Залимдерге берилүү (ыктоо) жана «эки зыяндын жеңили» эрежеси

1132
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб ут-Тахрир амири аалым, шайх Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы зыяратчылардын берген суроолоруна жооптор (фикхий)

Залимдерге берилүү (ыктоо) жана «эки зыяндын жеңили» эрежеси

Osama Alshanab

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Эң оболу сизге ыраазычылык билдирип, берекелүү аракетиңиздерге мактоо айтам жана Жараткан Аллах Тааладан сизди нусратты менен колдошун тилейм. Умматтын кайгысын кетирип, аны мурунку дооруна кайтуусу үчүн  Саад бин Муаз сыяктуу нусрат берүүчүлөрдү бул даъватка даярдап берүүсүн сурайм.

Менин эки маанилүү суроом бар, жооп мүмкүн болушунча деталдуу болот деп үмүттөнөм. Жарыяланган жооптор ар дайым деталдуу экенин билем, бирок мен бул маселелерди түшүнүү ар тараптуу болушу үчүн деталдуу түшүндүрмөлөрү менен көптөгөн шарий далилдерди каалаймын. Менин суроомо келсек:

Биринчи: Мусулман басып алынган жерлерде каршы жихад алып  барышы үчүн же динди колдоо үчүн залимге (мунафык болобу, фасык болобу, кафир болобу, күч-кубаты, таасири жана пайдалуу жөндөмү бар адамга) таянып, андан эмне үчүн акча же жардам суроосу жайиз эмес?

Экинчи: эгер, мен бир  мамлекетте болсом, анын калкынын көбү мусулмандар болсо, анда президенттик шайлоо болуп жатса жана бир талапкерден  башка бардык талапкерлер Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүнү каалабаса, бул талапкер Исламдын кээ бир жактарын сактап калаарын жана Аллах түшүргөн кээ бир нерселер менен өкүм кылгысы келерин билсем. Ал эми, калган талапкерлер ошол мамлекеттин кээ бир тургундарын куугунтук кыларын, Исламдын көптөгөн көрүнүштөрүн жок кылышарын, бузукулук жана дүнүйөкорлук баалуулуктарды жайылтышарын билсем. Элде айтылгандай “жамандын жеңилирегин” деген негизде ал талапкерлердин ичинен жамандыгы азырагын шайласам шарий  жактан  туура болобу? Ошол эле учурда, мусулмандардын бул кордукту токтотууга күчү жетпейт. Бул таңууланган чындык, эгер мен жаман башкарууга жол берсем, куугунтукка алып мусулман бир туугандарымды өлтүрүшү мүмкүн. А эгер мен добушумду  жамандыгы эң аз адамга берсем, анда мен Аллах түшүргөн нерсе менен башкарууну каалабаган адам башкарсын деп кабыл алган адам катары болуп каламбы?

Жооп:

Ва алайкум ассалом ва рохматуллохи ва барокатух.

Биринчи: биринчи сурооңузга келсек, анын жообу суроонун өзүндө

  • Мусулман басып алынган жерлерде каршы жихад алып барыш үчүн же динди колдоо үчүн залимге (мунафык болобу, фасык болобу, кафир болобу, күч-кубаты, таасири жана пайдалуу жөндөмү бар адамга) таянып, андан  акча же жардам суроосу  эмне үчүн жайиз эмес? – деп сурап жатасың.  Сен  “залимге таянуу” деген сөзүң менен кудум Аллахтын бул аяттындагы айтылган нерсеге ишаара кылып  жаткандайсың:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антсеңер, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                    [11:113]

Аяттан зулумдук кылгандарга таянуунун харамдыгына ишарат кылынганы ачык көрүнүп турат, анда мунун жайиздигин кантип сурайсың?!

  • Куртубинин тафсиринде бул аят боюнча төмөнкүчө айтылган:

“Анын төрт маселеси бар: биринчиси – Алла Тааланын сөзү: “وَلا تَرْكَنُوا” (“таянбагыла”).  “Таянуу” – бул бир нерсеге таянуу, сүйөнүү, унчукпай ага ыраазы болуу. Катада айтат : «Алар менен дос болбо, аларга баш ийбе» дегени. Абу аль-Аалия айтат: Алардын амалдарына ыраазы болбоо.  Булардын бардыгы маанилеш…

Үчүнчүсү, Анын сөзү: “إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا” (“зулум кылгандарга”). Айтылды: Ширк ээлери. Айтылды: Адатта алар  баш ийбегендер.  Ушул мааниде Аллах Таала айткандай: “وَإِذا رَأَيْتَ الَّذِينَ يَخُوضُونَ فِي آياتِنا” (“Эгерде биздин аяттарыбызга (шылдыңга алып келекелеп) тереңдеп киргендерди көрсөң”). Бул тууралуу мурда айтылган. Бул аяттын мааниси боюнча туура түшүнүк – кафир жана баш ийбеген адамдардан, бидъат ээлеринен жана башкалардан кол үзүүгө ишарат кылат. Анткени, алар менен бирге отуруу куфр жана баш ийбестикти билдирет. Себеби, алар менен бирге отуруу бир гана аларды дос жакын тутуудан келип чыгат…

Төртүнчүсү, Алла Тааланын: “فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ” (“силерди тозок оту кармайт”). Башкача айтканда, силерди күйгүзөт. Алар менен аралашып, сырдашып коштоп жүрүү менен алардын (Аллахтын аяттарына) каршы пикирлерине, иштерине унчукпай макул болуу менен силерди тозок оту кармайт…”.

Бул аяттын тафсиринен көрүнүп тургандай, залимге кайрылуунун, таянуунун, сүйөнүүнүн харам экендиги шексиз. Залим кафир болобу же баш ийбеген мусулман болобу, айырмасы жок. Зулумга таянуу – зулумду ыраа көрүп, ага таянуу, ага моюн сунуу, ага ыктоо, сүйөнүү, аны мактоо жана зулумуна унчукпоо ж.б.у.с.. Мунун баары рукунга (таянууга) кирет жана асыл аят менен тыюу салынган.

3 – Сиздин сурооңуз боюнча, залим – кафир аким болушу мүмкүн, азыркы мусулман акимдериндей Исламдан башка нерсе менен өкүм кылган баш ийбеген аким же мунафык болушу мүмкүн…

а) Эгер, аким кафир болсо, андан жардам суроо шарият боюнча жаиз эмес, жада калса жихад кылуу үчүн андан акча алуу да харам. Анткени, андан акча алуу албетте андан акча алган тараптын үстүнөн бийлик берүүгө алып келет. Айрыкча бул согушуп жаткан жамааттарда жана элдик кошуундарда бул көзгө көрүнөрлүк көрүнүш. Алар каржылаган өлкөлөрдүн барымтасына айланышат. Алардын чечимдери узурпацияланат. Себеби, кимде-ким иштин чындыгынан кымындай да кабары бар болсо, ал өлкөлөр каржылаган акчасын садага катары бербей турганын түшүнөт. Дүйнөдөгү ар кандай мамлекет өзүнүн жарандарынан башка тарапка жардам катары берген акчанын баарын белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн берет жана ал жардам алган тараптын кызыкчылыгын эч качан ойлобойт… Демек, жеке адамдардын, топтордун жана элдик кошуундардын кафир чет өлкөлөрдөн жихад үчүн акча алып, баскынчы менен согушуулары албетте чет элдик менен болгон байланыш жана саясий жанкечтилик. Бул нерсе кафирлерге мусулмандардын үстүнөн үстөмдүк берет.  Аллах Таала айтат:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»                                [4:141]

б)   Ал эми, мусулман өлкөлөрүндөгү азыркы акимдердин вакыйы  сыяктуу асий (Аллахтын өкүмүнө моюн сунбаган) акимдер болсо сыртка жардам берүүдө кандайдыр бир максаттарга жетүү үчүн гана берет. Бул максаттар көбүнчө кафир мамлекеттердин сызып берген пландарына кирет, себеби мусулман акимдер кафир колонизатор мамлекеттердин малайлары… Демек мусулман өлкөлөрүндө кандайдыр бир аким менен байланышып, андан жардам жана колдоо алган жамаат аны каалагандай башкарган акимдин колундагы куралга айланат. Шамда көптөгөн жамааттар жана уюмдар региондогу өлкөлөр тарабынан аларга берилген ыплас саясий акчага көз карандылыгына күбө болуп жатабыз… Шам жергесинде жардам алып жаткан бул жамааттар аларга аң казып ыплас саясий жардам берип жаткан тараптарды четке какпастан, тескерисинче аларды мактап, аларга берилгендигин көргөзүп жатышкандыктарына күбө болуп жатабыз… Албетте, булардын баары да харам, анткени мусулмандардын укуктарына жана максаттарына жетүүдө кайдыгерликке алып келип, жардам берип жаткан залимдин кулу жана Умматка, динине чыккынчы кылып коёт.

4 – Аллах жолунда жихад жана динди колдоо кафир акимдерден же залим акимдерден жардам суроо менен болбойт. Анткени, кафир акимдер мусулмандардын душмандары, уммат аларга каршы туруп, аларга каршы күрөш алып баруулары важиб. Аларга каршы жихад кылуу алардан жардам алуу деп элестетилбейт. Бул ачык көрүнүп турган карама-каршы нерсе. Тескерисинче, жихад жана динди колдоо – бул Умматка таянуу жана аны күч-кубат булагы кылып алуу менен болот.

Мусулман өлкөлөрүндөгү залим акимдер – кафирлердин колундагы курал.  Мусулман адамдын кафирлер менен күрөшүү жана динди колдоо үчүн кафирлердин колундагы курал болгон залим мусулман акимдерден  жардам алып жатканын кантип элестетүүгө болот? Алар Уммат душмандары кафирлердин колунда арзан курал болуп, Умматка эң оор азаптын даамын таттырып, чынчыл мужахиддер менен калыс даъватчыларга каршы күрөшүп жаткандыктарын уланытып жатышса?!

Экинчи: экинчи сурооңузга келсек:

Биз буга чейин 2010-жылы 29-августа эки жамандыктын жеңили (же сиз өз сурооңузда айткандай: “жамандын жеңилиреги”) эрежеси жөнүндө кеңири жооп бергенбиз. Бул анын тексти:

“Эки жамандыктын жеңили же эки зыяндын жеңили” деген эреже.

Бул бир катар факих аалымдардын ою боюнча шаръий өкүм. Аны карманган аалымдардын ою боюнча, бул бир маанини билдирет, бул эки харам амалдын бирин жасоого уруксат дегенди… Башкача айтканда, эки харамдын жеңилин кылуу дегенди. Эгерде, мукалаф адам (шарий фарз моюнунуна жүктөлгөн адам) эки харамдын бирин гана кылууга кудуретти жетсе. Экөөнү бирдей таштап койууга кудуретти жетпесе. Анткени, экөөсүн бирдей таштап койуу анын мүмкүнчүлүгүнөн тышкары.

Аллах Таала айтат:

﴿لَا يُكَلِّفُ اللهُ نَفْساً إِلَّا وُسْعَهَا

«Аллах эч бир жанды мүмкүнчүлүгү жетпеген нерсеге буюрбайт»                          [2:286]

﴿فَاتَّقُوا اللهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ

«Ошондуктан, күчүңөр жеткенче Аллахтан корккула»                                          [64:16]

Тактап айтканда, бул өкүмдү айткандардын ою боюнча, харам иштерден тыйылуу мүмкүн болбосо гана  колдонулат. Башкача айтканда, эки харамды бирдей таштоо мүмкүн болбостон, бир чоң харамды кылууга түртө турган  иш болуп жеңилирек харамды кылуу иши. Ошондой эле, бул аалымдар эки жамандыктын жеңилирээгин напсилерге карап эмес, шаръий өкүмгө карап коюшат. Бир жанды сактоого караганда эки жанды сактоо маанилүү, экөөнө карганда үчөө маанилүү ж.б.у.с. Өзүн сактоо мал-мүлкүн сактоодон жогору турат. Дарул Исламды сактоо динди сактоого кирет жана өзүн жана байлыгын сактоодон да жогору турат. Жихад жана Ислам мамлекетин сактоо диндин эң ​​биринчи зарыл нерселериндеги сактоого кирет. Аалым Шатиби  «Мувафакатта» мындай деген: “Жандар урматталат жана сакталат жана аларды тирүү сактап калуу талап кылынат. Андыктан, эгер иш жанды сактап калуу менен мал-мүлкүн жок кылуунун ортосунда болсо, же жанды жок кылуу менен мал-мүлктү сактап калуунун ортосунда болсо, анда жанды сактап калуу ылайыктуураак…”.

Бул аалымдардын эрежени колдонууда келтирген мисалдары:

  • Эненин төрөтү кыйындап, энени да, түйүлдүктү да сактап калуу кыйындаса. Анан тез чечим кабыл алуу муктаждыгы жаралса: же энени сактап калуу бул түйүлдүктүн өлүмүн талап кылат же түйүлдүктү сактап калуу бул эненин өлүмүн талап кылат. А эгер, алардын биринин өлүмү экинчисин куткарыш үчүн амалсыз калтырылса, же экинчисинин өлүмү аркылуу бирин куткарып калуу амалсыз калтырылса, экөөнүн тең өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Андай учурда эки жамандыктын женилиреги же харамдын харамы азыраагы же эки зыяндын кичинеси деп айтылат. Бул учурда бул куткарылгысы келген адамды, башкача айтканда энени куткара турган иш-аракетти кылынат, бул аракет экинчисин өлтүрүүгө түртүп жатса да.
  • Эгер бир адам башка бирөө тарабынан сууга чөктүрүлүүгө же өлтүрүлүүгө дуушар болсо. Же анын денесине жана органдарына катуу зыян келтирүү болсо, же зына үчүн аялга кол салуу болсо, бул жамандыктарды алдын алууга кудурети жете турган эсеп-кысаптуу адам бул иштерди токтотууга аракет кылса, ошол эле учурда, ал адамдын убактысын өткөрүп жибериши мүмкүн болгон фарз намазы бар болсо. Же ал адам бул  харам иштерди токтотууга  аракет кылат да  өз милдети болгон  фарз намазын аткаруудан куру калат. Же фарзын аткарат да бул харам иштер болуп кетет. Экөөнү тең  бир убакытта кылууга убакыт жетпейт. Бул жерде эреженин колдонулушу келет. Салыштыруу тартиби дагы шарият тарабынан камсыздалып, жогоруда айтылган тыйуулар алдын алынышы жогоруда аталган фарзды аткарууга караганда көбүрөөк ишеничтүү. Эки фарзды чогуу аткаруу мүмкүн болсо, анда фарз болот.
  • Булар жана эки имам – Аллах аларды ырайым кылсын – Аль-Газали жана Иззеддин бин Абдул-Салам айткан башка мисалдарда эки жамандыктын жеңилиреги эрежесин кантип ишке ашыруу керектиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле, ал өкүмдөрдүн ортосундагы балансты да көрсөтөт. Иззеддин өзүнүн «Кавааидул-ахкам фи масалих аль-анам» китебинде мындай деген: “Эгер таза эле жамандыктар чогулуп калса, аларды кайтарууга мүмкүн болсо, биз аларды кайтарабыз. Ал эми , кайтаруу мүмкүн болбосо, анда биз эң жаманды жаман менен, эң төмөндү төмөн менен кайтарабыз…”. Анан мисалдарды келтирип мындай деди: “Мусулманды өлтүрүүгө мажбурлануусу, эгер баш тартса өлтүрүлөт. Өлтүрүлүүгө сабыр кылуу менен өлтүрүүнүн жамандыгын алдын алуусу керек. Анткени, анын өлтүрүлүүгө болгон сабыры, аны жасоого  караганда зыяны азыраак… Башкача айтканда, ал башканы өлтүрбөстөн өзү өлүп кеткенинин зыяны азыраак. Бул эки жамандыктын же эки харамдын жеңилин тандап алууга ачык мисал, анткени ал эки иштин биринен да  кутула албайт, эгер ага эки жамандыкты же харам ишти жасабоо мүмкүнчүлүгү табылса, анда сөзсүз түрдө ошондой кылуу важиб болот”.

Ал дагы бир мисалда мындай деди: «Эгер, ал жалган күбөлүккө  өтпөсөң же жалган өкүм чыгарбасаң , өлтүрүлөсүң деп мажбурланса, ошол эле нерсе колдонулат. Эгерде, мажбурлоо аны өлтүрүлүшүнө жалгандан  күбөлүк кылуу, же өлүм жазасына тартуу, же бир мүчөсүн кесүү, же харам жыныстык катнашты баштоо үчүн боло турган болсо күбөлүккө өтүү да, өкүм берүү да жаиз эмес. Анткени өлтүрүлүүгө моюн сунуу мусулманды күнөөсүз өлтүрүлүшүнө, же кылмышы жок эле бир мүчөнү кесип салынышына, же харам жыныстык катнашты баштоого себеп болуудан жакшыраак…». Тактап айтканда, же өлтүрүлөсүң, же башка бирөөнүн өлүмүнө алып баруучу, же анын бир мүчөсүн кесип салууга, же анын ар-намысына шек келтире турган жалгандан күбөлүк берсиң делсе, күбөлүк берүүсү жаиз эмес, бирок өлтүрүлүүгө сабыр кылуусу жакшыраак. Анткени  анын өлтүрүлүшүнө моюн сунуусу жалган күбөөлүк бергени себебтүү башка бир мусулмандын өлтүрүлүшүнөн жакшыраак…

Тактап айтканда, эки харамдын же эки жамандыктын жеңили менен амал кылуу абалы эки харамдын баарынан сактанууга же алардын баарын кайтарууга кудурети жетпеген абал.

Булар эки жамандыктын жеңилин  колдонууну эрежесин айткан аалымдардын айткан мисалдары. Сарай уламалары кожоюндарынын айткандарына жараша же мусулмандарды адаштырып шаръий өкүмдөрдөн тайышын каалагандар тарабынан айтылган мисал эмес….

Тиги харам бул харамдан жеңилирек өкүмүн колдонгондор- камалып кетиштен же жумушунан бошоп калуудан корккондугун айтып актанса, анда бул өкүмдөн эмес.

Ошо сыңарындай эле, бардык мамлекеттик кызматтарды бузукулукка калтырбайлы, анткени өкүмдү аларга тапшыруу чоңураак харам, ошондуктан биз куфр өкүмдөрүнө харам болсо да ага катышабыз дегендер. Бул эреженин туура колдонулушунун көрүнүшү эмес, тескерисинче кафир араккана ачып, ал акча тапкандын ордуна аны биз ачып, андан акча табабыз дегенге окшош…

Адам эки харам нерсеге туш келсе, бирок экөөнөн тең тыйыла турган мүмкүнчүлгү бар абалда эки харамдын жеңилин колдонуу эрежесине кирбейт. “Ал светтик, кафир, адепсиз болсо да, баланчаны шайла, же баланчаны колдоп, башканы колдобо” дегендердин сөзү сыяктуу. Анткени, биринчиси бизге жардам берет, экинчиси бизге жардам бербейт же ушуга окшогондор. Бул жерде айтылган: бизге сунушталган эки маселе тең харам, ошондуктан светтик бир адамды шайлоого да, аны бир мусулмандын пикирине өкүл кылып дайындоо да болбойт. Анткени, ал Исламды карманбагандыктан, мыйзам чыгаруу, харам долбоорлорду бекитүү сыяктуу өкүлгө уруксат берилбеген харам иштерди жасаганы үчүн. Харам нерселерди талап кылуу, кабыл алуу жана ээрчүү сыяктуу. Жалпысынан жакшылыктан тыйып, жамандыкка буюруйт. Демек, алардын бирин да шайлоо жаиз эмес. Анткени, тигини же муну тандоо харам. Тигини же муну шайлабоо мүмкүнчүлүктүн ичине кирет.

Мусулман адам кабылган бул эки харам, ал экөөнөн тең тыйыла мүмкүнчүлгү бар. Ошондуктан, ал өзүнүн каалоосуна жараша эки харам амалдан тыйылуу кыйын деп, алардын жеңилин атайылап тандоосу “эки жамандыктын жеңилин” колдонуу эрежесине кирбейт! Тескерисинче, шарият өкүмдөрүнө ылайык мүмкүн болушунча, бардык тыюулардан сактануу важиб.

Бул “эки жамандыктын жеңили” же “эки зыяндын кичирээги”  эрежесинин колдонуу көрүнүшү мурунку суроо-жооптун цитатасы бүттү.

Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, Аллах – Билүүчү жана Даанышман.

 

Бурадарыңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                          

23-зулхижжа, 1444-х.

                                                                                                                

11-июль, 2023-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here