Эрдоган НАТОго мүчө мамлекеттерден террорго каршы күрөшүүнү талап кылды

2424
0

Эрдоган НАТОго мүчө мамлекеттерден террорго каршы күрөшүүнү талап кылды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Литвада өткөн НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери саммитинен кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирүү берди. Ал билдирүүсүндө “Террор” темасында сөз кылып, НАТОнун курамындагы союздаштардан террорго каршы күрөшүүнү талап кылды. О.э. ал НАТОнун курамындагы айрым мамлекеттердин Түркия назарында ашынган террорчу уюмдардан болуп эсептелген PKK (Курдистан Жумушчулар Партиясы) жана анын Сириядагы канаты YPG (Сирия демократиялык күчтөрү) менен мамилесин сынга алды.

Эрдоган: “Биримдик – бул биз эле эмес, бардык союздаштар тарабынан өздөштүрүлүшү керек болгон принцип. Айрым союздаштарыбыздын Сирияда PKK-YPG менен орноткон мамилелери уюмдун биримдигине зыян жеткирүүдө. Бул жандашууга эч кандай логикалык түшүндүрмө жок. Акыркы жылдарда башыбыздан өткөргөн ооруларга карабастан, терроризмге каршы күрөш жөнүндө дагы деле сөз кылып жатышыбыз аянычтуу. Биз 40 жылдан бери сепаратисттик терроризмге каршы күрөшүп келе жаткан мамлекетпиз. Азыркыга чейин террордук уюмдардын чабуулдары себептүү миңдеген жарандарыбыз өлүп жатат. Эмне болушуна карбастан терроризмге каршы күрөш биздин милдетибиз. Мындан кийин бардык союздаштарыбыздан террорго каршы олуттуу күрөштү күтөбүз”, – деп террорго каршы күрөшкө өзгөчө басым жасады.

Комментарий: Эрдоган билдирүүсүндө баса белгилегендей, Түркия өкмөтү PKK жана анын Сириядагы канаты болгон YPG террорчу уюмдарын өзү үчүн негизги коркунуч деп билет. Бирок кызык жери, террорго каршы күрөштө Түркиянын союздашы болгон НАТОнун курамындагы айрым мамлекеттер мына ушул PKK жана анын Сириядагы канаты YPG террорчу уюмдарын колдоп келишет. Ал тургай,  НАТОнун негиздөөчүсү жана Түркиянын эң жакын союздашы болгон Америка да ушул террорчу уюмдар менен союздаш экендигин ачык моюнга алат. Түркиянын президенти Ак үйдө конок болуп турган учурда АКШ расмийлери аталган уюмдар менен өнөктөш экендигин Эрдогандын өзүнө да айткан эле. Американын 5000 жүк машина жана учактар аркылуу  YPG уюмуна курал-жарак менен аскерий жабдыктарды жөнөтүшү  жана Эрдогандын АКШга карата “Эй Америка! Сен бизге доссуңбу же террористтергеби?!” дегени баарыбызга белгилүү. Ал тургай, мына ушул саммит өткөрүлүп жаткан күндөрдө да Америка тарабынан жөнөтүлгөн 100дөй аскерий техникадан турган аскерий жабдыктар YPGнын көзөмөлүндө болгон аймакка жетип келди. Бул тууралуу “Анадолу” маалымат агенттиги кабарлады.

Түркия террорго каршы күрөштө НАТОнун курамындагы АКШ жана Европа мамлекеттери менен союздаш болсо да, бирок алар Түркияга коркунуч туудуруп жаткан PKK\YPG террордук уюмдарын колдоп жатышса, бул союздаштыкты кандай түшүнсө болот?! Демек, бул абал Түркия өкмөтү Америка үчүн эл көрсүнгө эле союздаш экендигин, негизи Түркия өкмөтү Американын кызматкери экендигин тастыктап турат. АКШ башчылыгында крестүү батыш мамлекеттери тарабынан уюштурулган НАТОнун курамында калкы мусулман болгон жападан-жалгыз мамлекет Түркия ушул кезге чейин НАТО союзунан кыпындай да жакшылык көргөн эмес. НАТОнун курамында Америкадан кийин эң ири аскерге ээ болгон Түркия мамлекети 70 жылдан ашуун убакыттан бери НАТОнун ыпылас кызыкчылыктарына гана кызмат кылып келди. Мисалы, НАТОнун сабында туруп Афганистанда шерменде милдеттерди аткарды. НАТО күчтөрүнө өз жеринен аскерий базалар жана аэродромдорду ачып берүү менен Шамдагы кандуу чабуулдарга жардам берди. НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Солтенберг 2014-жылы 9-октябрда «Мен Түркиянын Афганистан жана Косоводогу ролун о.э. афган күчтөрүн машыктыруу, жардам жана кеңеш берүү боюнча келечекте аткара турган ролун жогору баалаймын. Түркия НАТОнун коопсуздугун коргоодо негизги таяныч болуп калуу үчүн биз менен кызматташууну улантат деп үмүттөнөм” деп айткан эле.

Негизи эң чоң кордук – бул азиздикти Аллахтан эмес, Анын душмандарынан издөө. Алардын алдында кордуктан башка нерсе жок. Төрт кылым бою Халифалыкты өз боорунда сактаган, дүйнөдөгү биринчи мамлекет макамына көтөрүлгөн жана жеңилгис кошуунга ээ болгон Түркиянын бүгүнкү күндө азизлик жана улуулукту Аллахтын душмандарынан күтүп жатышы чыныгы кордук эмеспи?

Эгер Түркия мурдагы азиздик жана улуулук макамына кайтууну кааласа, НАТО, БУУ жана башка Исламий өлкөлөргө көз арткан эл аралык мекеме-уюмдарга таянбастан, жалгыз Аллахка сүйөнүшү жана Исламга кайтышы керек. Анын алдында мындан башка жол жок. Анткени, ал көптөгөн кылымдар бою Ислам менен гана азиз болуп келди. Демек, Түркия бир ирмем да убакытты колдон чыгарбастан, дароо НАТО блогунан чыгышы, Европа союзуна кирүү үчүн жалынбастан, керек болсо Европа сюзунун өзү чакырса да, аны катьий четке кагышы, анын ордуна Исламий Үммөттүн ажырагыс бир бөлүгү болгон өз калкы менен биргеликте Исламий турмушка кайтышы керек. Мына ошондо гана Түркия мурунку азиздигин кайрадан тикелеп, бүтүндөй Үммөттү азиздикке алып чыгышы мүмкүн.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here