Шайлоого катышпагандарга айып салынат
Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлду. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көтөрүүдө. Анын айтымында, бул мыйзамдын иштелип чыгышына соңку жылдары добуш берүүчүлөрдүн саны азайып баратканы себеп болгон. Олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушталып жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 39,75%ы, парламенттик шайлоого 34,93%ы катышкан. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда шайлоого катышкан көпчүлүк жарандар “баарына каршы” добуш бергени себептүү аталган райондордо кайрадан шайлоо өткөн. Ал эми, бир мандаттуу №26 Ленин округунда 28-майда өткөн шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 13,95%ы гана келген.
Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы шайлоону байкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Анткени, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Ар бир тармак артка кеткени аз келгенсип, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз.
Түпкүлүгүндө, демократиялык шайлоого баруу кудум саманканада жоготкон ачкычын бакчада издеген адам сыяктуу. Икая кылынышынча, Насреддин хожанын бакчада ачкыч издеп жатканын көргөн коңшулары ага кошулуп ачкычты издеп башташат. Бирок, издеп таба алышпай акыры андан ачкычты каерден жоготконун сурашат. Ошондо, ал ачкычты бакчада эмес, саманканада жоготконун айтат. Бул жоопко таң калган коңшулар ачуулана саманканада жоготкон ачкычты эмнеге бул жерден издеп жатканын сурашат. Буга Насреддин хожа: “Бул жер жарык жана издеген оңой. Саманканадан издеген кыйын жана ал жер караңгы”,- деп жооп берет.
Бүгүнкү күндө үммөттүн жоготкон баалуулуктарын демократиядан издеши чоң жаңылыштык. Ал жерден таба албашыбызды билип туруп издөө мындан да чоң ката. Анткени, демократия жалаң гана алдоолордон турат. Маселен, демократия – бул калктын бийлиги дешет. Калк түздөн-түз өзүн башкара албагандыктан, алар жетекчини өздөрүнөн өкүл катары шайлай турганын айтышты. А бирок, практикада бул мүмкүн эмес экенин көрүп жатабыз. Тагыраагы, шайлоолор акчалуулар менен бийликти колунда кармагандардын кызыкчылыгына ылайык өткөрүлө турганын, мыйзамдар мына ушул бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын көрүп келатабыз. Алар дагы демократия – бул эркиндик дешет. Түпкүлүгүндө, бул дагы алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, эркиндик – кулдун кожоюнунан азат болушун билдирет. Башкача айтканда, адамдын өзү каалаган нерсесин каалаган учурда жасоосу. Мындай эркиндик коом ичинде жашап жаткан адамда болушу мүмкүн эмес. Анткени, коом ичинде адам эрежелерге моюн сунууга мажбур болот жана эрежеге моюн сунбагандар жазаланат. Мындан улам, Батыш муфаккирлери демократияга жаңы аныктама берип: “Мыйзамдар уруксат берген чек ара ичинде каалаганыңды жасоо укугу” дешти. Бул аныктамага карай турган болсок, тарыхтагы бардык коомдор кайсы бир мыйзам негизинде жашаган жана мыйзамдар уруксат берген чек арада өздөрү каалаган нерсени жасашкан. Демек, өзгөргөн эч нерсе жок. Болгону, мыйзам ичиндеги эркиндиктер кеңейди. Тагыраагы, арам-адалга карабай ичип-жегенге, каалаган нерсеге сыйынууга, эркек-эркекке, аял-аялга турмушка чыгуусуна, а түгүл жаныбарлар менен турмуш курууга уруксат берилди. Коррупция, сүткорлук, уурулук менен жашоо кечирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Байыркы феодал жана кул ээлөөчүлөр сыяктуу эле бүгүн да азчылыкты түзгөн капитал ээлери мыйзамдарды белгилей турган болушту.
Демократиялык түзүмдүн тарапкерлери дагы көпчүлүктүн добушу чечүүчү күчкө ээ экендигин айтышат. А бирок, Кыргызстанда өткөн шайлоолор бул куру сөз экендигин далилдеп койду. Эгер алар айткандай “көпчүлүктүн” пикири эсепке алынса, шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгү катышпаган шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылышы керек болчу.
Алар дагы шайланган башкаруучу жалпы калктын жетекчиси экенин айтышат. Бул дагы акыйкаттан алыс. Анткени, демократияда партиялар башкаруучу жана оппозициялык болуп экиге бөлүнөт. Натыйжада коом да бийликти колдогон жана ага каршы болуп экиге ажырайт. Мындай абалда, бир тараптын талаптары орундалбай калышы табигый. Маселен, ЛГБТга каршы сөздөрү, намаз окуганы үчүн көпчүлүктүн добушуна ээ болгон президенттин абалын карап көрөлү. Ал кызматка келиши менен шайлоочуларынын бул багыттагы талаптарын аткарууга, тагыраагы, ЛГБТ өкүлдөрүнүн иштерине тыюу салган мыйзамдарды ишке ашырууга аракет кылат. Муну менен коомдун бир бөлүгү болгон азчылыкты куугунтуктоого туура келет. Тескерисинче, биздин өлкөдө жыныс эркиндиги камсыздалган. Алар да коомдун бир бөлүгү дей турган болсо көпчүлүктүн талаптары орундалбаган болот. Демек, мусулмандар аста-секин шайлоо аркылуу жеңишке жетишебиз деген ой да алдоодон башка нерсе эмес.
Мына ушундай алдоолордон көңүлү калган мусулмандарды добуш берүүгө мажбурлап, айып салуу аларга карата зулумдук болуп эсептелет. Экинчи тараптан, демократтар айтып жаткан “тандоо эркиндиги” жомок экенин ачык көрсөтүп турат. Андыктан, мындай алдоолор кишенине түшүп калуудан этият болушубуз шарт. Умар разияллаху анху айткан: «Мусулман алдабайт да, алданбайт дагы». Расулуллах ﷺ айтат:
«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»
«Момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт».
Негизи Ислам бүгүнкү демократиялык системага толугу менен карама-каршы келет жана анда адамдын мыйзам чыгаруусуна эч бир орун жок. Алла Таала айтат:
“Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт”.
Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар болуп, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого өз талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Мунун шарты – Ислам жана өкүмдөрү шайлоодо негиз болушу.
Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар шайлоо деген жалганга алданбашыбыз, аны менен алек болуп калбашыбыз шарт. Ошондой эле, ага катыштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге катуу каршы турушубуз зарыл. Ушундай кылмышкер режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу болсо кылмышкерлердин өмүрүн узартат. Себеби, шайлоолор бизди улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бүгүнкү бузукулук жана коррупцияга баткан режимди жана аларды колдоп-кубаттап келген империалисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна Исламды жашоого алып келүү. Аллахтан Ислам үммөтүн туура өзгөрүү жасоо нээматы менен сыйлашын, акимдердин айла-амалын жана адашууларын бизден алыс кылышын сурайбыз.
Мумтаз Маверанахрий