдагы коомго айланды. Аял коопсуздук эмне экенин билбеген, бактылуу болбогон робот болуп калды. Ал тургай, ал үчүн ырайымдуу жана жакшы жашоону кепилдеген баалуулуктардан башка каалоолору ишке ашып, аял жырткычтар тарабынан башкарылган маалымат каражаттарында материал катары колдонулууда. Негизи, бул жырткытардын максаты – жалаң гана дунявий кызыкчылыкка жетүү.

Биз учурдагы абалды түп-тамырынан өзгөртүшүбүз, аялдардын кемсинтилишинин түздөн-түз себепчиси болуп калбашыбыз керек. О.э. бүткүл жоопкерчиликти начарлап, курчуп бара жаткан абалга жүктөөнү кабыл алышыбыз мүмкүн эмес. Анткени, Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ اللهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾

«Аныгында, бир коом өзүн өзгөртмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт»      [13:11]

Аял кишиге намыс, кадыр-кыймат жана пакиза жашоонун негизи болгон өзүнө таандык баалуулуктарын берген Ислам бийлигин кайтаруу үчүн олуттуу аракет кылуу зарыл. Бул болсо, аялдардын адам сыпатындагы вужудун эске алып, ага өзүнө ылайык турмуш кечирүү укугун берген Ислам өкүмдөрүн колдонуу менен болот.

 Роя гезити, №452, 2023-жыл, 19-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here