«Аракеттер малайларды кулатты» жумасы: козголоңдун эрк-чечимин кайтарып алуу иш-чаралары уланат

1756
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Аракеттер малайларды кулатты» жумасы: козголоңдун эрк-чечимин кайтарып алуу иш-чаралары уланат

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосу 2023-жылы 17-июлда жарыялаган кабарга ылайык, жума күнү Халаб жана Идлибде жаңы козголоңдун аракети алкагында массалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар эки айдан мурун Хаят Тахрир Шамдын разведкасы катардагы адамдарды, аскерийлерди жана Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн бутага алган о.э. үйлөргө бастырып кирүү, үйдүн кол тийгистигин тебелөө сыяктуу бир катар кол салууларды өз ичине алган ири камакка алуу кампаниясы артынан болуп өтүүдө. Активисттер «Аракеттер малайларды кулатты» деп аталган бул демонстрациялар жума намазынан кийин Сахара, Баб, Иъзаз, Сувран жана Кафарада о.э. Батыш Атма качкындар лагеринде өттү. Бейшемби күнү Халаб жана Идлибдин 16 шаар жана райондорунда кечки демонстрациялар болуп өттү. Демонстранттар Хаят Тахрир Шамдын колундагы туткундарды азат кылууну, фронтторду ачууну жана ыңкылаптын эрк-чечими кайтарып алууну талап кылышты о.э. талаптар аткарылмайынча иш-аракеттер тынч демонстрациялар көрүнүшүндө өтөрүн баса белгилешти.

 Роя гезити, №453, 2023-жыл, 26-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here